Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:00

Төө-Ашууда жол эки тараптуу ачылды


Бишкек - Ош жолу.
Бишкек - Ош жолу.

Бишкек - Ош жолундагы Төө-Ашуу тилкесинде 10-октябрдын кечинде жол эки тараптуу ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Кыял Курганбаев кабарлады.

"Төө-Ашууда кардын калыңдыгы беш сантиметрдей. Машинелер үчүн эки тараптуу кыймыл толук ачылды. Айдоочуларга кышкы дөңгөлөктөр менен жолго чыгып, этият болуусун эскертебиз".

Буга чейин 10-октябрда түшкө чейин калың жааган кардан улам аталган ашууда кыймыл убактылуу чектелгени кабарланган.

Азыркы тапта Бишкек - Ош жолунда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ыкчам тобу иштеп жатат. Октябрь айында Кыргызстанда аба ырайы дароо суук болуп, тоолуу аймактарга кар жаады. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG