Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:39

Нобелдин Тынчтык сыйлыгы тайманбас журналисттерге берилди


«Новая газета» басылмасынын башкы редактору Дмитрий Муратов (оңдо) менен филиппиндик журналист Мария Ресса (солдо).
«Новая газета» басылмасынын башкы редактору Дмитрий Муратов (оңдо) менен филиппиндик журналист Мария Ресса (солдо).

Нобелдин Тынчтык сыйлыгы быйыл орусиялык "Новая газета" басылмасынын башкы редактору Дмитрий Муратов менен филиппиндик журналист Мария Рессага "сөз эркиндигин коргоого кошкон аракети үчүн" ыйгарылды.

"Ресса айым менен Муратов мырзага алардын Филиппин менен Орусиядагы эркин пикир билдирүү үчүн жасаган майтарылбас эрдиги үчүн Нобелдин Тынчтык сыйлыгы ыйгарылат", - деп жазылган Норвегиядагы Нобел комитети 8-октябрда тараткан билдирүүдө.

Дмитрий Муратов деген ким?

Норвегиялык Нобел комитетинин төрайымы Берит Рейсс-Андерсен "Новая газетанын" башкы редактору Дмитрий Муратов ар кандай коркутууларга карабай журналисттик принцибинен тайбаганын белгиледи.

Ал ошондой эле Муратовдун Орусияда маалымат каражаттарына басым-кысым болуп көрбөгөндөй күчөгөн кезде иштөөгө аргасыз экенин кошумчалады.

Дмитрий Муратов "Новая газетанын" негиздөөчүлөрүнүн бири, жалпысынан 24 жыл башкы редакторлук кызматты аркалаган.

Ал өзүнүн сыйлыгын "Новая газета" басылмасына, өз иши үчүн өмүр менен кош айтышкан маркум кесиптештеринин элестерине арнай турганын билдирди.

60 жаштагы Муратов сыйлык менен кошо ала турган каражаттын жарымын журналистикага жана олуттуу психикалык илдеттер менен жабыркаган балдарды дарылоого которо турганын кошумчалады.

"Эгер мен Нобел комитетинде болсом, букмекерлер добуш берген адамды колдомокмун. Алексей Навальныйды айтып жатам. Анын келечеги алдыда деп ойлойм", - деди Дмитрий Муратов 8-октябрда өткөргөн маалымат жыйында.

Быйыл Нобелдин Тынчтык сыйлыгын алат деген фавориттердин арасында орус оппозициясынын лидери, камактагы Алексей Навальный дагы бар болчу.

"Новая газета" басылмасы негизделгенден тарта эле журналисттери ар кандай коркутуп-үркүтүүлөргө дуушар болуп келет. Мындан 15 мурда Орусиядагы жогорку деңгээлдеги коррупцияны ашкерелеп, Чеченстандагы адам укуктарынын бузулушун ачык айткан Анна Политковскаяны өлтүрүп кетишкен.

Политковская 7-октябрда Москванын борборундагы үйүнүн алдында киши колдуу болгон. Анын көзүн тазалады деп айыпталгандар кылмыш жоопкерчилигине тартылганы менен буюртма бергендер табылбай калган.

Бир күн мурда Кошмо Штаттар жана Евробиримдик Орусияны күнөөлүүлөрдү таап, жоопкерчиликке тартууга чакырышты.

"Новая газета" басылмасынын редактору Дмитрий Муратов. 8-октябрь, 2021-жыл.
"Новая газета" басылмасынын редактору Дмитрий Муратов. 8-октябрь, 2021-жыл.

Эр жүрөк Мария Ресса

Нобел комитети Филлиппиндеги "Рапплер" агенттигинин түптөөчүлөрүнүн бири Мария Ресса сөз эркиндигин эр жүрөктүк менен коргоп келгенин баса белгиледи.

"Рапплер" Дутертинин режиминин маңзатка каршы кандуу жана чуулуу кампаниясын сынга алып келген.

"Ресса өз мекенинде, Филиппинде өсүп бараткан авторитаризмди, зомбулукту, бийликтин зулумдугун ашкерелөө үчүн сөз эркиндигинин фундеманталдык негиздерин колдонуп келет", - деди норвегиялык Нобел комитетинин төрайымы Берит Рейсс-Андерсен.

Агенттик президент Родриго Дутертенин маңзатка каршы күрөшүн ачык сындап жазып келген. Мындан улам "Рапплерге" 11 кылмыш иши козголгон.

Мария Рессанын өзүнө “салык төлөөдөн качканга аракет кылган”, "интернетте ушак-айың тараткан" деген айыптар тагылган.

Журналист Филиппиндеги сөз эркиндиги үчүн күрөштүн символуна айланган. 2018-жылы Time журналы Рессаны "Жыл адамы" деп таанылган журналисттер тобуна киргизген.

Ресса абройлуу сыйлыктын ыйгарылышы ал үчүн күтүүсүз болгонун, Нобел "фактысыз дүйнө чындыгы жок дүйнөгө барабар экенин" тааныганын айтты.

Нобелдин Тынчтык сыйлыгы былтыр дүйнөдөгү ачарчылыкты азайтууга кошкон эбегейсиз салымы үчүн Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасына ыйгарылган. Быйыл сыйлык менен кошо ыйгарыла турган 1,14 миллион доллар экиге бөлүнөт.

"Жыл адамы" деп табылган филиппиндик журналист Мария Ресса "Тайм" журналынын башкы бетинде. 11-декабрь, 2018-жыл.
"Жыл адамы" деп табылган филиппиндик журналист Мария Ресса "Тайм" журналынын башкы бетинде. 11-декабрь, 2018-жыл.

Эл аралык уюмдардын куттуктоосу

Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча башкармалыгынын маалымат катчысы Равина Шамдасани Ресса менен Муратовду куттуктап, "бул оор кырдаалдарда журналисттердин ишинин маанилүү экенинин таанылышы" деп билдирди.

Журналисттерди коргоо комитетинин аткаруучу директору Жоэл Саймон "Нобел сыйлыгы алардын жана дүйнөдөгү бардык журналисттердин чаалыкпас эмгегинин бааланышын билдирет. Алардын күрөшү-биздин күрөш", - деп жазды.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун жетекчиси Жейми Флай Муратовдун жана анын командасын куттуктап, "Маанилүү эмгектин бааланышы Орусияда ушундай кыйын шартта иштеп жаткан бардык журналисттерге дем болот", - деп билдирди.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков Муратовду "таланттуу жана эр жүрөк" деп атап, куттуктады.

Эл аралык коомчулук орус бийлигин көз карандысыз маалымат каражаттарын, жарандык активисттерди, укук коргоочуларды "Чет элдик агенттер", "Ылайыксыз топтор жана адамдар" деген мыйзамдардын негизинде куугунтуктап келгени үчүн сынга алып жүрөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG