Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:47

Бишкекте инклюзивдик фестиваль болуп өттү


Кыргызстанда 30 миңге чукул майыптыгы бар 18 жашка чыга элек балдар катталган.
Кыргызстанда 30 миңге чукул майыптыгы бар 18 жашка чыга элек балдар катталган.

Бишкекте 10-октябрда "Жаңыртуу" коомдук фонду "Сорос Кыргызстан" фондунун көмөгү менен "Күн алдында чогуу" аттуу фестиваль өткөрдү.

Анда майыптыгы бар адамдар, балдар өз таланттарын көрсөтүштү. Уюштуруучулар кабарлагандай, фестивалдын максаты инклюзиялык коомду илгерилетүү болуп саналат.

Иш чарада майыптыгы бар балдардын, чоңдордун колунан жаралган буюмдардын, сүрөттөрдүн көргөзмөсү болду. Майрамдык концерт уюштурулуп, кол өнөрчүлүк сабактар берилди.

Кыргызстанда 30 миңге чукул майыптыгы бар 18 жашка чыга элек балдар катталган. Алардын көпчүлүгү жалпы билим берүү мектеп, окуу жай, бала бакчаларга бара алышпайт.

Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун майыптыгы бар адамдарды коомго интеграциялоо боюнча конвенциясын 2019-жылы ратификациялаган. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG