Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:00

Быйыл Орусияда дайынсыз жоголгон беш кыргызстандыктын сөөгү табылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү дайынсыз жоголгон жети кыргызстандыкты издеп жатат.

2021-жылдын тогуз айында Орусияда жалпы 64 кыргызстандык жаран издөөгө алынып, 57синин дайыны табылды.

Жоголгон жарандардын 47си быйыл, калган ону мурдагы жылдардан бери издөөдө болгон. Алардын ичинен төрт жарандын сөөгү киши колдуу болуп өлгөн белгилер менен өлүкканадан табылса, моргдогу дагы бир кыргызстандыктын ким экени билинбей, ДНК анализдери алынган.

Бир жаран оорукананын жандандыруу бөлүмүнөн, сегиз киши эркинен ажыратылган жерлерден табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

2021-жылдагы жалпы эсеп боюнча жети киши дайынсыз болууда. Анын үчөө мурдатан бери изделип келген. ИИМ өкүлчүлүгү айрымдан Кыргызстанда калган туугандары акча талап кыла бергендиктен, из жашырып кеткен учурлар да болуп жатканын эскертти.

Кыргызстандан Орусияга барган эмгек мигранттарынын расмий эсеби 600 миңден ашуун экени айтылып келет, бирок бейрасмий эсепте бир миллиондон ашык мигрант Орусияда эмгектенет. (BCh)

XS
SM
MD
LG