Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Декабрь, 2022 бейшемби, Бишкек убактысы 05:29

Сузак айыл өкмөтүнүн имараты күйүп кетти


Өрт чалган имарат.

Сузак айыл өкмөтүнүн имараты күйүп кетти. Эртең менен саат сегиздерде башталган өрттүн себеби азырынча белгисиз.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Сузак районундагы бөлүмүнүн кызматкери Азизбек Осмонов "Азаттыкка" окуя боюнча учкай маалымат берди:

"Бизди көмүрканадан өрт чыкты деп чакырышты. Имараттын биринчи кабаты күйүп кетти. Алгач документтер менен эмеректерди сыртка алып чыктык".

Эки кабаттуу имараттын биринчи кабаты күйүп, өйдөгө тутанган. ӨКМ өкүлү чатырдагы жалын өчүрүлүп жатканын саат ондордо маалымдады. (TB\SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG