Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:34

Түркиянын «Маариф» фонду биринчи мектебин Бишкекте ачат


Хүснү Биржан жана Алмазбек Бейшеналиев.
Хүснү Биржан жана Алмазбек Бейшеналиев.

Түркиянын «Маариф» фонду Кыргызстандагы биринчи мектебин Бишкек шаарында ачат. Бул тууралуу 29-январда билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Алмазбек Бейшеналиев Борбор Азиядагы «Маариф» фондунун директору Хүснү Биржан менен жолугушканда белгилүү болду.

Хүснү Биржан мектепте окуучуларга жана мугалимдерге бардык шарттар түзүлөрүн айтып, кыргыз-түрк макулдашуусуна ылайык, мугалимдердин басымдуу бөлүгүн Кыргызстандын жарандары түзөрүн билдирди.

2020-жылы 10-ноябрда Түркиянын Анкара шаарында Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги менен «Маариф» фонду Кыргызстанда жеке менчик билим берүү уюмдарын ачуу жана иштетүү боюнча макулдашууга жетишкен.

«Маариф» менен кызматташтык тууралуу меморандум 2018-жылы Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын Кыргызстандагы расмий сапарында кабыл алынган.

Түрк бийлиги 2016-жылы диний аалым Фетхуллах Гүленге таандык деп эсептелген билим берүү мекемелеринин ишин токтотууну Кыргызстандан талап кылган. Расмий Бишкек түрк лицейлери өлкөгө эч кандай коркунуч келтирбей турганын билдирген соң эки өлкөнүн мамилеси сууй түшкөн. 2017-жылы Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жаткан «Себат» билим берүү мекемелери бийликтин чечими менен «Сапат» болуп өзгөргөн. (BTo)

XS
SM
MD
LG