Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:43

"Крокус Ситидеги" чабуулдун курмандыктары 143кө жетти


24-мартта Орусияда "Крокус Сити Холлдогу" окуяга байланыштуу Аза күтүү
24-мартта Орусияда "Крокус Сити Холлдогу" окуяга байланыштуу Аза күтүү

28-мартка караган түнү Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги "Крокус Сити Холл" борборуна болгон чабуулда набыт болгондордун тизмесин толуктады. Бул кандуу окуяда каза болгондордун саны 143кө жетти.

Аталган мекеменин расмий сайтында тизме соттук-медициналык изилдөөнүн тыянагына жараша түзөтүлүп турары эскертилген.

27-мартта күнү ооруканага жеткирилгендердин бири каза болгонун Орусиянын саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко билдирген.

Министр дагы төрт бейтаптын абалы өтө оор экени, 19 адамдын, алардын арасында үч баланын да абалын дарыгерлер оор деп мүнөздөп жатышканы, 34ү орточо оор абалда экени маалымдалды.

Буга чейин Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кол салуудан кийин дайынсыз болуп жаткан кыргызстандык эки кыз - Эдита Жусупова менен Маиза Гүлжигит кызынын аты-жөнүн каза тапкандардын болжолдуу тизмесине кошкон.

22-мартта Москванын чет жакасындагы "Крокус Сити Холл" борборунда концертке барган көрүүчүлөргө кол салуу болгон.

Федералдык коопсуздук кызматы 11 киши кармалганын маалымдаган. Алардын сегизи тергөө абагына камалды. Камалгандардын жетөө тажикстандыктар, бирөө теги кыргызстандык экени белгилүү болду. (AiA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG