Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:43

Ош шаарынын 3021 жылдыгы белгиленүүдө


Ош шаарынын бир көрүнүшү. Сулайман-Тоонун боорундагы мечит.
Ош шаарынын бир көрүнүшү. Сулайман-Тоонун боорундагы мечит.

5-октябрда – Ош шаарынын күнү белгиленүүдө. Мэриянын басма сөз кызматы бул күнү калаадагы мекеме-ишканалардын кызматкерлеринин майрамдык жүрүшү жана гала-концерти болорун кабарлады.

Борбордук аянттагы концертке Кыргызстандын, Өзбекстандын, Орусиянын ырчылары катышат.

Ош шаарынын күнү 2000-жылдан бери 5-октябрда белгиленет. Болжол менен 30 кылым мурда түптөлгөн калаага 1876-жылы шаар деген расмий макам берилген.

Майрамга шаардык бюджеттен бөлүнгөн каражат сарпталат.

XS
SM
MD
LG