Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:28

Бишкекте жаңы аялдаманын талкаланышы боюнча милицияга маалымат берилди


Бишкектеги аялдама. Мэрия тарткан сүрөт.
Бишкектеги аялдама. Мэрия тарткан сүрөт.

Бишкектеги Чүй жана Манас проспектилеринин кесилишиндеги жаңы курулган аялдаманы белгисиз адамдар кайрадан талкалап кетишти. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, жаңы форматтагы аялдаманын эшиги күч менен ачылып, айнеги сындырылган. Учурда жагдайлар такталып, милиция териштирип жатканы айтылды.

Буга чейин Ч.Айтматов проспектиси менен И.Ахунбаев көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан аялдама талкаланып, белгисиз адамдар эшикти сындырып, ичиндеги сыналгыны уурдап кетишкен.

Өткөн жылдан бери борбор калаадагы аялдамалар оңдоло баштаган. Бишкек мэриясы коомдук транспорт токтоочу аялдамалары бир типте курулуп, көлөмү жагынан гана айырмаланарын билдирген.

Бишкектеги аялдамалар талапка жооп бербей турганы, коомдук автоунаа күтүп турган адамдар жаан-чачында, ысык-суукта баш калкалашы мүмкүн эместиги буга чейин айтылып, сындалып келген.(КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG