Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:37

Орусия бир катар журналистти "чет элдик агенттердин" тизмесине киргизди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Юстиция министрлиги "Свобода" радиосу жана "Север. Реалии" сайты менен кызматташкан үч журналистти "чет элдик жалпыга маалымдоо агенттери" реестрине киргизди. Алар - Татьяна Вольтская, Екатерина Клепиковская жана Елена Соловьева.

Тизмеде Bellingcat иликтөө долбоору да бар. Мындан сырткары, буга чейин "чет элдик тыңчы" деп таанылган "Дождь" телеканалынын журналисти Даниил Сотников, Би-Би-Синин орус кызматынын кабарчысы Андрей Захаров, "Настоящее время" телеканалынын журналисттери Елизавета Сурначева менен Роман Перл, журналист Евгений Симонов, "Жалпыга маалымдоо каражаттарынын укуктарын коргоо борборунун" башчысы Галина Арапова да ушул тизмеге киргизилди. Аталган борбор мурдараак "чет элдик тыңчы" деп табылган.

"Эркин Европа\Азаттык радиосунун" президенти Жейми Флай Орусиянын Юстиция министрлигинин бул чечимин "Орусиядагы көз карандысыз медианын үнүн өчүрүүгө кылган кезектеги аракети" деп сыпаттады.

Жейми Флай Орусиянын "чет элдик агенттер" жөнүндөгү мыйзамы маалыматты көзөмөлдөө каражаты катары иштеп жатканын жана бул аракетке каршы күрөш улантыла берерин айтты.

Учурда 85 адам жана уюм "чет элдик агенттердин" реестрине киргизилген. 2021-жылдын башынан бери тизме 68 пунктка көбөйгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG