Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:36

Түркияда тыңчылыкка шек саналган алты чет өлкөлүк жаран кармалды


Стамбул полициясынын Терроризмге каршы башкармалыгы жана Түркиянын Улуттук чалгындоо уюму тыңчылыкка шектелген алты чет өлкөлүк жаранды кармады.

Habertürk басылмасы жазгандай, кармоо операциясы Анталияда жана Стамбулда ишке ашырылды. Шектүүлөрдөн үч тапанча алынды. Алардын биринде үн басуучу жана лазердик конструктор, жана башка курал-жарактар үчүн ок болгон. Колго түшкөндөр куралдуу чабуул уюштурууну көздөшкөн деп болжолдонууда.

Habertürk тараткан сүрөттө кармалгандардын биринен Орусиянын паспорту алынганын көрүүгө болот. Түрк бийлиги азырынча шектүүлөрдүн жарандыгы тууралуу маалымат бере элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG