Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:10

Иманалиев: Инандынын иши кийин "Батукаев-2" болушу мүмкүн


Каныбек Иманалиев
Каныбек Иманалиев

Парламент имаратынын алдына он чакты адам Түркияда камакта жатканы белгилүү болгон Орхан Инандыны мекенине кайтарууну талап кылып чыкты. Кыргызстанда бул окуя курч талкууну жаратты.

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев "Азаттыкка" курган маегинде, Инандынын окуясын кыргыз бийлиги үчүн чоң сокку жана өлкөнүн эл аралык абройуна доо кетире турган иш деп мүнөздөдү. ​

- Каныбек мырза, "Сапат" билим берүү мекемелеринин президенти Орхан Инандыны Түркиянын атайын кызматы алып чыгып кеткени белгилүү болду. Бул иш түрк атайын кызматынын гана ишиби?

Кыргыз жаранын бийлик коргой албаса, бул чоң көйгөй. Эл аралык аброюна доо кетет, инвесторлор ишенбейт, өзүнүн жарандарында тынчсыздануу болот.

- Биринчиден, чын эле бандиттик топтор алып чыгып кетип, биздин атайын кызмат билбей калышы мүмкүн. Экинчиден, Батукаев сыяктуу кимдир бирөөлөр акча алып, ошолордун жардамы менен чыгышы ыктымал. Орхан Инандынын абройлуу агартуучу, таасирдүү инсан экени экинчи кеп, биринчи кезекте ал кыргыз жараны. Кыргыз жаранын бийлик коргой албаса, бул чоң көйгөй. Эл аралык аброюна доо кетет, инвесторлор ишенбейт, өзүнүн жарандарында тынчсыздануу болот. "Сапаттын" эле мектептеринде миңдеген улан-кыздарыбыз окуйт, алардын ата-энелери бар. Бүт жагынан алганда кыргыз мамлекети үчүн дагы, кыргыз бийлиги үчүн дагы чоң сокку болду.

- Орхан Инандынын ишинде Батукаевдин иши кайталанат деген ойдосузбу?

- Батукаевди чыгарып жиберген операция бийлик алмашкандан кийин аки-чүкүсү белгилүү болбодубу. Бул дагы ошондой болушу мүмкүн. Азыр ар кандай комиссия түзүлөт, бирок бийлик каалабаса жаап коет. Бийлик алмашкандан кийин тагыраак белгилүү болгонун көрүп жүрөбүз. Профессионалдык иликтөө болсо, эртели-кеч ачыкка чыгып, баары жоопко тартылат. Чын эле Кыргызстандагы кылмыштуу топтун өкүлдөрү жардам бергенби же бийлик жардам бергенби дегени белгилүү болот.

- Эми мамлекет жетекчилери, Тышкы иштер министрлиги кандай кадамдарга барыш керек?

- Дипломатия деген бар, Кыргызстандын атуулу болгондон кийин биздин Тышкы иштер министрлиги нота бериш керек. Ал тараптан ар кандай реакция болот. Иш жүзүндө кайтарып бербейт. Анткени алардын президентинин деңгээлдинде дүйнөлүк террорчуну кармагандай жарыя салганына караганда, алар үчүн Орхан Инанды өтө таасирдүү фигура экенин билдик.

Бирок биз тышкы саясатка байланыштуу мыйзамдарга, Вена конвенциясына ылайык нота берип, өз аракетибизди кылышыбыз керек. Биздин беделибиз абдан тебеленди, ага карабастан кандайдыр бир формалдуулуктарды Тышкы иштер министрлиги ишке ашырышы зарыл.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG