Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:41

Сот "Сапаттын" кызматкерлери боюнча чечимди мыйзамсыз деп тапты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Башкы прокуратуранын “Сапат” лицейинин эки кызматкери боюнча токтомун мыйзамсыз жана негизсиз деп тапты.

Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна соттун басма сөз катчысы Асел Равшанбекова билдирди.

Анын айтымында, башкы прокурордун биринчи орун басары түрк жарандары Синан Йылмаз менен Санжар Абдулхакимди кылмыш жообуна тартыш үчүн Түркияга өткөрүп берүү тууралуу токтом чыгарган:

- 25-декабрдагы бул токтомдор жокко чыгарылды. Көзөмөл органы он күндүн ичинде апелляциялык тартипте шаардык сотко кайрыла алат.

Башкы прокуратуранын токтомдорун жокко чыгаруу өтүнүчү менен райондук сотко түрк жарандарынын адвокаты кайрылган.

Айрым маалыматтарга караганда, алар экөө тең азыр Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында кармалууда.

Мурдагы «Себат», учурдагы «Сапат» билим берүү мекемелери Кыргызстанда өз ишмердигин 1992-жылы баштаган. Анын түзүүчүсү, диниятчы Фетхуллах Гүленди түрк бийлиги өзүнө душман санайт. Анын кыймылын президент Режеп Тайып Эрдоган «террордук» деп таанууга чакырган. (RK)

XS
SM
MD
LG