Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:06

УКМК Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалганын билдирди


Камчыбек Көлбаев.
Камчыбек Көлбаев.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Камчыбек Асанбектин (Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү делген 68 жаштагы казак жараны кармалганын билдирди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады. Атайын кызмат шектүү буга чейинки сотко чейинки териштирүү материалынын негизинде кармалганын кабарлады.

"Шектүү буга чейин баңгизат, курал-жарак, каракчылык, уюшкан кылмыштуу топ түзүү, Казакстан, Кыргызстан жана КМШ мамлекеттеринин аймагында уурдалган кымбат баалуу машиналарды сатууну көзөмөлдөө иштери боюнча бир нече жолу соттолгону аныкталды", - деп айтылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.

Учурда ал УКМКнын тергөө жайына киргизилип, Кыргызстандын аймагында башка дагы кылмыштарга тиешеси бар-жогун аныктоо иштери жүргүзүлүп жатат.

Октябрь окуяларынан кийин "кримтөбөл" атыккан Камчыбек Көлбаев кармалып, март айында тилкат менен кайра бошотулган. УКМК Көлбаев мамлекетке 50 млн. сом төгүп чыкканын маалымдаган.

АКШ 2012-жылы Көлбаевди дүйнөдөгү эң ири маңзат барондорунун тизмесине кошкон. Андан кийин, 2014-жылы АКШнын Мамлекеттик департаменти Көлбаевдин уюшкан тобу боюнча баалуу маалыматтарга 1 млн. доллар сыйлык жарыялаган. 2017-жылы аны "кара тизмеге" киргизген. Бир жылдан кийин Орусиянын Ички иштер министрлиги да Көлбаевге Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салган.

АКШ буга чейин Көлбаевдин кылмыштуу тармагы - бир нече евразиялык кылмыштуу топтордун лидерлеринен жана мүчөлөрүнөн турган "Brothers’ Circle эл аралык кылмыштуу уюмунун бөлүгү деп жазган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG