Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:35

Австрияда жаңы канцлер ишке киришти


Австриянын жаңы канцлери Александр Шалленберг. 11-октябрь, 2021-жыл.
Австриянын жаңы канцлери Александр Шалленберг. 11-октябрь, 2021-жыл.

Австрияда узак жылдардан бери дипломатиялык кызматтарды аркалап келген Александр Шалленберг 11-октябрда ант берип, канцлердик кызматка киришти. Эки күн мурда Себастьян Курц коррупцияга байланыштуу иликтөөлөрдөн улам канцлердик кызматтан кеткен эле.

52 жаштагы Шалленберг 2019-жылдан бери тышкы иштер министри болуп иштеп келген жана Курцтун консервативдүү Элдик партиясынын мүчөсү болчу.

Анын ордуна Тышкы иштер министрлигинин жетекчилигине Австриянын Франциядагы элчиси болуп иштеп келген Майкл Линхарт дайындалды.

Дүйшөмбүдөгү ант берүү аземин жетектеген президент Александр Ван дер Беллен эми Австриянын өкмөтү ишке көңүл бурушу керек экенин айтты.

Өткөн аптанын башында Австриянын прокурорлору 35 жаштагы Себастьян Курцка жана дагы тогуз кишиге байланыштуу коррупция айыптары боюнча иликтөө жүрүп жатканын билдирген. Deutsche Welle кабарлагандай, тергөөчүлөр 2016-жылдан 2018-жылга чейин өлкөнүн Финансы министрлиги бюджеттик каражаттарды Австриянын гезиттериндеги жарнактарды каржылоого жумшаганын, буга жооп катары Курцтун партиясына пайдалуу сурамжылоолор жарыяланып турганын аныкташкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG