Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:18

Кыргызстан өзүн айрым азыктар менен гана толук камсыздай алат


Бишкектеги базардагы баалар. Июнь, 2021-жыл.
Бишкектеги базардагы баалар. Июнь, 2021-жыл.

Кыргызстан учурда өзүн сүт азыктары, картошка жана жашылча-жемиш менен гана камсыздай алат.

Бул тууралуу Монополияны тескөө агенттигинин жетекчиси Кеңешбай Тайлаков 1-радиого түз эфирде курган маегинде билдирди.

Анын сөзүнө караганда, калган азык-түлүктөр негизинен Евразиялык экономикалык биримдиктен (ЕАЭБ) жана башка өлкөлөрдөн импорттолот. Кеңешбай Тайлаковдун маалымдашынча, учурда агенттиктин кызматкерлери дүң базарларды текшерип, бааны атайылап көтөрүү фактыларын иликтөөдө.

Тайлаков учурда кумшекер менен күйүүчү майдын наркы эл аралык биржада аныкталарын айтып, булардын баасына Монополияны тескөө агенттиги көзөмөл кыла албасын эскертти.

Айрым эксперттер Кыргызстанга сырттан кумшекер ташуунун үстөмдүгү алдында жергиликтүү өндүрүш токтоп калганын айтып келишет. Алардын белгилөөсүндө ЕАЭБге мүчө Беларустан импорттолгон кумшекер жергиликтүү кызылчаны кайра иштетүүчү Кайыңды, Кант жана Кошой-Кант заводдорунун ишинин токтоосуна алып келген. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG