Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:18

"Абакта же көчөдө". Дайынсыз кеткен мигранттар


Быйыл Орусияда беш кыргызстандыктын сөөгү табылды. Дайынсыз кетип, жакындарын убайымга салган мигранттар да аз эмес.

"Агам жаман адатын Москвадан да таштабады"

Москва шаарында иштеп жаткан Айгүлдүн 27 жаштагы бир тууган агасы үч айдан бери дайынсыз. Ал агасын издеп, укук коргоо органдарына арыз менен кайрылганын, уулун күткөн энеси ооруп жатканын айтууда.

Айгүлдүн агасы бир туугандары, үй-бүлөсү менен акыркы жылдары Москвада жашап жаткан. Карындашынын айтымында, ал кумар оюндарына берилип, буга чейин да бир нече жолу үйүнөн чыгып кеткен учурлар болгон.

"Агам "кайда жүрөт?" деген суроо тынчтык бербей жатат. Байланышка такыр чыкпайт. Арыз менен кайрылып, издөө салып жатабыз. Бирок кабар жок. Үч айдан бери дайынсыз. Бишкекте жүргөндө казиного барчу экен. Москвага келгенде да анысы калбады. Үйлөнүп, балалуу болду. Жаман адатын таштай албай койду. Кээде такыр эле жоголуп кетчү. Башка облуска кеткенин да угуп калчубуз. Бул жолу узактан бери таба албай жатабыз. Эмне болгонун эч ким билбейт".

Бул Орусияда издөөгө алынган кыргызстандыктардын бири. 2021-жылдын тогуз айында Орусияда жалпы 64 кыргызстандык жаран издөөгө алынып, 57синин дайыны табылды. Жоголгон жарандардын 47си быйыл, калган ону мурдагы жылдардан бери издөөдө жүргөн.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын инспектору Адинай Шаршеева быйыл Орусияда дайынсыз жоголгон беш кыргызстандыктын сөөгү табылганын билдирди.

"Төрт жарандын сөөгү киши колдуу болгон белгилер менен өлүкканадан табылса, моргдогу дагы бир кыргызстандыктын ким экени билинбей, ДНК анализдери алынган. Бир жаран оорукананын жандандыруу бөлүмүнөн, сегиз киши абактан табылды".

2021-жылдагы жалпы эсеп боюнча жети киши дайынсыз болууда. Анын үчөө мурдатан бери издөөдө жүргөн.

Вокзалда түнөгөн Илим

Орусияга ишке кетип, ошол бойдон үй-бүлө, туугандары менен байланышпай, айлап-жылдап дайынсыз кеткендер арасында башка үй-бүлө күтүп, туугандарынан кол үзгөндөр, абакка түшүп, жакындарына кабар бербегендер, кырсыкка учурап, аты-жөнү аныкталбай, чет жерде көмүлгөндөр да бар. Ичкиликке берилип селсаяк болуп кеткендер да четтен чыгат.

Бишкектен келген Илим Москванын Ярославский вокзалын 20 жылдан бери байырлайт. Вокзалда андан башка ондогон селсаяктар түнөйт. Алардын айрымдары Кыргызстандан барган.

Илим тааныштарынын бири да өзүнө ушундай жашоону каалабаганын айтты. Баары акча табуу үчүн келип, кандайдыр бир себептен улам көчөдө калган. Илим өзү да качандыр бир кезде Кыргызстанда айдоочу болуп иштеген экен. Кийин Москвага келип, иши жүрүшпөй калган. Илим азыр вокзалдын аймагын тазалайт. Бул иши үчүн ага азыноолак акча беришет.

"Бир жолу бейтааныш адамдар келиптир. Мен тигил жерде отургам. "Кыргызсыңбы?" деп сурашты. "Ооба" десем, мага сүрөт сунуп, андагы адамды сурашты. Мен аны таанычумун. Алкогол саткан "Престол" деген дүкөнгө ээрчитип бардым. Ал жерде жок экен. Красносельскийге алып барсам, тиги так алдыбыздан чыкты. Тигилер аны дароо таксиге отургузуп алып кетишти", - дейт Илим.

Орусияда багбан болуп иштеген Асыл Жороев "Настоящее время" телеканалынын журналистине туугандары издебеген адамдар да барын айтып берген.

"Бул жерде бала көтөргөн жаш келин бар эле. Бир жыл мурда коляска сүйрөп ары-бери өткөнүн көрүп калчумун. Эки жарым жылдай жүрдү окшойт. Андан кийин көрүнбөй калды. Кайда кетти, эмне болду билбейбиз".

Орусияда селсаяк болуп кеткендердин арасында тек-жайын аныктаган документин жоготуп алгандар да бар.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз катчысы Эсен Эргешев ушундай кырдаалга кабылган мигрантка кандай жардам берилерине токтолду.

"Документти мыйзамдаштыруу оңой эле. Эгер киши Кыргызстанга кеткиси келсе, биз бир айга убактылуу күбөлүк бере алабыз. Паспортту элчиликтен да беребиз. Бул үчүн туулганы тууралуу күбөлүгү болушу керек. Эгер күбөлүгү жок болсо биз жаран тууралуу маалыматты базадан таап, документ беребиз".

Туугандарынан качкандар бар

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин өкүлчүлүгү айрым мигранттар туугандары акча талап кыла бергендиктен тажап, изин жашырып кеткен учурлар да болуп жатканын билдирди.

Орусиядагы жоголгондорду издөө жана кулчулуктан чыгаруу менен алектенген "Альтернатива" кыймылынын өкүлү Алексей Никитин мигранттардын дайынсыз кетишинин себептерине токтолду.

"Абакка түшүп же ооруканага жатып калгандан тышкары издөөгө алынгандардын 90% туугандарына өз каалоосу менен байланышпай коет. Мисалы, башка үй-бүлө күтөт же улам акча жибергенден тажайт. Биздин тажрыйбада адам жылына эки-үч жолу кулчулукка кабылгандар болгон. Бирок, бул деле басымдуу эмес".

Москвадагы "Ноокат" коомунун төрагасы Толкунбай Акматов жердештерин издөө учурунда ар кандай окуяларга туш болгонун айтты:

Толкунбай Акматов.
Толкунбай Акматов.

"Ар бир адамдын мүнөзү ар кандай болот экен. Кээде туугандарына таарынып, байланышпай коюшат. Бизде ушундай бир окуя болгон. Үч-төрт жылдан бери издөөдө жүргөн жигит кафеде иштеп жаткан экен. Ага сүрөтүн көргөзүп жатып, издөөдө экенине ынандырышкан. Көрсө өзү эле кабарын билгизбей жүрүптүр".

Чет өлкөдө кылмышка шек саналып, тергөө изоляторунда отургандар жана абакта кылмыш жазасын өтөп жаткандар тууралуу Тышкы иштер министрлиги же өлкөдөгү элчилик аркылуу гана билүүгө болот.

Интернеттеги социалдык тармактарда Орусияда иштеген мигранттардын тайпаларында айлап-жылдап дайынсыз кеткендердин сүрөттөрү көп.

Орусиядагы юрист Мирбек Токтошев дайынсыз жоголгондорду издөө тартибин айтып берди.

"Орусияда дайынсыз жоголгон мигранттарды издөө оңой эмес. Жергиликтүү полиция жоголгондор тууралуу арызды жакын туугандарынан гана үч суткадан кийин кабыл алат. Москвада болсо элчиликке барып, арыз жазуу керек. Көп учурларда дайынсыз жоголгондор убактылуу кармоочу жайдан же ооруканадан табылат. Реанимацияга түшүп калып, жакындарына кабар бере албай калгандар болот. Жашаган жерин, ишин которуп башка аймакка чыгып кеткендери да кездешет".

Кыргызстандан Орусияга барган эмгек мигранттарынын расмий эсеби 600 миңден ашуун экени айтылып келет, бирок бейрасмий эсепте бир миллиондон ашык мигрант Орусияда эмгектенет.

"Биз жана дүйнө": Мигранттар эмнеге депрессияга түшөт?

Мигранттар эмнеге депрессияга түшөт?
please wait

No media source currently available

0:00 0:28:11 0:00

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

  • 16x9 Image

    Жибек Бегалиева

    2014-жылдын апрель айынан бери "Учур" ("Настоящее время") долбоорунун кабарчысы. Кыргызстандын коомдук каналдарында төрт жылдай иштеген. Кыргыз мигранттары тууралуу бир нече берүүнүн автору. Кыргыз-түрк "Манас" университетинин бүтүрүүчүсү. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG