Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:35

Татарстанда аэроклубдун парашютчулары бараткан учак кулады


Кулаган учак.
Кулаган учак.

Татарстандын Мензелинск шаарынын аймагында L-410 учагы кулады. Бортундагы 20дан ашуун адамдын 16сы мүрт кетип, үчөө аман калганы тууралуу "Интерфакс" кабарлады.

"Би-Би-Си" Татарстандын Саламаттык сактоо министрлигине шилтеме берип, алты киши аман калганын, бирөөнүн абалы оор экенин жазды. Алар ооруканага жеткирилди. Кырсык болгон жерде 50дөй куткаруучу жана техникалар иштеп жатат. Президент Рустам Минниханов дагы барды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, учак 10-октябрда эртең менен абага көтөрүлгөндөн кийин эле радардан көрүнбөй калган. Маалыматтарга караганда, учакта учкучтардан тышкары жергиликтүү аэроклубдун парашютчулары болгон.

"Телеграмдагы" Baza каналы жарыялаган сүрөт-видеолордо учак экиге бөлүнүп кеткенин көрүүгө болот.

Кырсыктын себеби азырынча белгисиз.

Ушул эле үлгүдөгү L-410 учагы сентябрда Иркутскиде, июлда Кемероводо кулаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG