Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:34

Жо Байден Нобел сыйлыгын алган журналисттерди куттуктады


Мария Рессе жана Дмитрий Муратов.
Мария Рессе жана Дмитрий Муратов.

АКШ президенти Жо Байден "Новая газета" басылмасынын башкы редактору Дмитрий Муратовду жана филиппиндик журналист Мария Рессени Нобелдин тынчтык сыйлыгын алганы менен куттуктады.

"Дүйнөдөгү көптөгөн журналисттер сыяктуу эле Рессе жана Муратов тайманбастан жана коркпостон фактыларга таянышууда. Алар кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууну ооздуктоо, коррупциянын бетин ачуу жана ачыктыкты талап кылуу менен алектеништи. Көз карандысыз маалымат каражаттарын түптөп, алардын үнүн өчүрүүнү каалаган күчтөрдөн коргошту", - деп айтылат Ак үй тараткан куттуктоодо.

Дмитрий Муратов менен Мария Рессе сыйланганы тууралуу Норвегиядагы Нобел комитети 8-октябрда билдирген.

Андан бир күн мурун Нобел сыйлыгы адабият жаатында теги танзаниялык, учурда Англияда жашаган жазуучу Абдулразак Гурнага ыйгарылган.

Ал эми химия илиминде жасаган ачылышы үчүн окумуштуулар Бенжамин Лист жана Дэвид Макмиллан Нобель сыйлыгын алышты.

Физика боюнча сыйлык илимпоздор Жоржио Паризи, Клаус Хассельман жана Сюкуро Манабега берилген.

Нобел жумалыгы 4-октябрда физиология жана медицина тармагындагы лауреаттарды жарыялоо менен башталган. Бул сыйлыкка АКШ окумуштуулары Дэвид Жулиус менен Ардем Патапутян ылайык деп табылган.

Экономика жаатындагы Нобел сыйлыгынын ээси 11-октябрда жарыяланат.

XS
SM
MD
LG