Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:39

Шайлоо-2021: бир мандаттуу округдан талапкер болом дегендер 108 адамга жетти


Кыргызстандагы бир мандаттуу округдардын картасы. Жалпы 36 округ. Сентябрь, 2021-жыл.
Кыргызстандагы бир мандаттуу округдардын картасы. Жалпы 36 округ. Сентябрь, 2021-жыл.

Жогорку Кеңештин депутаттыгына бир мандаттуу округдан катышуу ниетин билдирип арыз тапшыргандар 6-октябрга карата 108 адамга жетти. Жаңы арыз бергендердин баары өзүн-өзү көрсөткөндөр.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) сайтындагы маалыматка ылайык, 6-октябрда өзүн көрсөткөндөрдүн арасында парламенттин азыркы депутаттары да бар. Камчыбек Жолдошбаев №26 Ленин округунан (Бишкек), Дастан Бекешев №28 Октябрь округунан (Бишкек), Айбек Осмонов №7 Ош шайлоо округунан жана башкалар талапкерлигин көрсөттү.

Бир мандаттуу округдан депутаттыкка ат салышууну көздөгөндөр арызын 13-октябрга, ал эми катталуу үчүн документтерин 18-октябрга чейин тапшырууга тийиш. Бир талапкер бир округдан гана каттала алат. Азырынча арыз тапшыргандардын ичинен БШКнын мурдагы төрагасы Акылбек Сариев гана талапкер катары расмий катталды.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Бул ирет Жогорку Кеңешке 90 депутат келет. Анын 54ү партиялык система менен шайланса, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланат. БШКга 75 партия шайлоого катышуу ниетин билдирип, арыз берген. Алардын канчасы каттоодон өтүп, шайлоого катышары азырынча анык эмес.

Соңку парламенттик шайлоо Кыргызстанда 2020-жылдын 4-октябрында өткөн. Шайлоо тыянагына нааразылар эртеси күнү Бишкекте митингге чыгып, арты өлкөдө бийлик алмашууга алып келген.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG