Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:26

Казакстанда аткаминерлер кардын видеосун чыгарган пенсионерди кечирим суратышты


Казакстанда чиновниктер кар жааганы тууралуу видео чыгарган пенсионерди эл алдында кечирим суратышты. Окуя өлкөнүн түндүгүндө, Павлодар облусунун Эгиндибулак айылында болгон.

Октябрдын башында Казакстандын бир топ аймагына калың кар жааган. Егиндибулактык пенсионер аял "мен октябрда мындай кар күрткүсүн көргөн эмесмин" деп короосун жана көчөсүн кар басып калганын видеого тарткан.

"Мен эч кимге даттанган жокмун, Кудай сактасын. Мен андай адам эмесмин. Видеону туугандарыма жөнөттүм. Алар башкаларга жайылтыптыр",- дейт аял.

Тасманы өздөрүнүн дарегине айтылган сын катары кабыл алган жергиликтүү чиновниктер аялга келип, суракка алышкан. Пенсионер эч кимге доосу жок экенин айтып, кечирим сураганы тартылган видеодо WhatsApp аркылуу жергиликтүү жаңылыктар тайпасына чыгарылган.

"Кар үчүн кечирим сурайбыз" деген кабар социалдык желеге бат эле тарап, айрымдардын нааразылыгын жаратты. Көптөгөн колдонуучулар чиновниктерди айыптап, пенсионерди басынтууга тиешеси барларды жазалоону талап кылышты.

Окуя болгон райондун акими кол алдындагылардан тургундарга короолорду жана көчөлөрдү тазалоого жардам беришин гана суранганын, бирок бир кызматкер анын көрсөтмөсүн туура эмес түшүнгөнүн билдирди.

Район башчысы пенсионерден жеке өзү кечирим сурады. Мамлекеттик кызмат иштери департаменти аткаминерлердин жоругун иликтей баштады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG