Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:35

Курьерден актерго айланган Нурбол


Орусиялык актриса Ксения Раппопорт жана Нурбол Кайратбек уулу тартылган фильмдеги кадр.
Орусиялык актриса Ксения Раппопорт жана Нурбол Кайратбек уулу тартылган фильмдеги кадр.

28-октябрда кыргызстандык курьер тартылган "Жакын аралыкта" ("На близком расстоянии") деген орусиялык режиссер Григорий Добрыгиндин фильми экранга чыгат. Тасманын премьерасы быйыл "Кинотавр" фестивалында болгон.

Белгилүү орусиялык актриса Ксения Раппопорт менен бир фильмде тартылуу Нурбол Кайратбек уулунун үч уктаса түшүнө кирген эмес.

Коронавирус пандемиясы башталып, дүйнөдө карантин киргизилип, элдин баары үйдө отуруп калган маалда Нурболдун жумушу күчөгөн. Ал Москвада буйрутма менен тамак-аш жеткирүүчү компанияда иштечү. Компаниядагы курьерлердин мессенжерде тайпасы бар. Ал жакта 3-4 миңдей киши катталган. Мына ошолордун арасында режиссер Григорий Добрыгин да болгонун эч ким байкаган эмес.

Добрыгин курьерлик ишти ичинен билип, өз фильмине каарман табыш үчүн атайын компанияга жумушчу болуп орношкон. Тайпадагы миңдеген адамдардын сүрөттөрүн карап отуруп Нурбол Кайратбек уулун тандап алат.

Нурбол режиссердун көзүнө илингенин орус тилин башкалардан жакшыраак билгеним үчүн болсо керек деп ойлойт.

"Курьер болуп иштеп жүргөм. Биздин ички чатыбыз бар. Ал жакта кыргыз, тажик, өзбектер көп. Айрымдары орус тилин жакшы билбейт. Кээде чатта "маянамды кантип сурайм?" деген суроолорду берип калышат. Мен ошолорго жооп берип, кеңештеримди айтып турчумун. Аккаунтумдун сүрөтү да жок эле. Бир күнү сүрөтүмдү койдум. Ошонун эртеси күнү эле мага дароо жазышты. "Киного тартылгыңыз келеби?" деген сунуш түштү. Мен буга ишенген жокмун, ошондуктан олуттуу деле кабыл албадым. Эртеси досума айтып берсем, ал "макул боло бербейсиңби, эмнең кетмек эле?" деди. Ошондон кийин жазып, сүйлөштүм".

Нурбол Кайратбек уулу тартылган фильмдеги кадр.
Нурбол Кайратбек уулу тартылган фильмдеги кадр.

20 жаштагы Нурболдун Москвага барып иштеп жатканына эки жылдан ашты. Ал жүздөгөн башка мекендештерибиздей эле мектепти бүтөрү менен чет жакка акча тапканы жөнөгөн.

"Өзүм Ош облусунун Кара-Кулжа районунан болом. Бирок Казакстандын азыркы Нур-Султан, мурдагы Астана шаарында туулуп-өскөм. Ошол жактан орус мектепти аяктагам".

Фильмдин сюжети тууралуу айтсак, Италиядан Санкт-Петербургга көчүп келген бир кездеги белгилүү актриса Инга карантин башталганда үйүндө камалып, зеригип отурган болот. Бир күнү ага буйрутма аркылуу тамак-аш жеткирип келген курьер жигит эшигинин алдында эсин жоготуп, кулап түшөт. Ооруну жуктуруп алуу тобокелдигине карабай актриса мигрант жигитти үйүнө алып кирип, ага кам көрүп, атургай бул үчүн курьерге акча да төлөп бермей болот. Бирок бул үчүн курьерге кандайдыр бир шарт коет.

Мына ушундай миграция менен адамдын жалгыздыгын чагылдырган режиссер Григорий Добрыгиндин фильминде баш каарман Инганын ролун актриса Ксения Раппопорт ойногон. Ал эми Нурбол Кайратбек уулу Орусияга жакында эле келген, тилди жакшы билбеген курьердин ролун аткарган. Ал кандайдыр бир деңгээлде өзүнүн эле жашоодогу образын ойногон.

"Башында бир аз тартынып, уялдым. Бирок мен ойлогондой оор болгон жок. Режиссер, кино тарткан команда абдан күчтүү экен. Мага түшүндүрүп, колдоп турушту. Ошолордун айтканын эле аткарып аттым. Акырындап көнүп кеттим", - дейт Нурбол. Ал фильмди тартуу учурунда белгилүү актриса менен ойноп жатканын деле билген эмес.

Журтташыбыз эми актерлук кесип тууралуу ойлоно баштады. Ал бул жаатта билим алсам деп кыялданат.

"Көп эле кыялдарым бар. Америка, Европаны кыдырып, саякаттасам деп кыялданам. Анан билим алыш керек эле. Мектепти аяктагандан кийин эле Москвага кеткем. Жогорку билимдүү болсом дейм. Кыргызстанга киного тартылууга чакырса деле бармакмын".

Нурбол Кайратбек уулу учурда мурдагыдай эле курьер болуп иштеп аткан экен. Өзүн издеп жатканын билгенден кийин тасманын режиссеруна жолукканын билдирди. Григорий Добрыгин буга чейин Нурболду издеп жатканын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG