Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:53

Жапаров октябрь окуяларынын бир жылдыгына карата кайрылуу жасады


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-октябрда 2020-жылдагы октябрь окуяларынын бир жылдыгына карата кайрылуу жасады.

Кайрылууда парламенттик шайлоодо, андагы адилетсиздиктен улам кулаган бийликтин катачылыгын, бийлик жетекчилеринин жоопкерчиликтен качканын, портфель бөлүшүү аракеттерин, партиянын ичиндеги жана өлкөдөгү коррупцияга алып келген шарттар тууралуу айткан.

"Мындай жагдайдын пайда болушуна 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын редакциясынын парламенттик-президенттик башкаруу формасына өтүү деген тариздеги мамлекеттин кызыкчылыктарына туура келбеген өзгөртүүлөрү себеп болду десем жаңылышпайм. Себеби, 2010-жылдагы Конституциянын редакциясы пропорционалдык шайлоо системасын киргизип, тилекке каршы шайлоолор жабык тизме менен өткөн. Бул система саясий коррупцияга жагымдуу шарттарды жараткан. Натыйжада саясий партиялардын лидерлери жабык тизмени кызылдай эле соодалап, шайлоодо добуштарды сатып алуу күчөгөн", - деп жазылган президенттин элге кайрылуусунда.

Мамлекет башчы өзү бийликке келгенден кийинки иштерге токтолгон.

"Чукул арада өлкөдөгү абалды мыйзамдуу жолу менен турукташтырып, стабилдүүлүктү сактап калдык. Элдин талабы боюнча мурдагы бийлик отставкага кетти жана өлкө Конституциясында белгиленген тартипте жаңы өкмөт түзүлдү. Бул ХХI кылымдын башындагы Кыргызстанда болгон ири бурулуш окуялардын бири экенинде шек жок", - деген президент.

Садыр Жапаров октябрь окуясында каза болгон Үмүтбектин жакындарына көңүл айтып, жабыр тарткандардын үй-бүлөсүнө таазим кылган.

Кыргызстанда 2020-жылдын 4-октябрында парламенттик шайлоо өткөн. Шайлоо тыянагына нааразылар эртеси күнү Бишкекте митингге чыгып, арты өлкөдө бийлик алмашууга алып келген.

2017-жылы алты жылга шайланган Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматын мөөнөтүнөн мурда, 2020-жылдын 15-октябрында тапшырып берген. Мамлекет башчынын милдетин 6-октябрдагы тополоң учурунда тарапкерлери түрмөдөн бошотуп, парламент жана мурдагы президент премьер-министр кызматына бекиткен Садыр Жапаров аткарып калган. Ал 10-январда өткөн президенттик шайлоодо жеңишке жетип, элдик референдумда шайлоочулардын көбү президенттик башкарууга өтүүнү колдоп берген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG