Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:00

Корумду - Балбай жолунун курулуш иштери апрелде башталат


Корумду - Балбай жолунун курулушуна даярдык. Транспорт жана коммуникация министрлиги тараткан сүрөт.
Корумду - Балбай жолунун курулушуна даярдык. Транспорт жана коммуникация министрлиги тараткан сүрөт.

2024-жылдын 1-апрелинен тартып Ысык-Көл айланма жолунун Корумду - Балбай Баатыр участогунун 104-чакырымынан 184,5-чакырымына чейин реконструкциялоо долбоору боюнча курулуш иштери башталат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 28-мартта кабарлады. Маалыматка караганда, учурда башкы подрядчы "Чайна Роуд энд Бридж Корпорейшн" компаниясы техникаларды, жабдууларды жана кызматкерлерди мобилизациялоо, бактарды кыюу иштерин жүргүзүүдө. Ошол эле учурда подряддык базанын жана консультанттык кеңсенин курулушун да аяктап жатат.

"Каттамдын болжолдонгон багыты учурдагы жол менен өтөт жана III техникалык категориядан (эки тилкелүү) II техникалык категорияга (төрт тилкелүү) кеңейтилет, ошондо жол тилкесинин туурасы 21,6 метрди түзөт. Автомобиль жолу Ысык-Көл районунун Корумду айылынан башталып, аягы Түп районунун Балбай баатыр айылын камтыйт. Маршрут 17 калктуу конуш аркылуу өтөт. Долбоорго ылайык кээ бир участоктордо көп сандаган дарактарды кыюуга туура келүүдө. Бул жолдун техникалык параметрлеринин жогорулашына ылайык II техникалык категория үчүн трассанын огун түздөө аркылуу геометриясын, каршы келе жаткан кыймылдын көрүнүшүн жакшыртуу, ошондой эле ылдамдыкты чектөө сыяктуу талаптарга шайкеш келтирүү керек", - деп белгилеген министрлик.

Аталган мекеме долбоордо жолду жашылдандыруу каралганын, кыйылган бактардын ордуна 1:3 пропорциясында жаңы бак-дарактар отургузуларын белгилеген. Жолдун оң жагына жакшы көрүнүү үчүн, ошондой эле муз болгон мезгилде жолду жакшы жарыктандыруу үчүн жапыз өскөн бак-дарактардын түрлөрү отургузулат.

Буга чейин социалдык тармактарда көлдүн күнгөй жагында жолдун жээгиндеги теректердин кыйылып жатканы сынга кабылган.

2020-жылы Сауд Арабиясы менен Кыргызстандын ортосунда кабыл алынган келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол коюлган.

Долбоордун алкагында 2025-жылдын аягына чейин көл жээгиндеги автожолдун Корумду - Балбай Баатыр айылдарынын ортосундагы 104-184,5 чакырымдарында машинелер төрт катар болуп өтө алгыдай жол тийиштүү инфратүзүм менен кошо салынары айтылган.

Жолду жаңылоо долбоорун ишке ашырууга жалпысынан 128 миллион доллар талап кылынат. Анын 35 миллионун Сауд өнүктүрүү фонду насыя түрүндө 25 жылга беш жылдык жеңилдетилген мөөнөт менен берет, жылдык пайыздык үстөгү 1% болот.

Калган 93 миллион долларын Кувейттин араб экономикалык өнүктүрүү фонду, Абу-Даби өнүктүрүү фонду, Ислам өнүктүрүү банкы жана Мунай экспорттоочулардын эл аралык уюму (OPEC) бөлүп берет. Мындан тышкары кыргыз өкмөтү 12 миллион доллар өлчөмүндө каржылайт. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG