Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:11

Кыргызстан 250дөй ооган студентине виза берет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 249 ооган студентине виза бермей болду. Бул тууралуу аталган мекемеден "Азаттыкка" билдиришти. Маалыматка караганда, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) академиясы жана Бишкектеги Борбор Азиядагы Америка университети ооган жарандарына тиешелүү визаларды берүү өтүнүчү менен кайрылган.

"Ооганстан студенттерине 500 виза берүү тууралуу министрлик тиешелүү мамлекеттик органдар менен макулдашып, учурда окуу визасын белгиленген тартипте тариздөөдө. Бул иштер улантылып жатканын белгилейбиз", - деп жазылган ТИМдин маалыматында.

Ооган студенттерине Кыргызстанда окуусуна шарт түзүп берүүгө даяр экенин президент Садыр Жапаров Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассемблеясындагы видео кайрылуусунда белгилеген.

Августта Ооганстандын борбору Кабулду талибдер ээлеп, качкындар көбөйгөн учурда атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз бийлиги жардам катары 500 ооган студентине виза берүүгө даяр деп айткан. Кийин бул демилге бир топ эл аралык жолугушууларда козголуп, кыргыз бийлигинин виза берүү чечимин кубатташкан.

Кыргызстандагы эл аралык окуу жайларда чет өлкөлөрдүн ичинен Өзбекстан, Түркия, Тажикстан, Пакистан, Индия, Казакстан, Ооганстан жана Кытайдан келген студенттер басымдуу.

Ооганстандык студенттердин басымдуу бөлүгү Бишкектеги Борбор Азиядагы Америка университети, Нарындагы Борбор Азия университети жана Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде билим алышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG