Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:41

УКМК маңзат менен кармалган чек арачыга мурда да кылмыш иши козголгонун билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) караштуу Чек ара кызматы маңзат менен кармалган кызматкерлер тууралуу түшүндүрмө берди. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, маңзат менен кармалганы кабарланып жаткан Р. Д. аттуу адам чек ара кызматында мурда иштеп кеткен.

Ага мурда да кылмыш иши козголгон. Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, "Кадамжай" өткөрмө бекетинин мурдагы башчысы мамлекеттик жана аскердик сырды камтыган маалыматтарды сактоодогу мүчүлүштүккө шек саналып, июль айында кызматынан бошотулган.

"Мындан тышкары майор Р. Д.га карата мурда да бир нече кылмыш иши боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Ошондой эле, ал сентябрь айында Ысык-Көл райондук соту тарабынан Кылмыш кодексинин 268-беренеси менен ("Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатпоо максатында мыйзамсыз даярдоо") шек саналып, эки айга камалган", - деп жазылган маалыматта. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG