Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2022 шейшемби, Бишкек убактысы 00:38

Тай-Мурас Ташиев депутаттык мандатын тапшырды


Тай-Мурас Ташиев.

Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Тай-Мурас Ташиев шаардык кеңештеги депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу арыз тапшырды. Бул маалыматты "Азаттыкка" өзү тастыктады. Арыз Аймактык шайлоо комиссиясына 4-октябрда берилген. Ташиев мындан ары ишкерлик менен алектене турганын, парламенттик шайлоого катышпай турганын билдирди.

"Өзүм ишкермин. Мандатымды тапшырып, "иштерим менен эле алек болоюн" деп үй-бүлөбүз менен чечтик", - деди Ташиев.

27 жаштагы Тай-Мурас Ташиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин баласы. Быйыл жайында өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоодо "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынан Жалал-Абад шаардык кеңешине депутат болуп келген. Атасы кызматка келгенден кийин ар кандай иш-чара, жыйындарда эл алдына көбүрөөк чыга баштаган.

УКМК төрагасы уулунун жергиликтүү шайлоого катышып жатканын кубаттаган. Ал "Азаттык" радиосунун кабарчысынын суроосуна жооп берип жатып "Балама ийгилик каалайм. Эгер ал Жалал-Абад шаарына депутат болуп, эл-журтка кызмат кылса мен кубанаар элем", - деп айткан эле.

Быйыл 11-апрелде Кыргызстанда 428 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо өткөн. Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында мыйзам бузуулардан улам добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылып, 11-июлда кайра шайлоо болгон. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG