Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:15

Коронавирус дагы 93 адамдан аныкталды


10-октябрга карата Кыргызстанда дагы 93 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Мурда оору жуккандардын арасынан бир киши көз жумду.

COVID-19га каршы Республикалык штабдан кабарлашкандай, вирус жаңы аныкталгандардын 71и Бишкек шаарында.

Соңку суткада Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында жана Ош шаарында оору жуккандар катталган жок.

2020-жылдын март айынан бери коронавирус жуккандардын расмий эсеби 179 миңден ашты, алардын 2600дөн көбү каза болду.

10-октябрга карата өлкөдө коронавируска каршы вакцина алгандар 1 миллион 526 миңден ашты. Алардын 870 миңдейи биринчи дозаны, 656 миңге жакыны эки дозаны тең сайдырышты.

Өлкөнүн калкы 6,5 миллионду түзөт. Медиктердин эсебинде 18 жаштан өткөн 3,4 миллион адам эмделиши керек. Алардын 2,4 миллиону, башкача айтканда, 70 пайызы вакцина алса, өлкөдө жамааттык иммунитет калыптанары айтылган. Эмдөө бардык поликлиникаларда акысыз жүргүзүлүүдө.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эсебинде жер жүзүндө бул ооруга кабылгандардын эсеби 238 миллион 400 миңге жакындады. Алардын 4 миллион 900 миңдейи көз жумду. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG