Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:41

Орусиядан бир жылда 180 миңдей кыргызстандык кайтты


Москва шаары. Архив сүрөт.
Москва шаары. Архив сүрөт.

Тышкы иштер министрлиги бир жылда Орусиядагы кыргызстандык мигранттардын саны дээрлик 180 миңге же 30% азайганын билдирди. Былтыр 14,4 миң адам кайтып келсе, 4,6 миң киши чет өлкөгө чыгып кеткен.

Москвадагы "Крокус Сити Холл" борборундагы кол салуудан кийин борборазиялык мигранттарды текшерүү күч алды. Айрымдары Орусияга киргизилбей, аэропорттон эле артка кайтарылууда.

17-апрелде Шереметьево аэропортунда кыргызстандык 20 жаран Москвага өтө албай турганы белгилүү болду. Маалыматка ылайык, алар паспорттук текшерүүдөн түрдүү себептерден улам өтпөй калган.

"Элчиликтин кызматкерлери аэропортто турган кыргызстандыктар менен байланышып жатат. Учурда аларды жакынкы каттамдар менен Кыргызстанга жиберүү маселеси каралууда", - деп билдирди ТИМдин басма сөз кызматы.

Өткөн аптада Орусиянын Свердлов облусунда орус паспортун алган 900дөн ашуун мурдагы мигрант аскердик каттоого тургузулганын "Интерфакс" агенттиги Тергөө комитетине шилтеме кылып жазды. 2024-жылдын башынан бери аталган аймакта орус паспортун алып, бирок аскердик каттоого турбаган 1340 киши аныкталган. Рейд маалында аларга дароо аскер комиссиариатына жолдомо тапшырылган. Андан тышкары ушундай эле рейддер Екатеринбург, Нижний Тагил, Первоуральск, Богданович жана Сухой Лог шаарларындагы негизинен мигранттар топтолгон жайларда - жашылча-жемиш базарларында, жатаканаларда жүргүзүлгөн.

"Досум согушка алып кетеби деп коркту"

Хамидулло Узаков 10 жылдай Орусияда иштеп жаткан досу жакында эле Москвада жаңы ачкан кафесин жаап, Кыргызстанга кайтып келүүгө аргасыз болгонун жазды. Буга "Крокус Сити Холлдогу" окуя, андан кийинки текшерүүлөр негизги себеп болгон. "Орусияда жашоо кооптуу болуп калды. Өлсөк өз мекенибизде өлөлү", - деп жазган досу. Хамидулло досунун Орусиядан кайтып келген себебин "Азаттыкка" айтып берди.

"Досум 10 жылга чукул Орусияда ашпоз болуп иштеп жүрдү. Кафе ачып иштеткенге, документтерин жасоого оңой болот экен деп орус жарандыгын алган. Орусия Украинага кол сала баштаганда эле Кыргызстанга кайтып келип, үйлөнүп-жайланган. Согуштан улам Ошто ашпоз болуп иштеп жаткан. Бирок бул жактагы акча тиричилигине толук жетпегендиктен Москвага кайтууга аргасыз болду. Барганына эки ай эле болгон. "Крокус Сити Холлдогу" окуялардан кийин жаңы ачкан кафесинде соодасы жүрбөй калыптыр. Кардарлар кирбей койгон. Киргендерди текшерүү күчөгөн. ОМОНдор бастырып кирип, бир-эки жолу алып кеткенден кийин Кыргызстанга кайтканга аргасыз болду. Биринчиден, орус жарандыгында болгону үчүн согушка алып кетип калат деп кооптонду. Экинчиден, күчөтүлгөн текшерүүлөр жаңы эле ачкан бизнесине таасирин тийгизди".

Биздин маектешибиз Хамидулло классташтарынын көбү Орусияда эмгектенерин, соңку окуяларга байланыштуу алар дагы кайтып келүүнү пландап жатканын кошумчалады:

"Алардын көбү такси айдайт. Рейд күчөгөндөн бери айрымдары сакалын кыскартып салды. Аябай кооптуу болуп жатат деп айтышууда. Көбү ушул айда кайтып келет. Айрым кеңселерде иштегендер көчөгө чыкканда текшерүү болуп жатканын айтышууда. Шаарга чыкканда токтотуп, телефондорун текшерген учурлар болгон. Ошондуктан "азырынча Вотсаптагы топтордон чыгып туралы, телефондорду текшерип жатат" деп чыгып кетүүдө. Айрымдарына текшерген учурда согушка чакырган баракчаларды бериптир. Бардык документтери болгонуна карабай, полиция бөлүмүнө алып барып, ошол жерде согушка азгырган учурлар болуптур. Досторумдун көбү бул үчүн өз өлкөбүздө соттолуп кетебиз дешсе, кыжаалат болбогула керектүү акчаңар менен жарандыкты жеңилдетип берели деп айтышыптыр. Бирок ошол эле мигранттар арасында Европага кетүү жолдорун сураштыргандар да көп".

Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) маалыматы боюнча, миграцияда жүргөн кыргызстандыктардын саны 2024-жылдын биринчи кварталында 655,5 миң кишини түзгөн. Бул сан 2022-жылы 837 миңдей деп белгиленген. Чет өлкөгө иштегени чыккандардын айрымдары атайын консулдук каттоодон өтпөгөндүктөн, эксперттер иш жүзүндөгү сан расмий көрсөткүчтөрдөн айырмаланарын белгилешүүдө. Расмий маалыматтарга таянсак, чет өлкөдө жүргөн мекендештердин саны 1,5 жылда дээрлик 200 миңге жакын азайган.

Ошол эле учурда Орусиядагы кыргызстандыктардын саны дагы бир жылда дээрлик ушунча, тагыраагы, 175 миңдей кыскарган. Алсак, 2022-жылы Орусияда миграциялык каттоодо турган жарандардын саны 587 миңден ашса, 2024-жылдын биринчи кварталында 411 миңге кыскарган. ( 2023-жылдын алты айында 408 448 болгон).

Таксист Расулду чочулаткан текшерүүлөр

Расул Орусияда таксист болуп иштечү. Ал марттын башында Кыргызстанга келип, кайтып барган эмес. Буга соңку текшерүүлөр дагы себеп болгонун жашырган эмес. Расул Москвадагы тааныштарынын бир тобу ушул эле себептен кайтып жатканын белгиледи:

"Азыр Орусияда документ жасатуу кыйын болуп калыптыр. Менин тааныштарым ошол себептүү кайтууга аргасыз болгонун айтып жатышат. Кыргызстанда эле жан багыш керек болуп калды. Ал жакта жүргөнүмө сегиз жыл болгон. Өзүм үйдүн кенжесимин. Ошондуктан апамдын жанында, Кыргызстанда эле болууну чечтим. Азыр Орусия мурдагыдай эмес, айлыктар деле аз. Акчанын күчү кетип, курсу түшүп, жакшы болбой жатат. Ал жакта мигранттарды кысымга алган көрүнүштөр көбөйдү. Рейддер катуу болуп жатат".


Өткөн аптада Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин кеңешчиси Манас Жолдошбековдун үй-бүлөсүнө карата орус полициясынын орой мамилеси мигранттарга карата жалпы жагдайдан кабар бергенсиди. Тышкы иштер министрлиги муну айыптап, нота тапшырган. Орусия тарап окуяны териштирүүнү убада кылган. Бул окуядан улам "элчиликтин кызматкерине ушундай болуп жатса, иммунитети жок жарандарга мамиле кандай болот?" деген суроо туулат.

"Көөдөнү орус, өңү кыргыз". Балдардын келечеги үчүн кайткандар

Кыргызстандын Статистика комитетинин маалыматында, миграцияда жүргөндөр арасында туруктуу жашоо үчүн кайтып келгендердин саны соңку жылдары улам көбөйүүдө.

Ишкер Акжол Келгенбаевдин Кыргызстанга кайткан себеби соңку рейд, текшерүүлөргө байланыштуу эмес. Ал балдарынын келечеги үчүн мекенине кайтканын "Азаттыкка" айтып берди. Анын билдирүүсүндө, соңку учурда жоон топ мекендештер ушул себептен улам кайтууда:

"Кыргызстанга биротоло кайтып келүүнү 2018-2019-жылдан бери эле пландап келгенбиз. Бирок биздин келишимибиз пандемия учуруна туш келип калды. Ошондо келип, биротоло калып калдык. Соңку жагдайлар, албетте, такси кызматында, жалпы эле кызмат көрсөтүү тармагында иштегендерге таасирин тийгизип жатат. Бирок кайтып келүүнүн дагы бир себеби - балдардын келечегин ойлойбуз. Ал жакта же кыргыз эмес, же орус эмес болуп чоңоюп жатышат. Ошондуктан көбү бала-чакасына карап келүүдө. Былтыр балдарын мектепке киргизе албаган көп учурлар болду. Өткөн жылы ушул багытта көп чуркадык. Балаң чоңоюп жатат, көкүрөгү орус, өнү кыргыз болуп эч нерсени түшүнбөйт. Кыргыз болоюн десе, көөдөнү окшошпойт, улуттук баалуулук, каада-салт, жети ата дегендерди түшүнбөйт, эне тилин билбейт. Орус болоюн десе, жүзү окшошпойт, арасат абалда калып жатат. Түшүнгөн адамдар үчүн негизги көйгөй ошол. Ата-энени угуп жатканда тарбиялап калуу оңой экен. Мен өзүмдүн балдарымдан деле көрүп жатам, ошондой маселелер болгон. Азыр кудайга шүгүр, чоң ата, чоң эне ким экенин, туугандарды айырмалап калышты. Комуз үйрөнгүсү, Манас уккусу келип калды. Ал жакта ата-энени сыйлоо деген жок. Ошонун айынан көп байкелер көчүп келишти. 9-10-класстагы балдарын урушса "сотко беребиз" дегендер болду. Көп жылдардан бери жүргөн мигранттардын кайтып келген себеби ошондон".

Акжол Келгенбаев сырттагы мигранттарды мекенге тартып, жумуш, турак жай менен камсыз кылуу демилгелерин колдойт. Ишкер бул маселени буга чейин дагы көтөрүп, мурдагы президенттер менен жолугушканда, "Мекендештер" форумунда дагы демилгелеген.

Келгенбаев учурда мигранттардын балдарына арналган, кыргыздын каада-салтын, нарк-насилин үйрөтө тургандай лагерлерди уюштурууну пландоодо:

"Миграция трагедия эмес, ал мыйзам ченемдүү көрүнүш деп айткандар бар. Аз болсо анча байкалбайт. Азыр 2 миллионго жакын кыргыз, болгондо дагы каруу-күчкө толгон, акылы тунук эр азаматтар, кыз-келиндер кетүүдө. Кыргызстан жумушчу даярдап берген заводго окшошуп жатабыз. Мисалы, Орусия колунан жумуш келбеген майыптарды, жашы жете электерди, карыларды киргизбейт. Чет өлкөнүн баары эле ошондой. Кыргызстандын 2 миллионго жакын жараны чет өлкөдө мигрант болуп жүрөт. Ар бир үй-бүлөдө жок дегенде үчтөн, алды 5-6дан бала бар. Мындай алганда, 20 жылда бир муун келет. Балдар орус же кыргыз боло албай эки ортодо калууда. Ошону трагедия деп келебиз".

Мындан сырткары ТИМ кыргызстандыктардын саны Түркияда дагы кыскарганын билдирди (2022-жылы 62,2 миң болсо, 2024-жылдын биринчи кварталында - 40 миң). 1,5 жылда бул өлкөдөн 20 миңден ашуун киши чыгып кеткен.

Түркияда мыйзамсыз жүргөн мигранттарга жана качкындарга каршы масштабдуу рейддер июлда күчөгөн. Бирок түркмөн жарандарынын миграция маселеси алда канча эрте башталган. Былтыр сентябрда Түркия расмий Ашхабаддын өтүнүчү менен түркмөн жарандары үчүн визасыз режимди жойгон.

2023-жылы Түркияда миграциялык мыйзамдар өзгөрүп, жашаганга уруксат алуу оңой болбой калды. Мунун айынан Кыргызстанга кайткандар, депортация болгондор бар. Айрымдары айлыктын аздыгынан Европа, өзгөчө Италияга өтүп жатышканын бул өлкөдө иштеп жаткан кыргызстандык мигранттар "Азаттык" менен маектешкен учурда билдиришкен.

Ошол эле маалда Казакстан, Түштүк Корея, АКШ, Бириккен Араб Эмираты, Италия, Британияга кеткендердин саны өскөн. Чехия, Польша, Словакия, Швеция, Дания, Норвегия, Финляндия өлкөлөрүнө кетип жаткандар да арбын.


Буга чейин Орусияда кыргызстандыктарга укуктук жардам көрсөтүп келаткан "Инсан-Лейлек" уюмунун кызматкери Нурсултан Карабаев мигранттарды сак болууга чакырууда.

“Текшерүүлөр "Крокус Сити Холлдогу" окуядан кийин ого бетер күчөдү. Ошондуктан биздикилерге жок дегенде бир-эки ай эл көп чогулган жерлерге барбай, топ-топ болуп баспаш керектигин айтып жатабыз. Андан тышкары, социалдык түйүндөр аркылуу, мессенжерлерде көп жазышып, терактты талкуулабай эле койгон оң. Анткени полиция мигранттардын социалдык түйүндөгү баракчаларын, жазышууларын текшерген фактылар бар. Мигранттар азыр колунан келишинче өздөрүнө сак болушу керек”, - деди Карабаев.

Ал эми Нортумбрия университетинин чакырылган изилдөөчүсү, социология илимдеринин кандидаты, демограф Салават Абылкаликов борборазиялык мигранттар эми Орусиядан башка өлкөлөргө оой баштарын билдирген. Ал буга ксенофобиялык маанайдан тышкары рублдин курсунун түшүп кетиши жана эмгек мигранттарынын айлыгынын төмөндөшү себеп деп эсептейт.

"Ириде бул убактылуу эмгек миграциясына таасир этет. Экономика начарласа, бул туруктуу жашоого уруксаты бар эмгек мигранттарына да таасир этет. 2023-жылы рублдин курсу түштү. Мунун жыйынтыгы азырынча аныктала элек болсо да, миграциянын көрсөткүчү өтө түшүп жатат", - дейт Абылкаликов "Настоящее Время" телеканалына.

Демограф соңку он жылда Орусияда көп өлкөлөрдөн келген мигранттардын саны кыскарып, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандан келгендер гана калганын белгилеген.

Кышында мобилизациядан, текшерүүлөрдөн кийин жапырт Орусиядан чыгып кетүүлөр байкалган. Ошол учурда Орусиянын ири шаарларында, өзгөчө Москвада жумушчу күч жетишпей, таштанды жыйналбай, кар күрөлбөй калганы тууралуу маалыматтар социалдык тармактарга байма-бай жарыяланып турган.

Ошол эле кезде өлкөдөгү жумушсуздуктан улам жаштар арасында Орусияга дагы деле барып жаткандар жок эмес.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, былтыр Кыргызстандын жараны болгон 38 чет өлкөлүк "Мекен-карт" документин алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG