Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:06

Инандынын жоголгонуна жарым айдан ашты


Орхан Инандынын табылышын талап кылган жарандар бир канча күндөн бери акцияга чыгып жатат
Орхан Инандынын табылышын талап кылган жарандар бир канча күндөн бери акцияга чыгып жатат

Дайынсыз болуп жаткан “Сапат” билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды Кыргызстандын жарандыгын кантип алганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) иликтеп жатат.

Бул тууралуу УКМКнын төрагасынын орун басары Рустам Мамасадыков 16-июнда Жогорку Кеңеште Инандыны издөө иштери тууралуу маалымат берип жатып айтты.

“Орхан Инанды жарандык алганын текшерүү боюнча сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп жатат. Анын жыйынтыгында ак же кара деп мыйзам чегинде чара көрүлөт”.

Анын алдында Ички иштер министрлиги (ИИМ) Инандыны укук коргоо органдарынын 1000 кызматкери издеп жатканын билдирген.

Мекеме тергөөнүн кызыкчылыгын негиз кылып, мугалимди издөө боюнча ыкчам-тергөө иштери тууралуу азырынча ачык айтылбай турганын кошумчалаган.

Милиция Инанды Кыргызстандын чек арасы аркылуу чет өлкөгө чыкпаганын маалымдады. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев 16-июнда Жогорку Кеңеште Инандыны издөө иштери боюнча маалымат берип жатып айтты.

Анын сөзүнө караганда, мындан тышкары Түркия, Грузия, Казакстан, Чехия, Испания, Румыния жана Ооганстан өлкөлөрүнөн да Орхан Инанды чек арадан өтпөгөнү тууралуу маалымат келди. Кыргызстан бул мамлекеттерге Интерпол аркылуу багыттама берген.

Нурбек Абдиев Түркия буга чейин Орхан Инандыны өткөрүп берүү өтүнүчү менен Кыргызстанга кайрылганын ырастады. Бирок ал качан болгонун тактаган жок.

“Түркияда бул жаран “ФЕТӨ/FETO (ред: Түркиянын бийлиги Фетхуллах Гүлендин кыймылын ушинтип атайт) кылмыштуу уюмуна мүчө катары издөөдө жүргөнү” жөнүндө бизге кагаздар келген. Ал Кыргызстандын жараны деген негизде Түркияга берилген эмес. Андан сырткары Түркиянын бир нече жаранына “ФЕТӨ террористтик уюмуна мүчө болуп турат. Аларды бизге бергиле” деген кагаздар келет. Ал боюнча биз убагында Башкы прокуратурага кайрылганбыз”.

Буга чейин Орхан Инандынын жубайы Түркиянын Кыргызстандагы элчисине жазган катын тапшыра албай жатканы белгилүү болгон. Бул тууралуу 15-июнда "Азаттык" радиосуна Инандынын үй-бүлөсүнүн адвокаты Таалайгүл Токтакунова билдирген:

“Электрондук кат менен жөнөттүк. Жооп жок болду. Биз колго тапшыралы деп элчиликке барсак күзөт кызматкери катты окуп, элчинин уруксаты керектигин айтты. Анын уруксатын кантип алсак болорун сурасак билбей турганын айтып кетип калышты”.

Рейхан Инанды катын 11-июнда жазып, элчиден күйөөсүн издөөгө жардам сураган.

Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Орхан Инанды
Орхан Инанды

Орхан Инанды Кыргызстанда 16 “Сапат” лицейин, эл аралык “Ала Тоо” университетин, “Силк Роад” мектебин жана төрт толук эмес жалпы билим берүү мектебин түптөгөн адамдардын бири.

Ал 31-майдан бери дайынсыз болууда. Милиция бул факт боюнча Жазык кодексинин 170-беренеси ("Адам уурдоо") менен кылмыш ишин козгогон. Инандыны Интерпол да издеп жатат.

Теги түркиялык мугалим 2012-жылы Кыргызстандын жарандыгын алган. Ошол эле кезде Түркиянын да жарандыгынан чыккан эмес. Орхан Инандынын тарапташтары аны тезирээк табууну талап кылып Бишкекте бир нече жолу нааразылык акцияларын өткөрүштү.

Президент Садыр Жапаров тийиштүү мекемелерге Инандыны издөө иштерин күчөтүүнү жана кошумча күч тартууну тапшырган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG