Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:56

АКШ өз жарандарын Кабулдагы мейманканалардан алыс болууга үндөдү


Кабулдагы "Серена" мейманканасы.
Кабулдагы "Серена" мейманканасы.

АКШ менен Улуу Британия өз жарандарын Ооганстандын баш калаасы Кабулдагы мейманканалардан оолак болууга үндөдү. Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаменти 11-октябрда билдирүү таратып, анда америкалыктарды өзгөчө чет өлкөлүктөр көп конгон "Серена" мейманканасына барбай турууга чакырды жана буга "коопсуздукка байланыштуу коркунучтарды" жүйө келтирди.

"Серена" мейманканасындагы же анын жанындагы америкалык жарандар тез арада аймактан чыгып кетиши керек", - деп айтылат расмий билдирүүдө.

Август айында "Талибан" Ооганстанды каратып алар алдында эки-жагы бекем тосмолонгон бул мейманканага көптөгөн чет өлкөлүктөр топтолгон болчу.

Азырынча АКШ менен Британиянын соңку эскертүүсү тууралуу толук маалымат жарыялана элек.

Буга чейин ооган өкмөтү кулап, талибдер бийликке келгенден бери Ооганстандагы бир нече кандуу чабуул болуп, алардын көбүнө "Ислам мамлекети" террордук уюму жоопкерчиликти алган эле.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG