Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:25

Коронавирустан бир бейтап көз жумду, 57 учур жаңы катталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.
Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда, 11-октябрда ооруну жуктуруп алган бир бейтап каза болду. 57 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Вирус жаңы аныкталгандардын көпчүлүгү Бишкек шаарында.

Бишкек – 40
Ысык-Көл - 8
Жалал-Абад - 4
Ош шаары- 2
Чүй – 2
Талас - 1

Ош, Нарын жана Баткен облустарында ооруну жаңы жуктуруп алгандар катталган эмес. Ушуну менен былтыр марттан бери Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 179 336 адамга жетти.

Пандемия башталгандан бери жалпы 2 620 адам каза болду. Бир күндө 67 адам сакайып чыкты. Бүгүнкү күнү 458 адам ооруканада, 680 бейтап үйүндө дарыланып жатат.

Республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда, коронавирус жуктуруп каза болгондордун бардыгы вакцина албагандар. Кыргызстанда инфекцияга каршы эмделгендердин жалпы саны 1,5 млн. ашты. Алардын 870 миңден ашууну вакцинанын биринчи дозасын алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG