Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2022 шейшемби, Бишкек убактысы 17:34

Орусия миграция саясатын өзгөртүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын бийлиги эмгек мигранттарына карата саясатын өзгөртүүгө киришти. Курулуштарда жана коммуналдык чарбаларда мигранттарды кыскартып, мыйзамдарды катаалдаштыруу чакырыктарын бийлик өкүлдөрү байма-бай айта баштады.

Москванын миграциялык саясаты ал жактагы кыргызстандыктарга кандай таасир этүүдө? Учурда Орусиядагы кыргызстандык мигранттардын жашоосунда кандай өзгөрүүлөр болуп жатат?

"Мигранттарды азайткыла..."

17-ноябрда Москванын мэри Сергей Собянин курулуш компанияларын жумушка "мигранттарды эмес, жергиликтүү тургундарды" көбүрөөк тартууга чакырды.

"Башка сапаттагы, башкача маяна ала турган кишилер керек. Мигранттарды азайткыла, алар бүгүн өтө көп болуп жатат. Жакынкы аймактардан орусиялыктарды көбүрөөк тарткыла. Маянасын көтөрүп, иштөөгө шарт түзгүлө", - деди ал.

Жогорку квалификациялуу жумушчуларга төлөнчү 120-150 миң рубль маянаны калаа башчысы "москвалыктар үчүн төлөнчү айлык" деп эсептейт.

Андан көп өтпөй, 25-ноябрда Сергей Собянин "РИА Новости" агенттигине курган маегинде райондук коммуналдык чарбаларда да мигранттардын санын кыскартуу керектигин билдирди.

"Калаадагы ири коммуналдык ишканаларда мигранттар дээрлик жокко эсе. Турак жайлардагы мамлекеттик бюджеттик мекемелерде гана калган. Ал жакта да кыскартсак болот".

29-ноябрда өткөн Орусиянын Коопсуздук кеңешинин жыйынында Кеңештин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев миграциялык мыйзамдарды катаалдаштыруу жана Орусиянын аймагында "этникалык анклавдардын" пайда болушуна жол бербөөнү талап кылды. Медведев быйыл мигранттар катышкан кылмыштардын көрсөткүчү көбөйгөнүнө кабатыр.

Собянин менен Медведевдин сөзү миграция процесси күч Борбор Азия өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанда кызуу талкуу жаратты.

Мигранттар Москвага коркунуч туудурабы?

Орусиядагы диаспора жетекчилери орус бийлигинин кабатырлануусу социологиялык анализге негизделген болушу мүмкүн экенин белгилешет.

Пандемиядан улам күчөгөн социалдык-экономикалык кризис жергиликтүү калктын мигранттарга карата мамилесин өзгөртүүдө. Акыркы мезгилде Орусияда мигранттар катышкан кылмыш, анын ичинде этникалык топтор арасындагы карама-каршылыктар бир нече жолу катталган.

Жалпы орусиялык "Кыргыз конгресси" коомдук уюмунун президенти Кубанычбек Кожоев кыргызстандык мигранттар тартиптүү, ийкемдүү экенине карабай жалпы мигранттар арасындагы терс тенденциялардан улам жаманатты болуп жатканын белгиледи.

"Мындан 10 күн мурун "Орусия калкы" деген бүткүл орусиялык форум болуп өттү. Ошол жерде көптөгөн эксперттер мигранттар туурасында өздөрүнүн социологиялык сурамжылоолорунун тыянактарын бөлүштү. Бүгүнкү күндө экономикалык абал оор, баа көтөрүлүп, пандемияга байланыштуу жумуш орундары кыскарып атат. Карапайым калк ушундай жагдайга кандайдыр бир деңгээлде мигранттарды да күнөөлөп жатат. Алардын мындай пикирлери сурамжылоодон көрүнүп калып атат. Ал пикирлерди бийлик жетекчилерине жеткиришет да. Ошол социологиялык изилдөөлөргө таянып ушундай тыянак чыгарып жатышат деген ойдомун", - деди Кожоев.

Кыргыз мигранттары кандай жумуштарда иштейт?

Москва бийлигинин саясаты кыргыз мигранттарынын жашоосуна азырынча таасир эте элек. Бирок мигранттардын айтымында, курулушта иштеген кыргызстандыктар барган сайын азайып жатат.

Орусияда 15 жылдан бери курулуш жаатында иштеп келаткан Улукбек Шайжигитов бул тармакта кыргыз мигранттарынын аз эле бөлүгү калганын айтууда.

"Менин билишимче кыргыздардын 10% эле курулушта иштейт. Калганы тейлөөгө өтүп кеткен - такси кызматы, жеткирүү, ресторанда эмгектенет".

Кыргыз элчилигинин расмий маалыматында, Орусияда 760 миң кыргызстандык эмгек мигранты бар.

Алмаз Букалаев.
Алмаз Букалаев.

"Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2021-жылдын тогуз айында кыргызстандык 760 миң жаран Орусияда катталган. Анын ичинен 623 миң жаран иштөө максаты менен келишкен", - деди Кыргызстандын Орусиядагы элчисинин кеңешчиси, консул Алмаз Букалаев.

Ал эми бейрасмий булактарда Орусияда жүргөн кыргызстандык мигранттардын саны 1 миллиондон ашык экени айтылып келет.

Жалпы орусиялык "Кыргыз конгресси" коомдук уюмунун президенти Кубанычбек Кожоев кийинки кездери курулуштан тейлөө тармагына, өндүрүшкө жумуш которгон кыргыз мигранттары көбөйүп жатканын белгиледи.

"Курулуш бир аз оор болгондуктан, ошондой эле өлчөмдө маяна бере турган тармактарга ооп жатышат. Айдоочулукка, тейлөө кызматына, темир жол тармагына өтүп жатат. Орусия абдан чоң мамлекет, тармактары өтө көп. Мурда биздикилер келип эле курулуш тармагына ишке орношчу. Азыр көптөгөн завод-фабрикалар тигүүчүлүккө, "КамАЗ" өңдүү автоунаа чыгаруучу, башка деталдарды өндүрүүчү иштерге чакырып жатышат. Бүгүн экономиканын бүт тармагы жумушчу күчүнө муктаж болуп турат. Ошондуктан биздикилер акырындык менен адистигин өзгөртүп, ошол жактарга өтүп кетүүдө".

Жеткирүү кызматында иштеген 33 жаштагы Марат Мукарамов да кийинки кездери курулуштан тейлөө тармагына өтүп жаткандар көп экенин айтты.

"Москвада курьердик жумушка негизинен курулуш тармагынан келип жатышат. Анткени курулушта суук, жумуш оор. 90% курулуштан келгендер. Кыргызстандан келип, дароо эле бизге ишке орношкондор да бар. Маянабыз курулуш тармагы менен бирдей. Бирок курьердик жумуштун шарттары жакшы - жумуш жеңил, жылуу жүрөсүң, оор жүк көтөрбөйсүң. Курулушта болсо кечке суукта жүрөсүң, оор жумуш кыласың".

Марат Мукарамов
Марат Мукарамов

Мукарамов үй-бүлөлүү, жогорку билимге ээ. Кыргызстандагы жумушсуздуктан улам былтыр жыл башында үч баласын айылга калтырып, жубайы экөө Москвага келген. Үч ай өтпөй коронавирус пандемиясы башталып, алар иштеген ашкана жабылып калган. Көп өтпөй керектөөчүлөрдүн суроо-талабына карай иш алып барган компаниялардын бирине жеткирүүчү болуп жумушка кирген. Жеткирүүчүлөрдүн тапкан кирешеси 40 миң сомдон 100 миңге чейин жетет, айрым учурларда андан көп тапкандары да кездешет.

Мараттын айтымында, тиркеме менен иштеген жумуштарга орношуу жеңил жана иштөө шарты ийкемдүү.

"Бизде график ийкемдүү болгондуктан, курьердик менен айкалыштырып иштеген айдоочулар да бар. Эртең менен 3-4 саат такси айдайт, 9-10го чейин жеткирүүчү болуп иштеп, кечинде кайра таксиге чыга беришет".

Жаңы шарттарга ыңгайлашкан кыргыз ишкерлери

Орусияда кыргызстандык ишкерлердин саны барган сайын көбөйүүдө. Москвадагы кыргыз диаспорасынын жетекчиси, Москвадагы эл аралык ишкерлер биримдигинин мүчөсү Кубанычбек Осмонбеков Орусияда кыргыз ишкерлери негизинен тейлөө тармагында көп экенин айтты.

"Москвада кыргыз ишкерлери көбөйүүдө. Алар көбүнчө кызмат көрсөтүү тармагында иштейт - ресторан, сулуулук салонун, таксопарк ачкан, курулуш тармагында иштеген, дүкөн иштеткен, соода-сатык менен алектенген мекендештер бар".

Искендер Дүйшөналиев
Искендер Дүйшөналиев

Искендер Дүйшөналиев 2001-жылы окууну бүтөрү менен Орусиянын жогорку окуу жайына тапшырган. Турмуш-шартка байланыштуу окуусун аяктай албай, ар кандай жумуштарда жалданып иштей баштаган. Башында курулушка барса, кийин мигранттарга жумушка орношуу үчүн документтерди даярдап берип, алып-сатарлык менен алектенип, кыргыздар көбөйүп калганда авиабилет сатууга өткөн. 2007-жылы Орусиянын жарандыгын алган.

Орусиядагы мекендештери өз өлкөсүнүн тамак-аштарын эңсеп, издегенин байкаган Искендер 2016-жылы Москвада "Кыргыз өндүрүмдөрү" деген дүкөн ачкан. Анын айтымында, дүкөндүн кардарларынын 80% кыргыз мигранттары түзөт. Дагы 15% Кыргызстанда жашап кеткен же кыргыз дасторкону менен тааныш улуттардын өкүлдөрү болсо, калган 5% чет элдиктер. "Кыргыз өндүрүмүндө" жети кыргызстандык, бир орус жараны иштейт.

Искендердин айтымында, учурда Москвада кыргыз тамак-аштарын саткан ар түрдүү деңгээлдеги 20дай дүкөн бар.

"Алардын көбү кыргыздарга гана багытталган дүкөндөр - жертөлөдө, же кеңсенин ичинде эле иштеп атышат. Биз азыр көбүнчө орус кардарларга ыңгайлаша баштадык. Ошого жараша бардыгын мыйзамдуу, ачык жүргүзөбүз. Москвада беларус, казак, армян, индус, корей дүкөндөрү аябай көп, атаандаштык күч. Ошолордун арасынан биз да өз ордубузду табууга умтулуп жатабыз".

Коомдук-саясий иштердеги кыргыздар

Орусиядагы кыргыздар кийинки кездери коомдук-саясий чөйрөдө да жанданып жатканы байкалат. Быйыл алгачкы жолу "Бирдиктүү Орусия" партиясынын курамында Мамлекеттик Думанын депутаттыгына ат салышкан кыргыз тектүүлөр да болду.

Жалпы орусиялык "Кыргыз конгрессинин" жетекчиси, партиядан талапкер болгон Кубанычбек Кожоев кыргызстандыктардын коомдук-саясий иштердеги тажрыйбасын алдыга ташталган кадам катары эсептейт.

Кубанычбек Кожоев
Кубанычбек Кожоев

"Кыргыз коомчулугу азыр жаштык кылып жатабыз, мандат алганга күчүбүз жете элек экен. Ошентсе да, партия менен келишим түзүп, шайлоого активдүү катышып, күчүбүздү сынап көрдүк. Мандатка жеткен жокпуз, бирок Орусиянын саясий бийлиги менен аябай тыгыз кызматташтык. Бул башка улуттарга караганда абдан чоң жетишкендик".

Орусиядагы кыргызстандыктар кимдер?

Орусиядагы кыргызстандыктарды эки катмарга бөлүп кароо зарылдыгы көп айтылат. Кожоев Орусияда болжол менен 1,5-2 млн. кыргызстандыктар бар экенин, жарымы ал жактын жарандыгын алгандар экенин айтат. Андыктан кыргызстандыктарды экиге бөлүп кароо керек дейт.

"Союз таркагандан бери Орусияга келгендердин баарын мигрант деп ойлошот. Орусияда 2 миллиондой кыргыз болсо, ошонун жарымы орусиялык, жарымы эмгек мигранттары. Орусиялык кыргызстандыктар деген бир күндө эле пайда болгон жок, алар 30 жылдан бери отурукташып, ушул жерден уул-кызы төрөлгөн улуту кыргыз мекендештерибиз. Алардын баарын эле мигрант деп карай берген туура эмес".

Ал эми Москвадагы эл аралык ишкерлер биримдигинин мүчөсү Кубанычбек Осмонбеков "мигрант" деген сөз эскирип, анын ордуна "инвестор" деген сөз көп колдонула баштаганын айтат.

"Эмгек мигранты деген сөз көп учурда орой угула баштады. Кыргызстанда бизди мекендештер деп коюшат. Кээ бир коомдук ишмерлер инвесторлор дей баштады. Анткени, мигранттардын эсебинен Кыргызстанга жылына 2,5 млрд. доллар которулуп турат. Анын 95% Орусиядан которулган акча. Бул Кыргызстандын ички дүң продукциясынын 1/3 бөлүгүн түзөт", - дейт Осмонбеков.

Эмгек мигранттарынын өлкө турмушундагы орду

БУУнун Өнүктүрүү программасы менен Эл аралык миграция уюмунун биргелешкен изилдөөсү Орусиядагы кыргызстандык мигранттардын бейнесин даана ачып бере алат.

Чет элдеги эмгек мигранттары экономикалык жигердүү калктын 20% чейин жетет жана 60% 15-29 жаш курактагылар. Аялдардын үлүшү 40% түзөт: алар жакшы жумуш табууда жана социалдык камсыздоодо өзгөчө аярлуу болушат. Бул алардын бейформал тармакта көп иштей турганы менен түшүндүрүлөт. Кыргызстандык эмгек мигранттарынын 91% Орусияга барат. Андан кийинки орунда Казакстан менен Түркия турат.

Орусияда коомдук-саясий чөйрөдө активдүү ишмердик жүргүзүп жүргөн Жанна Крылова кыргызстандык мигранттар көп эмгектенген аймактарды мындайча сүрөттөдү.

"Кыргыз мигранттары Москвада жана Москва облусунда, Санкт-Петербургда, Сургутта, Екатеринбург, Самара шаарларында көп".

Улуттук банктын маалыматында, быйылкы жылдын сегиз айында мигранттар 1 млрд. 736,84 млн. АКШ долларын которгон. Бул сумманын 97%, же 1 млрд. 692,87 млн. АКШ доллары Орусиядагы мигранттарга туура келет.

Мигранттардын которгон каражатынын көлөмү өлкөнүн ички дүң продукциясынын 35% чейин жетет.

Адистер Кыргызстан мигранттардын акчасына күнкор мамлекеттердин катарында экенин белгилешет. Бирок журтташтар которгон каражат өлкөдөгү жумушсуздуктун, жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүп, социалдык чыңалууну азайтарын да айтышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG