Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:42

Австриянын канцлери отставкага кетти


 Себастьян Курц
Себастьян Курц

Австриянын федералдык канцлери Себастьян Курц кызматтан кетерин жарыялады. Жакында эле оппозициядагы үч партия - Австриянын Социал -демократиялык партиясы, "Жаңы Австрия" жана Австриянын Эркиндик партиясы канцлердин отставкасын талап кылышкан.

Өлкөнүн прокуратурасы Курц жана коррупцияга шектелген бир нече адамга карата иликтөө жүрүп жатканын билдирген. Deutsche Welle кабарлагандай, тергөөчүлөр 2016-жылдан 2018-жылга чейин өлкөнүн финансы министрлиги бюджеттик каражаттарды Австриянын гезиттериндеги жарнактарды каржылоого жумшаганын, буга жооп катары Курцтун партиясына пайдалуу сурамжылоолор жарыяланып турганын аныкташкан.

Курц 9-октябрдын кечинде отставкага кеткенин жарыялап, канцлер кызматына тышкы иштер министри Александр Шалленбергди сунуштады.

34 жаштагы Курц 2017-жылдын октябрында парламенттик шайлоодон кийин канцлер болгон. 2019-жылы саясий жаңжалдан улам парламент ага ишеним көрсөтпөй, кызматтан кеткен. Ошол жылдын аягында мөөнөтүнөн мурда шайлоо болуп, Курц жетектеген Австриянын Элдик партиясы кайрадан жеңишке жеткен жана ал экинчи жолу федералдык канцлер кызматына отурган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG