Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:21

Таласта мейманканада чатак салган адам кармалды


Мейманкананын талкаланган эшиги.
Мейманкананын талкаланган эшиги.

Талас шаарындагы Kerben Palace мейманканасында ээнбаштык кылган шектүү кармалды. Бул тууралуу Талас облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 11-октябрь күнү таңкы саат 4төр чамасында болгон. 38 жаштагы жаран мейманкананын эшиктерин сындырып, чатак салган.

Мындан сырткары эки автоунаанын айнектерин талкалаган. Окуя тууралуу журналист Авланбек Жумабаев социалдык тармактарга жазып чыгып, шектүүнүн милицияда иштей турганын билдирген. Милиция бул маалыматты четке какты.

Аталган факты реестрге бейбаштык фактысы менен катталган. Учурда шектүү адам сурак берип жатканы кабарланды. (MkT)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG