Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:26

Путин бешинчи ирет президенттикке талапкер болуп катталды


Владимир Путин.
Владимир Путин.

Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн 29-январда Владимир Путинди президенттикке талапкер кылып каттаганын расмий жарыялады.

Азыркы мамлекет башчы Путин ушуну менен президенттикке бешинчи жолу аттанууда. Конституцияга киргизилген, эксперттердин сынына кабылган өзгөртүүлөргө ылайык, бул кызматка 2000-жылы киришкен жетекчи эми бешинчи да, алтынчы да жолу шайлоого катыша алат.

Путин өзүн өзү көрсөткөн талапкер катары катталды. Бул үчүн ал өлкөнүн бардык аймактарынан жалпысынан 300 миңден кем эмес кол топтошу зарыл болчу. Борбордук шайлоо комиссиясы текшерүү үчүн тандап алган 60 миң колдун арасынан 91и жараксыз деп таанылган. Бул 0,15% түздү. Орусиянын шайлоо мыйзамына ылайык, каттоого албай коюуга мындай көрсөткүч 5% ашса негиз болот.

«Свобода» радиосу белгилегендей, Путин үчүн кол топтоо көптөгөн мыйзам бузуу менен коштолду. Мисалы, кол топтоого участкалык комиссия аралашпашы керек деген талапка карабастан Санкт-Петербургда ошондой факт катталган. Аймактарда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кол топтоонун жүрүшү тууралуу маалымат бергенде, мыйзамдагы тыюуга карабастан, Путинди ачыктан ачык мактап, ага үгүттөшкөн.

Путинди мыйзам бузуулардан улам каттоого албоо талабы менен Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жолдонгон. Ага Орусиянын түрдүү деңгээлдеги азыркы жана мурдагы депутаттарынан 26 киши кол койгон.

Президенттикке талапкер болуу ниетин 11 адам билдирген. Буга чейин алардын үчөө – «Новые люди» партиясынан Владислав Даванков, КПРФтен Николай Харитонов жана ЛДПРден Леонид Слуцкий катталышкан.

Кол топтоо 31 январда аяктайт. Добуш берүү 15-17-март күндөрү өтөт. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG