Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2022 жума, Бишкек убактысы 01:01

Балдары үчүн Орусиядан кайткан мекендештер


Баткенде ата-энеси миграцияда жүргөн бала. (архивдик сүрөт)

18-декабрда дүйнө жүзүндө Мигранттардын эл аралык күнү белгиленүүдө. Мекенин таштап, чет жактан иш издөөгө мажбур болгондордун жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укугун коргоо максатында Бириккен Улуттар Уюму бул күндү 2000-жылы негиздеген.

6,5 милиион калкы бар Кыргызстандын 1 миллиондон ашуун жараны чет өлкөлөрдө, көбү Орусияда.

Мигрант ата-эненин азабы

Орусиядан орун-очок алып калган мекендештердин балдары үчүн Кыргызстанга кайра кайтып келген учурлары көбөйгөнү байкалууда.

Диаспора башчылары менен юристтер бул өлкөдө майда кылмыштарга аралашып, полициянын каттоосуна алынган кыргызстандыктардын балдары көбөйүп жатканын айтып жатышат.

Кээ бир ата-энелер балдары тилин, маданиятын унутуп, жергиликтүү менталитеттен алыстап, эки элдин ортосунда калганын белгилешүүдө.

Биздин каарман Жайнагүл Москвада 10 жылдай иштеп, Кыргызстанга кайтып келгенине бир жылдай болуп калды. Көптүн бириндей алгач Орусияга жолдошу экөө кетип, кийин балдарын алып келишкен экен. Өзүнүн айтымында, улуу баласын оңой эле мектепке киргизип, кичүүсүн бакчага берип, ири шаардан орун-очок алып калгандай болушкан. Кийин мугалимдин мектепке эки-уч жолу чакыруусунан соң Кыргызстанга кайтууну ойлоно башташканын айтты.

"Балам мектепте жакшы окучу. Сабактарын да калтырчу эмес. Москвага 3-классында барды. Ага чейин атам-апама калтырып кеткенбиз. Чоңойгон сайын классындагы же башка класстагы анча-мынча балдар менен урушуп, мүнөзү өзгөрө баштады. Мугалими баламдын тентектик кылганын айтты, бул кийин да кайталанды. Үчүнчү жолу чакырганда мектептин айнегин сындырып коюптур. Дагы бир жолу ушундай кайталанса милициянын каттоосуна илене турганын айтышты. Балам менен мен деле, атасы деле көп эле сүйлөшчүбүз. Өзү менен өзү калгыдай жалгыз таштап деле койгон жокпуз. Үчүнчү жолу чакырганда балдарды алып Кыргызстанга кайтсак окшойт деп ойлоно баштадык. Бирок иштеш дагы керек. Ошентип кырдаал курчуп кеткенче кетели деп сүйлөшүп, мен балдарды алып кайтып келдим. Жолдошум калды. Анын үстүнө үчүнчү балабыз да төрөлүп калган. Азыр балдар менен үйдө отурам. Кайра кетип калсамбы иштегени дейм, бирок келечекти ойлоп баргым келбейт", - деди Жайнагүл.

"Азаттыктын" экинчи каарманы Зарина дагы Орусиядан жакында көчүп келди. Башында көпчүлүк мигранттар сыяктуу эле жыйнап-тазалоочу жумуштардан баштап, кийин ири компаниялардын биринде менеджерликке чейин жеткен. "Ошонун баарын таштап келе берүү деле оңой болгон жок" дейт Зарина.

Ал Жайнагүлгө салыштырмалуу эки баласын өздөрүнөн биринчи Кыргызстанга жөнөтүп, менчик мектептердин бирине киргизип койгон. Балдары тентектик кылбаса дагы "тилди, улууну сыйлоо, алака-катыш дегенди билбей калбасын" деген үй-бүлө Москвада 15 жылдай иштеп чогулткан акчасына Бишкектен иш баштоодо.

"Мени дароо эле менеджер кыла коюшкан эмес. Кыбырап, майда жумуштан баштап жеттим. Бирок кайра кайтыш керек болду. Балдарымды Кыргызстанга апама жөнөтүп жибергенбиз. Балдар "Сапатта" окуп, бир жылдай апам каралашып турду. Апам деле жаш эмес, тарбиясына, жүрүм-турумана кийлигише албай калышы мүмкүн. Балдар 7-10-класс болуп калды да. Жолдошум экөөбүз сүйлөшүп, Кыргызстанга эле келүүнү эп көрдүк. Балдар үчүн иштеп жүрөбүз да. Кийин "биз силерди тааныбайбыз, көргөн эмеспиз, тарбия берген эмессиңер" деп койсо эмне дей алабыз? Ошондуктан баарын жыйыштырып келип алдык. Бул жерден иш баштоо деле оңой болбой жатат, ошентсе да балдарыбыздын жанындабыз", - деди Зарина.

"Азаттык" маектешкен эки каарман сыяктуу Орусиядан Кыргызстанга кайтып келген үй-бүлөлөр көбөйүп жатканы байкалууда. Серепчилер мунун бир канча себептерин белгилеп жатышат. Алардын айтымында, айрым кыргызстандыктар коронавирус илдети катталгандан кийин мекенине айтып келүү чечимин кабыл алса, орун-очок алып калгандары балдарынын айынан, алардын келечеги үчүн кайтып жатышканы белгилешет.

Юрист Гулиза Акматсияева Москвада мекендештердин жашы жете элек балдарынын арасында ар кандай майда кылмыштарга аралашкан учурлары кездешип жатканын айтат. Ал кээде балдар бейкүнөө жалаага кабылып, ата-энесин кошо полиция бөлүмдөрүнө, сотко сүйрөгөн учурлар да бар экенин белгиледи.

"Кээ бир учурда балдары "велосипедин тээп тур" деп берип коюп, ата-энеси арыз жазып койгон учурлар болуп жатат. Ошондой эле өспүрүм балдар арасында сыра, арак уурдап кармалгандары дагы бар. Жайында бир учур болгон. Бир эженин кызы бир аз оорукчан экен, ошого карабай баңгизатка шектүү деп кармалган. Аянтта ойноп жаткан учурда "баламды уруп койду" деп арыз жазып мигранттын балдарын полиция алып кеткен учурлар дагы болгон. Мындай маалда эң биринчи ата-энесине жоопкерчилик коюлат. Мигранттын балдары көбүнчө үйдө каралбай калат. 12-24 саатка чейин иштегендер бар. Бул жакта иштебесең ачка каласың, жумушуң жок болсо тышта каласың. Ипотека алып алышкан. Аны төлөө деле оңой эмес", - деди Москвадагы юрист.

Орусиянын Свердлов облусу мекендештердин саны боюнча Москвадан кийинки эле орунда турат. Жакында эле бул аймакта жашы жете элек балдардын кылмышка аралашуусу талкууланып, анда полициянын каттоосунда турган кыргызстандык балдар бар экени белгилүү болгон.

Бул тууралуу айткан “Кыргызстан-Екатеринбург” диаспорасынын жетекчиси, дарыгер Гүлшан Долонбаева өспүрүмдөрдүн жанын кыюуга аракет кылган, үйдөн качкан учурлары катталып жатканын айтты.

"Чындыгында, мектеп жашындагы көп балдарыбыз көйгөй жаратып жатышат. Жаман жолго түшүп, кыздар үйүнөн качып, жанын кыюуга аракет кылган учурлар кездешүүдө. Биздин мигранттар көп жашаган райондун алкагында өспүрүм балдар арасындагы кылмыштуулук боюнча комитеттин жыйынына барып келдик. Төрт балабыз каттоодо турат экен. Негизи эле көйгөйлөр көп болуп жатат. Ошондуктан дагы көп ата-энелер өлкөбүзгө кетели деп кайтып жатышат. Экинчиден, Кыргызстандын өзүндө калган балдар дагы көйгөй жаратат. Ошондуктан ата-энелер "жок дегенде бирөөсү ошол жакта болушубуз керек экен" деген максатта кетип жатышат. Барып толук үй-бүлөсүн көчүрүп келгендер дагы болууда. Айрымдар балдарын Кыргызстандагы "Сапат" мектебине берип жандары калууда".

Москвадагы "Мекеним Ала-Тоо" бирикмесинин төрайымы Жамила Бегиева мекендештердин Кыргызстанга кайтуусунун башка жагдайларына дагы токтолду. Кыргызстандык мигранттардын балдары тил, маданиятты билбей калды деген маселе буга чейин дагы айтылып келген. Ишкерлер мигранттардын балдары үчүн атайын тил курстарын дагы ачкан. Бирок бул маселени толук чече албай жаткан сыяктуу. Бегиева ата-энелерди түйшөлткөн маселелерди айтып берди.

Жамила Бегиева.
Жамила Бегиева.

"Ата-энелердин корккону бул жактагы улуттардын ата-энеге болгон мамилеси болууда. Бизде улууну урматтап, тике карабайт, кыздарга өзүнчө тарбия берет дегендей, окуудан кийин бош убактысын калтырбай башка дагы жумуштарды үйөт. Бул жерде ата-энеге болгон мамиле башкачараак. Ошондон жыйынтык чыгарып көп ата-энелер балдары 5-6-7-класс болгондо Кыргызстанга жөнөтүп, "Сапатка" берип жатышат. Ыйман, адеп-ахлак, улууну сыйлоо, кичүүнү ызаттоо, тилди билсин, өзүбүздүн улуттагыларга үйлөнсүн, турмушка чыксын деген максатты көздөп жатышат. Экинчиден, балдарыбыз бул жакта калып калса, биз кантебиз, түбөлүк жашап калса сөөгүбүз ушул жакта калып кетеби деген маселе көп ойлондуруп жатат. Ата-энелерди "акча таап, кеңири жашаган менен түбөлүгүн дагы ойлошубуз керек" деген ойлор түйшөлдүрүп жатат. Айрыкча пандемия учурунда үйүнө кете албай отуруп калышты да", - деди Жамила Бегиева.

Балдарга билим жана тарбия берүү, кыз-келиндерге ар тараптуу колдоо көрсөтүү жаатында иш алып барган "Алай айымдары" коомдук фондунун өкүлү Бегаим Мамбетова мындан он жыл мурда Орусияга барган ата-энелер балдарын мектеп, бакчага орното албай кайтып келишсе, азыр башка себептерден улам келип жатканын белгилөөдө.

Мамбетова өзү дагы Москвада бир канча жыл иштеп келген. Ал көп үй-бүлөлөрдү Кыргызстанда калган балдары, өлкөнүн өзүндөгү көйгөйлөр кайтарып жатканын айтты.

Бегаим Мамбетова.
Бегаим Мамбетова.

"Мигранттардын жакындарына таштап кеткен балдары көп учурда кароосуз калып, зомбулук иштерге аралашып кетет. Ар кандай кырсыктарга, кылмыштарга учурап, зордуктоого туш болуп жатышат. Ата-энесин жылдап көрбөгөн балдарда психологиялык көйгөйлөр жаралып, документтери жок болгондуктан медициналык жардам ала албай, мектепке кире албаган учурлар бар".

Орусия барган сайын миграциялык мыйзамдарын катаалдатып жатат. Соңку кездери Москвада жана Санкт-Петербургда мигранттар катышкан кылмыштар жана мыйзам бузуу фактылары көп каттала баштаганын Орусиянын ички иштер министринин биринчи орун басары Александр Горов билдирген.

Жакында Кыргызстанга чет мамлекеттерде түрдүү кылмышка айыпталып, соттолгон 63 жаран экстрадицияланып келди. Алардын басымдуу бөлүгү Орусияга туура келет.

Пандемия учурунда, андан кийин канча кыргызстандык биротоло кайтып келгенин анализдеген маалыматтар жокко эсе.

Орусияда азыркы тапта расмий эсеп боюнча 600 миңден ашуун кыргызстандык эмгек мигранттары бар. Бейрасмий эсепте 1 миллиондон ашуун экени айтылып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG