Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:13

Орусия: абактардагы кыйноолордун видео архиви ачыкка чыкты


Владимир Осечкин.
Владимир Осечкин.

Gulagu.net укук коргоо долбоорунун негиздөөчүсү Владимир Осечкин Орусиянын түрмөлөрүндө кордолгондор тартылган атайын кызматтын көлөмү 40 Гб болгон "жашыруун" видео архивин алганын билдирди.

Осечкиндин айтымында, видеодо абакта отургандарды кыйнаган жана сексуалдык кордук көрсөткөн учурлар бар.

Ал ошондой эле, Орусиянын түрмөлөрүндө атайын кызматтардын тыңчылары иштеп, кураторлордун буйругу менен камактагыларды кыйнап, тиешелүү көрсөтмөлөрдү алууга ыңгайлашканын кошумчалады.

Видео компроматтардын жардамы менен камактагылар тиешелүү көрсөтмөлөрдү берип, тергөөчүлөр даярдаган кагаздарга кол койгон учурлары боюнча далилдер чыккан.

Биринчи видео архивде түрмөнүн ичине окшогон жайда бир нече киши керебетке байланган бир кишини уруп-согуп, сексуалдык кордук көрсөтүп жатканы тартылган. Анда бул окуя былтыр февраль айында болгону белгиленген.

Мындан сырткары адам укугун коргоо долбоору үч видео архивди "Медиазонага" берген. Басылма видео архивдер кандайча Осечкиндин колуна тийип калганын дагы баяндайт.

Gulagu.net интернет ресурсунун негиздөөчүсү жаза мөөнөтүн өтөп чыккан бир программист эки жылдан ашуун абак жайларындагы компьютерлерге кирүүгө мүмкүнчүлүк алганын билдирген. Анын айтымында, 200дөн ашуун адам кыйноого кабылган. Кырктай адамды кыйнаган учур видеого тартылып калган. Негизинен Саратов, Владимир жана Иркутск облустарындагы үч түрмөдөгү жагдай көрсөтүлгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG