Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:11

Шайлоо-2021: "Ар-Намыс" менен "Улуттар биримдиги" бирикти


Кыргызстандагы бир мандаттуу округдардын картасы. Жалпы 36 округ. Сентябрь, 2021-жыл.
Кыргызстандагы бир мандаттуу округдардын картасы. Жалпы 36 округ. Сентябрь, 2021-жыл.

Айрым партиялар менен кыймылдар "Намыс жана Тартип" коалициясын түзүп, парламенттик шайлоого бирге бармай болду. Коалицияга "Ар-Намыс", "Улуттар" биримдиги", "Кыргызстан Элдик-Демократиялык саясий партиясы" жана "Мекендештер", "Элдик көзөмөл", "Көзөмөл" "Мекен сакчысы" кыймылдары кирген. Бул маалыматты "Ар-Намыс" партиясынын лидери Феликс Кулов "Азаттыкка" тастыктады.

Анын айтымында, партия лидерлери Феликс Кулов ("Ар-Намыс"), Мелис Мырзакматов ("Улуттар" биримдиги"), Артур Медетбеков ("Кыргызстан Элдик-Демократиялык саясий партиясы") жана кыймылдын жетекчилери Дмитрий Феодоров ("Мекендештер"), Кубанычбек Исабеков ("Элдик көзөмөл"), Саитжан Эратов ("Мекен сакчысы"), Айбек Турганбаев ("Көзөмөл") 4-октябрда келишимге кол коюшту.

"Тизмеге эки-үч партия, кыймылдын мүчөлөрү кирет, ушундай принцип менен барабыз. Бир гана "Улуттар биримдигинен" болбойт", - деди Кулов.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Бул ирет Жогорку Кеңешке 90 депутат келет. Анын 54ү партиялык система менен шайланса, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланат. БШКга 75 партия шайлоого катышуу ниетин билдирип, арыз берген. Алардын канчасы каттоодон өтүп, шайлоого катышары азырынча анык эмес.

Соңку парламенттик шайлоо Кыргызстанда 2020-жылдын 4-октябрында өткөн. Шайлоо тыянагына нааразылар эртеси күнү Бишкекте митингге чыгып, арты өлкөдө бийлик алмашууга алып келген.(КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG