Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:34

Химия боюнча Нобел сыйлыгынын ээлери аныкталды


Нобел сыйлыгы
Нобел сыйлыгы

Быйылкы жылы химия илиминде жасаган ачылышы үчүн окумуштуулар Бенжамин Лист жана Дэвид Макмилланга Нобел сыйлыгы ыйгарылды.

Окумуштуулар химия илиминде жаңы ачылыш жасап, "асимметрикалык органикалык катализаторлорду өнүктүрүүдө" биргелешкен ойлоп табуучулугу үчүн сыйлыкка көрсөтүлгөн.

Асимметрикалык органикалык катализаторлор - органикалык курамында көмүртек, суутек жана күкүрт камтылган элементтер болуп саналат. Алар химиялык реакциялардын ылдамдыгын тездетет.

Физика боюнча сыйлык окумуштуулар Сюкуро Манабэ, Клаус Хассельман жана Жоржо Паризиге ыйгарылган.

Медицина тармагы боюнча Нобел сыйлыгына "дене табынын рецепторлору жана теринин сезгичтиги боюнча жасаган илимий ачылышы" үчүн америкалык окумуштуулар Дэвид Жулиус менен Ардем Патапутиан татыган.

Нобелдин ээлери алтын медалга жана 1,1 млн. доллар өлчөмүндө акчалай сыйлыкка ээ болушат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG