Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:06

Орхан Инанды табышмактуу жагдайда жоголду


Кыргызстандагы "Сапат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды бир күндөн бери дайынсыз болууда. Президент Садыр Жапаров аны издөө иштерин күчөтүүнү жана кошумча күч тартууну тапшырды.

Кыргызстанда 25 жылдан бери иштеп жүргөн түрк мугалимдин айдап жүргөн автоунаасы Бишкектен табылды. Кесиптештери бул ишке Түркиянын атайын кызматтарынын катышы болушу мүмкүн деп шек санап жатат.

Орхан Инанды - Кыргызстандагы “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин негиздөөчүлөрүнүн бири. Өлкөдө 1995-жылдан бери иштеп келген Инанды 2012-жылы Кыргызстандын жарандыгын алган.

Инанды кантип жоголду?

Эл аралык "Сапат" билим берүү мекемеси Орхан Инанды 31-майдын кечинен бери дайынсыз болуп жатканын билдирди. Бишкектин Октябрь райондук ички иштер бөлүмү аны издөө үчүн милициянын ыкчам тергөө тобун түздү.

Расмий маалыматка караганда, 1-июнда Октябрь райондук милициясына Бишкектин Малдыбаев жана Саманчин көчөлөрүнүн кесилишинде "01KG 599AHR" мамлекеттик номурлуу "Lexus 470" үлгүсүндөгү автоунаа ачык турганы боюнча маалымат түшкөн.

Укук коргоо кызматкерлери барганда Орхан Инандынын уулу Юсуф Косе атасы 31-майда кечки саат 18:00дө байланышка чыккан бойдон дайынсыз экенин айтып, арыз жазган. Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, иш териштилип жатат.

"Сапат" билим берүү мекемесинин өкүлдөрү жетекчисинин жоголушуна байланыштуу 1-июнда Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүштү.

"Сапаттын" вице-президенти Раина Асакеева мындай деди.

Раина Асакеева.
Раина Асакеева.

“Саясий тараптан да кандайдыр бир түшүнүксүз нерселер болдубу аны так айта албайм. Бүгүн бул адамды (ред: Орхан Инанды) жоготуп, изин таппай, көзүн көрбөй отуруп калганыбыз биз үчүн оор болду. Экинчиден, бул окуя эмне үчүн 31-майда болду? Балким жалпы орто билим берген мектеп, мекемелердин окуу жылы аяктаганына байланыштуубу?”, - деп суроо салды Раина Асакеева.

Орхан Инандынын кесиптештери анын уурдалышы бүдөмүк жагдайларды жаратканын билдиришүүдө. Алар муну "каракчылык" деп айтууга болбой турганын, себеби автоунаасындагы баалуу буюмдар ордунда экенин жүйө келтиришти.

Орхан Инандынын дайынсыз жоголушуна президент Садыр Жапаров да реакция кылды. Өлкө башчы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) жана Ички иштер министрлигине (ИИМ) Инандыны издөө иштерин күчөтүүнү жана кошумча күчтөрдү тартууну тапшырды.

Түркиянын Бишкектеги элчилигинин алдына Орхан Инандыны колдогон бир нече адам акцияга чыгып, анын тез табылышын талап кылышты.

Орхан Инандыны колдогон бир нече адам акцияга чыгып, анын тез табылышын талап кылышты. 1-июнь, 2021-жыл.
Орхан Инандыны колдогон бир нече адам акцияга чыгып, анын тез табылышын талап кылышты. 1-июнь, 2021-жыл.

Жактоочу Зоотбек Кудайбергенов такталбаган маалыматтарга таянып Инанды Бишкек шаарында күч менен кармалып турушу мүмкүн экенин айтууда.

“Биздеги тастыкталбаган маалымат боюнча күч колдонуп, Бишкеке тирүү кармап турушат. Автоунаасы Октябрь районундагы бир кафенин жанында табылды. Анын ичинде баалуу буюмдар жоголгон эмес. Бул уурдап-тоноо үчүн болгон эмес дегенди түшүндүрөт. Эгер тоноо болсо баалуу буюмдар жок болуп кетет эле”.

Ал эми Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) "Сапат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандыга 2019-жылы айрым уюшкан кылмыштуу топтор аны акча талап кылыш үчүн уурдашы мүмкүн экендиги тууралуу эскертилгенин кабарлады.

“2019-жылы айрым уюшкан кылмыштуу топтор Орхан Инандыны акча талап кылуу максатында уурдашы мүмкүн деген маалымат түшүп, “Адамды уурдоо” беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Иликтөөнүн жүрүшүндө Инандыга уурдоо коркунучу бардыгы кабарланган. Коопсуздук органдары ага жеке жансакчы алуу сунушун берген", - деп айтылат атайын кызмат тараткан билдирүүдө.

Улуттук коопсуздук комитети аталган кылмышты жасагандарды табуу үчүн Ички иштер министрлигине ар тараптуу жардамдашып жатканын кабарлады.

Шек жараткан жагдайлар

"Сапат" билим берүү мекемесинин башкы директору Нурлан Кудайбердиев Орхан Инандынын уурдалышын Түркиядагы саясий окуяларга байлап, “бул иштин артында түрк бийлиги турушу мүмкүн” деп божомолдоду.

“Бул кишинин (ред: Орхан Инанды) эч ким менен деле душмандыгы жок болчу. Түркия саясий окуяларга байланыштуу өзүнүн ар кайсы мамлекеттеги жарандарын уурдап кетип жатпайбы. Бизде да ушундай эле божомол бар. Анткени, Орхан Инанды эч ким менен жаман-жакшы айтышпаган дипломат киши”.

2019-жылы “Сапат” лицейинин эки кызматкери, түрк жарандары Синан Йылмаз менен Санжар Абдулхакимди кылмыш жообуна тартыш үчүн Анкара талап кылып, Башкы прокуратура аларды Түркияга өткөрүп берүү тууралуу токтом чыгарган. Ал чечим коомчулукта талкуу жаратып, Бишкектин Биринчи май райондук соту прокуратуранын токтомун мыйзамсыз деп тапкан жана экөө Түркияга экстрадиция болгон эмес.

Расмий Анкара акыркы беш жылдан бери Кыргызстанда кайсы гана бийлик келбесин бозгундагы диниятчы, АКШда жашап жаткан Фетхуллах Гүлендин тарапкерлерлери жана "Сапат" билим берүү мекемелерине байланыштуу маселени кабыргасынан коюп келет.

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу ушул жылдын март айында Бишкекте президент Садыр Жапаров менен жолукканда да “ФЕТӨ уюму Кыргызстан үчүн да коркунуч жаратат” деп айткан.

Саясат талдоочу Адил Турдукулов "Сапат" Кыргызстанда өз ишин ээн-эркин улантып жатканы үчүн Анкара Кыргызстанга Гүлен боюнча улам-улам эстетип жатат деп эсептейт:

Адил Турдукулов.
Адил Турдукулов.

“Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Фетхуллах Гүлен түптөгөн билим берүү системасын террористтик уюм катары сыпаттап келет. Ошондуктан, ага тиешеси бар адамдарга Түркияда эле эмес башка өлкөлөрдө да кысым болуп жатканы маалым. Гүленге тиешеси бар адамдар башкалкалап жүргөн мамлекеттердин жетекчилерине Түркия басым кылат. Ушундай эле басым Садыр Жапаровго ачык болбосо да, көмүскө жасалып жатканын билебиз. Орхан Инандыны Түркия Кыргызстандан чыгарып кетип, бул ишке Кыргызстандын атайын кызматынын тиешеси болсо, бул өтө одоно ката. Муну улуттук коопсуздукка шек келтирүү, керек болсо чыккынчылык десек болот”.

2018-жылы түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстанга расмий сапар менен келип кеткенден кийин түркиялык "Хүрриет" басылмасы Анкара кыргыз бийлигине Фетхуллах Гүлендин кыймылынын 130 мүчөсүнүн тизмесин бергенин жазган.

Маалыматта кыймылдын жергиликтүү 13 лидерин Анкарага дароо өткөрүп берүү талабын койгону айтылган. Кыргызстандагы "гүленчилердин" аты-жөнү ачык жазылган эмес, бирок алар түрк жарандары экени белгилүү болгон. Коопсуздук кеңешинин ошол кездеги катчысы Дамир Сагынбаев бул маалыматты четке каккан.

Өлкөнүн Түркиядагы мурдагы элчиси Мамбетжунус Абылов "Сапат" билим берүү мекемелеринин Кыргызстандын билим берүү системасында орду чоң экенин айтты. Ал "Сапат" ишин токтотпошу керек деп, Орхан Инандынын жоголушунда саясий боёк жок деген пикирин ортого салды.

“Буларда акчанын агымы чоң да. Бул ишти ушул маалыматты жакшы билгендер жасады го деген ой кетип жатат. Каражатка кызыгышкандыр же бирөө анын ордун ээлейин деп жүргөндүр. Себеби, Кыргызстанда экономика төмөн, уюшкан кылмыштуу топтор жок боло элек. Мүмкүн ошолор аны кармап, акча талап кылууну көздөп жаткандыр. Мен бул окуя Түркия менен Кыргызстандын мамилесин бузбайт деп ойлойм”.

Орхан Инандынын дайынсыз жоголушу президент Садыр Жапаров Түркияга барат деп күтүлүп жаткан убакка туш келди. Расмий эмес маалыматтар боюнча кыргыз президенти Түркияга кийинки жумада жол тартат.

Интернетте бул окуяга байланыштуу “Манас” эл аралык аэропортуна Түркиянын атайын борту келип конгонун жазып, учактын сүрөтүн жүктөп жатышат. Аба майдандын басма сөз кызматы ал түркиялык учак жеке менчик экенин, Тамчы аэропортуна машыгуу үчүн учуп барып, кайра артка кайтканын кабарлады.

Орхан Инанды деген ким?

Орхан Инанды - Кыргызстанда “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин негиздөөчүлөрүнүн бири. Кыргызстанда 1995-жылдан бери иштейт. 2001-жылдан бери “Сапаттын” президенти. Кыргызстандын билим берүү системасына кошкон салымы үчүн 2002-жылы “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги” төш белгиси, 2003-жылы “Даңк” медалы менен сыйланган. 2012-жылы Кыргызстандын жарандыгын алган. Түркиянын жарандыгынан чыккан-чыкпаганы тууралуу маалымат жок.

“Сапат” жана “Маариф”

“Сапат” билим берүү мекемеси Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштейт. Бүгүнкү күндө “Сапат” 16 лицейди, эл аралык “Ала Тоо” университетин, эл аралык “Силк Роад” мектебин, төрт толук эмес жалпы билим берүү мектебин камтыйт. Бул мекемелерде 10 426 мектеп окуучу жана студенттер билим алууда.

Түркияда 2016-жылы 15-июлда аскердик төңкөрүш жасоо аракети болуп, аны расмий бийлик “АКШда бозгунда жүргөн Фетхуллах Гүлендин тарапкерлери жасады” деп айыптап келет. Бул төңкөрүш аракетинде 250дөй адам каза тапкан. Гүлен өзү жана анын тарапкерлери дооматтарды четке кагып келет.

Мындан кийин түрк бийлиги диний аалым Фетхуллах Гүленге таандык деп эсептелген Кыргызстандагы “Сапат” билим берүү мекемелерин жабууну кыргыз бийлигинен талап кылган.

Кыргызстандын ошол учурдагы президенти Алмазбек Атамбаев буга каршы жооп берип, түрк лицейлери өлкөгө эч кандай коркунуч келтирбей турганын билдирген. Ага карабай кыргыз бийлиги 2017-жылдын башында “Себат” лицейин “Сапат” деп өзгөртүп, жарым-жартылай өкмөттүн ээлигине алган.

2018-жылы Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын Кыргызстандагы расмий сапарында Түркиянын “Маариф” фонду менен кызматташтык тууралуу меморандум кабыл алынган. “Сапат” альтернатива катары саналган “Маариф” билим берүү мекемелеринин биринчи мектептери Бишкекте ушул жылы ишке берилери кабарланган.

Гүлендин жакын тууганы кармалды

Ал тапта Түркиянын мамлекеттик "Анадолу" кабар агенттиги ФЕТӨ/FETO (ред: Түркиянын бийлиги Фетхуллах Гүлендин кыймылын ушинтип атайт) кыймылынын жетекчилеринин бири Селахаддин Гүлен (Найробиден) чет өлкөдөн кармалып, Түркияга алып келингенин жазды. Бирок кайсы мамлекеттен колго түшкөнүн тактаган жок.

Ал эми Кениянын жергиликтүү маалымат каражаттары аны Түркиянын атайын кызматы кармап, алып чыгып кеткенин билдирди. Селахаддин Гүлен - АКШда бозгунда жүргөн диний аалым Фетхуллах Гүлендин жакын тууганы. Түрк басылмалары анын колуна кишен салынып, Түркиянын туусунун жанында түшкөн сүрөтүн жарыялашты.

Инандынын кармалышы, соцтармактын реакциясы

Саясатчы Эмилбек Каптагаев:

"Орхан мырзанын Кыргызстандагы билим берүү деңгээлин көтөрүүдө, заманбап билимге ээ жаштарды өстүрүүдө төө көтөргүс эмгеги бар, биз милдеттүүбүз анын алдында. Уурдап кетүү кимдин колунан келди, белгисиз азыр. Бирок бул иш "гүленчи" деген шылтоо менен Түркиянын атайын кызматтарынын колунан келген болсо, анда эки боордош элдин ортосундагы мамиледе өчкүс кара так калат. Биринчиден, Орхан мырза Кыргыз Республикасынын жараны, экинчиден, эгемендүү мамлекеттин аймагына келип өзүм билемдик кылуу жосунсуз жорук, адамкерчиликке дагы, эл аралык мамилеге дагы жатпаган. Кандай болгон күндө да бул иштин бети ачылып, уурдоого тиешелүүлөр кармалышына эки өлкөнүн жетекчилери кызыкдар болуусу зарыл. Коопсуздук кызматы менен Ички иштер министрлиги бул ишке маани берип, Орхан мырза тез арада табылат деп ишенем".

Саясат талдоочу, журналист Айданбек Акматов бул ишти эки өлкө мамилесин бузуу үчүн кимдир бирөөлөр жасашы мүмкүн дейт:

"Орхан Инандынын жоголушу кыргыз-түрк мамилесине чок таштоо болушу мүмкүн. Кыргыз-түрк мамилеси маанилүү өзгөрүү алдында турган...".

Жазуучу Олжобай Шакир:

"Бул өтө кооптуу коңгуроо!!! "Сапат" билим берүү мекемеси Кыргызстанда бирден бир көзгө басар окуу жайы. Анын негиздөөчүсү Орхан Инандын дайынсыз жок болуп кетиши Кыргызстандын беделине оңбогондой чоң сокку!!! Муну Кыргыз бийлигинде отургандар канчалык деңгээлде түшүнүп атты экен?!".

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG