Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:23

Чехиядагы шайлоодо премьер Бабиштин кыймылы утулду


Премьер-министр Андрей Бабиш ANO кыймылы шайлоо өнөктүгү маалында.
Премьер-министр Андрей Бабиш ANO кыймылы шайлоо өнөктүгү маалында.

Чехиядагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча азыркы учурдагы премьер-министр Андрей Бабишке оппозиция болгон үч партиянын “Бирге” (SPOLU) коалициясы жеңип чыкты. Бул үч партия бириккен коалиция 27,8% добушка ээ болду.

Учурдагы премьер-министр Андрей Бабиштин ANO кыймылы 27,1% добуш алып, экинчи орунда калды. Үчүнчү орунду башка дагы бир солчул-оппозициялык эки партиянын бириккен коалициясы камсыздады.

Мындан сырткары чех парламентине ашынган популисттик "Эркиндик жана тикелей демократия" партиясы кирди.

Ал эми Чехиянын Коммунисттер партиясы негизделген күндөн бери биринчи жолу 5% босогодон өтпөй калып, парламентке кирген жок.

Соңку отуз жылдан бери шайлоолордон утуп чыгып, башкаруучу партия болуп келген Социал-деомкратиялык партиясы дагы өткөн жок. Мындан төрт жыл мурун бул эки партия тең шайлоодон утуп чыгып, премьер-министр Бабиштин кыймылы менен бирге башкаруучу коалицияны түзгөн эле.

Ал эми учурдагы шайлоо алдындагы өнөктүктө жогорудагы эки оппозициялык коалиция парламентте башкаруучу көпчүлүктү түзүп, коалициялык өкмөт куроо максаты бар экенин жарыялаган.

Эми президент Милош Земан жакын арада жеңүүчү тарапка өкмөттү куроо мандатын ыйгарат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG