Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:25

Орусия: Мигранттын баласы "ашыкча баш оорубу"?


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда 1-апрелден тартып балдарды мектепке кабыл алуу тууралуу жаңы эрежелер күчүнө кирди. Алар мигранттардын балдарын "каттоосу жок" же "орус тилин билбейт" деген жүйө менен мектепке албаганга жол ачат.

Мигранттардын көйгөйлөрү менен алектенген Орусиядагы "Жарандык көмөк" комитетинин кызматкерлери жаңы эрежелерди талдап чыгышкан.

Алардын айтымында, аймактарда мындай жазылбаган мыйзамдар мурда эле бар болчу. Эми алардын баары расмий бекитилди. Комитеттин өкүлү Мария Красова "Азаттыктын" орус кызматына билдиргендей, Агартуу министрлигинин буйругу менен бекитилген жаңы эрежелер мигранттардын балдарын "каттоосу жок" же "орус тилин билбейт" деген шылтоо менен мектепке албаганга жол ачат.

Адистер Москва шаарында негизинен каттоо маселесин белгилешсе, Москва облусунда мектептерде орус тилин билүү критерийи караларын айтышат.

"Негизи, тилди жетиштүү деңгээлде билбөө мектепке каттоого чектөө болбош керек. Эгер бала орус тилин жакшы билбесе, тескерисинче ага мектепке барып, башкаларга аралашып, көнүп, орус тилин үйрөнүүсү абзел. Бирок чындыгында ата-энелери орус жарандыгын алса дагы балдары тил билбегендиктен мектепке бара албай калган учурлар көп кездешет",-дейт Красова.

Адвокат Мария Красова. Анна Горовецтин сүрөтү.
Адвокат Мария Красова. Анна Горовецтин сүрөтү.

Секелек Шахрезада Курбонованын ата-энеси миңдеген башка мигранттардай эле Орусияга акча тапканы келген. Азыр алар жеңил өндүрүш тармагында эмгектенишет. Атасы Ясин Курбоновдун айтымында, балдары Москвадагы мектептердин биринде жалаң "беш" деген баага окушат.

"Уулум орус тилин билгендиктен, маселе деле болгон жок. Кызым кичине кыйналды. Башында кызымды мектептен чыгарып алгым да келген. Анткени ал "ата, мен мугалим, башка балдар эмне деп атышканын түшүнбөй жатам" дечү. Анан ага телефон алып берип, бардык жагынан жардам бере баштадык. Тез эле көнүп, тил үйрөнүп, жакшы окуп кетти", -деген Курбанов мигранттардын балдарына байланыштуу көйгөй бир аз апыртылган деген пикирде.

Маселенин чыныгы көлөмүн аныктоо өтө кыйын, анткени бардык эле ата-энелер жылдап баласынын билим алуу укугун талап кыла алышпайт. Айрымдар дароо эле кол шилтеп, эч кимге кайрылбайт. Акчалуулары уул-кыздарын менчик мектептерге беришет. Бул маалыматты "Жарандык көмөк" комитетинин баяндамасынын автору Константин Троцкий дагы ырастайт.

"Мектептерге кабыл алуу эрежелеринин бузулушу тууралуу расмий статистикасы жок. Орусиянын бийлиги жалпыга жеткиликтүү билим берүү тууралуу айтканы менен, чындыгында андай эмес".

Адвокат Красованын айтымында, эгер мектепте бош орун болсо, мыйзамга ылайык кандай гана болбосун кабыл алынышы керек. Ал мектеп директорлоруна миграциялык кызматтын функциялары жүктөлбөшү керек деген пикирде.

Өткөн айда Орусиянын президенти Владимир Путин өлкөдөгү мектептерде чет элдик эмгек мигранттарынын балдарынын көбөйүшүнө кабатырланып, алардын санын кыскартууга чакырган болчу.

Владимир Путин
Владимир Путин

Ал президенттин алдындагы Улут аралык мамилелер боюнча федералдык кеңештин жыйынында сүйлөп жатып, "мигранттардын балдары жергиликтүү окуучулардын билим деңгээлине терс таасирин тийгизип, улут аралык араздашууга дайыма себеп болуп жатканын" айткан:

"Биздин мектептердеги мигранттардын балдарынын саны формалдуу түрдө гана эмес, иш жүзүндө дагы орус тилдүү чөйрөгө ылайыкташкандай болушу зарыл. Мында алар бир гана тилге эмес – биздин маданий чөйрөгө дагы терең аралашып, аларга биздин орусиялык баалуулуктар кеңири сиңирилгендей болушу керек".

Ички иштер министрлигинин 2020-жылдын декабрь айына карата маалыматына караганда, Орусияда алты миллиондой эмгек мигранты бар. Пандемиянын айынан көбү мекенине кайтууга аргасыз болгон. Мындан улам алардын саны мурунку жылдарга караганда бир нече эсе кыскарган. Адатта Орусияда бир эле маалда 10-11 миллиондой мигрант эмгектенчү.

Росстаттын статистикасына ылайык, 2019-жылы жаш курагы 15ке жете элек 67 миң бала Орусияга кирген. Жогорку экономика мектебинин билим берүү институтунун маалыматына караганда, азыр Москва мектептеринде 60 миңдей мигранттын балдары билим алат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG