Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Октябрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 14:01

Атамбаевдин шайлоого жолун тоскон "Батукаев иши"


Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, кримтөбөл Азиз Батукаев,

Башкы прокуратура “Батукаев иши” боюнча жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу Жогорку сотко кайрылып, өкүмдү кайра күчүнө киргизүүнү өтүндү. Иштин алкагында экс-президент Алмазбек Атамбаев 11 жылга соттолгон эле.

Былтыр октябрь окуяларынан кийин сот бул өкүмдү жокко чыгарып, ишти кайра кароого жиберген. Мурдагы мамлекет башчынын тарапташтары прокуратура Атамбаевди парламенттик шайлоого катыштырбоо аракетин көрүп жатканын айтышууда.

Жокко чыккан өкүмдү жокко чыгаруу

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн бошотулушу боюнча соттук иштин айланасындагы жаңы маалыматтарды башкы айыпталуучу, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев жарыялады.

Анын айтымында, Жогорку сотко өтүнүч башкы прокурордун орун басары Кумарбек Токтакуновдун атынан келип түшкөн. Анда Атамбаевге карата Жогорку соттун былтыр 30-ноябрдагы токтомун жокко чыгарып, мурдагы чечимди күчүндө калтыруу өтүнүчү камтылат.

Замир Жоошев муну бийликтин Алмазбек Атамбаевди парламенттик шайлоого катыштырбоо аракети катары сыпаттады.

Замир Жоошев
Замир Жоошев

"Азиз Батукаевдин өлкөдөн чыгып кеткени боюнча Алмазбек Атамбаевге чыгарылган сот өкүмү былтыр, 2020-жылы 30-ноябрда Жогорку сот тарабынан жокко чыгарылып, артка кайтарылган. Анда Батукаевдин иши боюнча сотто Атамбаевге акыркы сөз берилбей соттолгону аныкталып, анын укугу бузулганы үчүн кайрадан кароого жиберилген. Башкы прокуратура эми Жогорку соттун ошол токтомун жокко чыгарууну өтүнүүдө. Бул мурдагы президентти шайлоого катыштырбоо үчүн анын соттолгонун күчүндө калтыруу аракети болуп жатат деп эсептейбиз", - деди Жоошев.

Кыргызстанда баңгизат сатуу, мыйзамсыз курал сактоо, ошондой эле адам өлүмүнө алып келген башаламандык уюштуруу үчүн айыпталып, 16 жыл 8 айга эркинен ажыратылган кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы “айыккыс илдетке чалдыкты” деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан. Ал атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен.

Кримтөбөлдүн мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иши 2019-жылдын январында кайра иликтене баштаган. Атамбаев ушул ишке байланыштуу Кой-Таш айылындагы үйүнөн кармалган. Иш сотко ошол жылдын октябрында өткөн.

2020-жылы, 23-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмилбек Каипов Атамбаевди “Батукаевдин иши” боюнча өзүн жана жакындарын мүлкүнөн ажыратуу менен 11 жыл эки айга кескен. Ошол эле жылы 17-августта Бишкек шаардык соту ишти карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

Былтыр октябрь окуяларындагы башаламандыктарда Атамбаев абактан бошотулуп, кайра кармалгандан кийин анын адвокаттары сотко кайрылышкан. Жогорку сот 2020-жылдын 30-ноябрында ишти кайра кароого Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жөнөткөн.

"Азаттык" Башкы прокуратурага иш боюнча маалымат сурап кайрылган, башкы көзөмөл органы жооп бере элек. Башкача айтканда, “Батукаев ишиндеги” жаңы жагдайлар эмнелер экени азырынча белгисиз.

Шайлоо: катыша алат, катыша албайт

Парламенттик шайлоого катышарын мурдагы президент Алмазбек Атамбаев “Кой-Таш окуясы” боюнча 27-сентябрда Биринчи май райондук сотунда өткөн отурумда билдирген.

"Мага мандаттын кереги жок. Бирок "тизменин башына туруп бериңиз" деп суранып жатышат. Бул тууралуу ойлонуп жатам. Катышсам дагы символикалуу түрдө гана катышам", - деген анда Атамбаев.

Буга байланыштуу коомчулукта бир сыйра талкуу чыккан. Адистер мурдагы мамлекет башчы уулдары негиздеген “Социал-демократтар” партиясынын катарында шайлоого барышы мүмкүн деген жоромолдорду жазышты.

Буга байланыштуу журналисттер Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) кайрылып, түшүндүрмө сурап жатышты. Мекеменин маалыматына ылайык, мыйзам боюнча соттун айыптоо өкүмү күчүндөгү адам шайлоого катыша албайт. Бирок соттун өкүмү жокко чыккан абалда тургандыктан Атамбаев азыр соттолгон адам болуп саналбайт.

БШКнын төрайымынын орун басары Нурлан Койчукеев “Азаттыкка” учкай буларды билдирди.

Нурлан Койчукеев
Нурлан Койчукеев

“Эгер бир мандаттык тутумду алсак, иши боюнча өкүм чыга элек адам шайлоого катышам десе, жеке өзү БШКга келип арыз бериши керек. Өзү келсе арызын кабыл алабыз. Мыйзамда ошондой жазылган. Ал эми партиялык тутумда тизмени партиянын лидери же ыйгарым укуктуу өкүлү алып келип бериши керек. Партиянын тизмесинде шайлоого катышам десе, эгер мыйзам жол берсе катыша берет”.

Акыркы маалыматтар боюнча 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого катышуу ниетин 75 партия билдирген. Ал эми бир мандаттуу 36 округ боюнча талапкерлердин саны да 80дин тегерегинде болуп жатат. Алардын арыздарын кабыл алуу дагы уланат.

“Соодалашууга барбаса тагдыры чечилбейт”

Алмазбек Атамбаевге "Батукаев ишинен" тышкары дагы бир канча кылмыш иши козголгон. Алар Калыс-Ордо жаңы конушуна мектеп салуудагы коррупция, Кой-Таш окуясы, Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция жана Кой-Таш айылындагы жер тилкелерин мыйзамсыз алуу боюнча иштер. Акыркы үч кылмыш иши “Кой-Таш окуясы” деген бир кылмыш ишине бириктирилген.

2020-жылы октябрь окуяларынан кийин Атамбаевге жаңы кылмыш иштери козголду. Ички иштер министрлиги 5-6-9-октябрдагы башаламандык боюнча Атамбаевге кылмыш иши тууралуу билдирме тапшырып, 10 түрк жаранына кыргыз жарандыгын берүү боюнча кылмыш ишинин айыбын угузду.

Негизги иш боюнча соттук өкүмү күчүнө кирбеген күндө да, мына ушул иштер боюнча мурдагы президентке карата кандай чечим чыгары белгисиз бойдон калууда.

Аз күн мурда "Новые лица" басылмасына курган маегинде "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев абакта жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кармалып турушу боюнча пикирин билдирип, буларды айткан:

Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев

"Мен Атамбаевди жактырбайм, бирок азыр объективдүү оюмду айтып коюшум керек. Мендеги маалыматтарга караганда, Алмазбек Атамбаевге карата айыптоочу чечим же токтом жок. Атамбаев соттолгон жок. Ошондуктан, аны эки жыл түрмөдө кармап отуруу ынанымсыз. Алмазбек Атамбаев кылмыш мыйзамдары жол бергендей - коомго коркунуч келтирбегени, тергөө ишине терс таасирин тийгизбегени үчүн үй камагына чыгарылууга тийиш".

“Батукаев иши” боюнча Атамбаевден башка мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаеваны да күнөөлүү деп таап, ага 5 миллион сом айыппул салган. Ал мамлекеттик чиндеринен жана мамлекеттик наамынан ажыратылган.

Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов күнөөлүү деп табылган, кылмыш жообуна тартуу мөөнөтү өтүп кеткендиктен ага жаза чегерилген эмес.

ЖАМК төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев күнөөлүү деп табылып, эки жылга эркинен ажыратылган. Бирок буга чейин камакта отурганын эсепке алганда, жазасын өтөп бүттү деп таанылып, сот залынан бошотулган.

Жарандык активист Дайырбек Орунбеков ушул темада үн кошту:

Дайырбек Орунбеков
Дайырбек Орунбеков

“Батукаевдин бошотулушу кезинде аябай резонанстуу окуя болгон. Жөн гана чуу жараткан окуя эмес, бул улуттун намысына шек кетирген, ар бир кыргыз жаранын кемсинткен жана ойлонткон иш болгон. Батукаев ошол убакта бийлик башында турган кишинин уруксаты жок ишке ашмак эмес, муну бардыгы билет. Менин билишимче тиешелүү органдарды жетектеген кызматкерлер бул иш боюнча Атамбаевге каршы көрсөтмө да беришкен. Мен бир кезде Атамбаев менен соттошуп, ичинде ызасы калган киши катары эмес, катардагы жаран катары гана пикирим, ал бул иш боюнча жазаланыш керек деп эсептейм. Бүткүл улуттун намысы тепселенген иште эч ким жазаланбай калса, бул туура эмес болуп калат”.

Алмазбек Атамбаевдин “Батукаев иши” боюнча айыптоо өкүмү жокко чыккан мезгилде да бул саясий чечим катары бааланган эле. Муну айрымдар ошол учурда күтүлүп жаткан президенттик шайлоо менен байланыштырган. Ушундан улам экс-президент мына-мына абактан чыгат деп айтылып келген.

Атамбаевдин адвокаттары ошондон бери аны үй камагына чыгаруу тууралуу бир нече жолу сотко өтүнүч келтиришкен. Бирок саясатчынын бөгөт чарасы өзгөртүлгөн жок. Атамбаев учурда Бишкектеги №47 колонияда отурат.

Саясат таануучу Мүсүркул Кабылбеков өз талдоосу менен бөлүштү:

Мүсүркул Кабылбеков
Мүсүркул Кабылбеков

“Албетте, Атамбаевдин ишинде чыныгы кылмыш ишине караганда саясат көбүрөөк. Демек, бардык соттук чечимдер жана ошонун айланасындагы аракеттер Атамбаевдин саясий позициясынан көз каранды. Буга байланыштуу сүйлөшүүлөр дайым эле уланып турат деп эсептейм. Эгер Атамбаев соодалашууга келип, “эч кандай саясий окуяларга катышпай турганын” айтса, же “чет жакка чыгып кетүүгө макулдук берсе” анын көп иштери жабылып кетмек. Анткени мурдагы президенттин айланасындагы иштерде маселелер ушундай эле жол менен чечилет. Муну биз дагы бир экс-президент Аскар Акаевдин мисалында көрүп жатабыз. Ал Кумтөр боюнча өзү тиешеси бар экенине карабай, келип көрсөтмө берип кетти, биздин бийлик аны камаган жок. Ал эми Атамбаевге байланыштуу кандай чечим болсо да кабыл алышы керек, анын иши асылган абалда эле тура бербейт да. Менин баамымда чечимдер аны актоого багытталбайт”.

“Кой-Таш окуясы” боюнча айыпталуучулардын дагы бири, камакта жаткан Равшан Жээнбеков да мурдараак соттук отурумдардын биринде “ага карата соттук өкүм чыга электигине карабай, БШК анын арызын кабыл албай жатканын” даттанган. БШК кийин билдирүү таратып, Жээнбековдун ишенимдүү өкүлдөрү комиссияга кайрылбаганын, документтерин алып келбегенин кабарлаган.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG