Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:14

Депутат Абжалиев мамлекеттин үлүшү бар ишканалар талкаланып жатканын айтты


Алиярбек Абжалиев.
Алиярбек Абжалиев.

Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 5-октябрдагы жыйынында депутат Алиярбек Абжалиев мамлекеттин үлүшү бар ишканалар жакшы иштей албай жатканын айтып, "аларды менчиктештирүү туура" деп билдирди.

“Негизи бул мыйзамды колдойм, менчиктештирүүгө барышыбыз керек. Инвесторлор мамлекет менен байланышкысы келбейт. Мамлекетте тургандар талкаланып жатат. Алардын пайдасы жок. Бир сыйра карап чыгып, айрымдарын менчикке бериш керек", - деди депутат.

Парламенттеги Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында, “Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору каралып, жактырылды.

Анда мамлекеттик ишканаларды бириктирүү, менчиктештирүү жана жеке башкаруучуларга өткөрүү менен алардын натыйжалуугунун жогорулатуу каралган. Калкка кызмат көрсөткөн социалдык мамлекеттик ишканаларга бул мыйзамдын тиешеси жок.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду буга чейин “Менчиктештирүү–2020-2022” деген программанын алкагында 25 мамлекеттик мүлктү сатыкка чыгарган. Ишканалардын арасында акциясынын 100% мамлекетке таандык "Мегаком" компаниясы да бар.

Былтыр октябрь окуяларында Алиярбек Абжалиев мыйзамсыз баюуга шек саналып, кылмыш иши козголгон. Мындан кийин ал чет өлкөгө качып, Кыргызстанга июнь айында кайтып келген. Атайын кызмат козголгон кылмыш ишинин негизинде Абжалиев мамлекетке 20 миллион сом төккөнүн, тергөө иштери жүрүп жатканын билдирген.

Алиярбек Абжалиев – экс-президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы. Анын Атабек аттуу уулу Жээнбековдун кызына үйлөнгөнү маалым.

Экс-президенттин кан кудасы катары таанымал Абжалиевдин аты аралашкан чуулуу иштер 2018-жылдан тарта башталган.

2018-жылдын этегинде Алиярбек Абжалиевдин бир тууганы Ыктыярбек Абжалиев "Мегаком" деген соода маркасы катары белгилүү "Альфа-Телеком" акционердик коомунун логистика бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган. Бул коомчулукта кызуу талкууга алынгандан кийин Ыктыярбек Абжалиев кызматын өткөрүп берген.

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков бийликте турган кезинде Абжалиев менен куда-сөөк экенин ырастаган, бирок анын мамлекеттик иштерге, кадр маселесине киришкени тууралуу сөздөрдү четке кагып келген. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG