Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:58

Табышмактуу жагдайда жоголгон Инанды табыла элек


“Сапат” билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандыны табууну талап кылган жарандар Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин астында. 02.06.2021
“Сапат” билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандыны табууну талап кылган жарандар Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин астында. 02.06.2021

"Сапат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды үч күндөн бери дайынсыз болууда. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) менен Ички иштер министрлигинин (ИИМ) аны издөө иштеринен азырынча жыйынтык чыга элек.

Тарапташтары аны табууну талап кылып Бишкекте митинг өткөрүп жатышат.

Инандынын табышмактуу жагдайда жоголушу коомчулукта резонанс жаратып, саясий, коомдук ишмерлердин көңүлүн бурду.

Бул маселе 3-июнда Жогорку Кеңешин бир катар депутаттары бул боюнча тийиштүү мекемелердин маалыматын угуу сунушун беришти.

Алардын бири, депутат Улукбек Ормонов Инандыны издөө иштеринин жүрүшүн билүү жалпы коомчулук үчүн да маанилүү болуп жатканын белгиледи.

"Мына, үч күн болду. Кандай иш-чара болуп жатат? Ички иштер министрлиги өзүнүн маалыматын берип койсо. Бул жалпы коомчулук үчүн да керек".

2-июнда парламенттин тармактык комитети да буга реакция кылып, Министрлер кабинетин чечкиндүү кадамдарды жасоого чакырды.

"Сапат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандыны табууну талап кылгандар 2-июнда Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин, Жогорку Кеңештин алдына митингге чыгышкан.

Алар 31-майдан бери дайынсыз болуп жаткан мугалимдин тагдырына кабатырлыгын билдирип, өмүрүнө кооптонуп жатканын айтышты. Нааразы тарап Инандынын жоголушунун артында түрк атайын кызматтары турушу мүмкүн деп шек санап жатышат. Мындай божомолдорго элчилик жооп бере элек. Ушундай эле талап, шек-шыбаа менен элчиликтин алдында 1-июнда да нааразылык акция өткөн.

“Орхан Инанды агайыбыздын чаламандын чак түшүндө эле жоголуп кетиши тынчсыздандырууда. Эртең агайдын ордунда мен деле болуп калышым мүмкүн. Себеби, мен да "Сапат" лицейинде иштейм. Ал кишинин ордунда "Сапаттын" окуучусу же бүтүрүүчүсү деле болуп калышы мүмкүн. Биздин талабыбыз - ушундай кырдаалда Түркиянын элчиси чыгып, бизге өзүнүн оюн айтып койсо болмок”, - деди "Сапат" лицейинин окутуучусу Махабат Мурзакматова.

Орхан Инандыга байланыштуу айтылып жаткан сөздөр боюнча маалымат алуу үчүн Түркиянын Кыргызстандагы элчилигине чалып, байланыша алган жокпуз. Элчиликтин алдына 2-июнда чогулган 100дөн ашуун адамдын нааразылык акциясы Министрлер кабинетинин имаратынын жанында уланды. Митингге чыккандар президент, өкмөттүн имаратына барышып, бийликтен маалымат берүүнү талап кылышты.

“Сапат” билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандыны табууну талап кылган жарандар Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин астында. 02.06.2021
“Сапат” билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандыны табууну талап кылган жарандар Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин астында. 02.06.2021

Аларга президенттин администрациясынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Адилет Жанузаков чыгып жооп берип, президент Садыр Жапаров Орхан Инанды издөө иштерин күчөтүүнү жана кошумча күч тартууну тапшырганын айтуу менен чектелди.

“Ички иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук комитети иштеп жатат. Ыкчам издөө иштери боюнча тийиштүү чаралар көрүлүүдө. Президент, өкмөт башчысы да тапшырма берди. Бул иш администрациянын жетекчисинин көзөмөлүндө турат. Бир аз сабыр кылалы. Маселе бизди да бир аз өкүндүрүп жатат”.

1-июнда Орхан Инандынын аялы Рейхан Инанды социалдык тармак аркылуу Кыргызстандын бийлигине кайрылып, күйөөсү жоголгондон бери аны издөө иштерине жардам берип жаткандарга ыраазычылык билдирген. Ал дайыны билинбей жаткан өмүрлүк жарынын тагдырына санаа чегип, кооптонуп турганын айткан:

"Күйөөм сак-саламат эле арабызга кайтып келүүсүн каалайм. Андан башка тилегим жок. Кыргыз бийлигинен, элинен, жетекчилерден күйөөмдү издөөгө көмөк көрсөтүүсүн суранам. Кокус аны Түркияга депортация кылышса, өмүрүнө коркунуч келерин түрк басылмаларын окуп, билген адамдар аз да болсо билишсе керек. Өмүрү коркунучта деп кооптонуп жатам. Кыргыз элинин айкөлдүгүнө, меймандостугуна ишенем. Күйөөмдү депортациялабайт деп үмүттөнөм".

Ички иштер министрлиги (ИИМ) бул фактыны Жазык кодексинин 170-беренеси (“Адам уурдоо”) менен териштирүүдө. Орхан Инанды министрликтин, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жана Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринен турган ыкчам топ издеп жатышат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Орхан Инандыга 2019-жылы айрым уюшкан кылмыштуу топтор аны акча талап кылыш үчүн уурдашы мүмкүн экендиги тууралуу эскертилгенин кабарлады. Ошол эле жылы “Адам уурдоо” беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши башталып, иликтөөнүн жүрүшүндө атайын кызмат Инандыга жеке жансакчы алууну сунуштаганын айтууда.

Орхан Инандынын жакындарынын айтымында, бул окуядан кийин ал жансакчы алган. Бирок 31-майда, уурдалган күнү өзү жалгыз болгон. Түрк мугалимдин тарапташтары ал Кыргызстанда акча үчүн уурдалышы мүмкүн деген версияны четке какпайт. Бирок көпчүлүгү Инандыны "Түркиянын атайын кызматтары кармап кетти" деп эсептешет. Саясат талдоочу Эсен Өмүрканов мындай божомолдорго түрткү берген жагдайларды санап берди:

Эсен Өмүрканов.
Эсен Өмүрканов.

“Түркияда бийлик солкулдап, Режеп Тайып Эрдогандын партиясы үчкө бөлүнүп башка оппозициялык партиялар күчтөнүп баштады. Элдин 70% ага каршы болуп турган кезде ага ишенген 30% улутчул адамдардын көңүлүн буруш үчүн ушундай шоуларды уюштуруп жатат. Кениядан 30 жаштагы мугалимди уурдап чыгып, аны Түркияда эки-үч күн шоу кылышты. Эми Орхан Инандыны да алып чыгып кетип, муну да ушундай шоу кылыш керек болуп атат”.

Кыргызстандын атайын кызматы, Тышкы иштер министрлиги Орхан Инандынын Түркияга ыктымал чыгарылып кетиши тууралуу "ак же көк" дей элек. Кыргызстанда "Сапат" билим берүү мекемесинин кызматкерлерин Түркияга өткөрүп берүү аракети 2019-жылы көрүлүп, бирок ишке ашкан эмес.

Орхан Инанды - Кыргызстанда “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин негиздөөчүлөрүнүн бири. Кыргызстанда 1995-жылдан бери иштейт. 2001-жылдан бери “Сапаттын” президенти жана 2012-жылы Кыргызстандын жарандыгын алган.

Укук коргоочу Рита Карасартова учурда Кыргызстандын жараны болгон Орхан Инанды саясий иштерге байланыштуу Түркияга уурдалып кеткени чын болсо, өлкөнүн аброюна доо кетет деген ойдо:

“Биздин бийлик Түркияга “Орхан Инанды биздин жаран. Ал биздин өлкөдө кылмыш кылган эмес” дебесе, түрк бийлиги “Баткен окуясынан кийин Кыргызстанга жардам беребиз” деп жатканынын артында эмне бар экенин билип калабыз. Бул жаман көрүнүш болот. Биз өзүбүздүн жарандарыбыздын укугун коргой албаган, эгемендикти сактай албаган мамлекет болобуз”.

Жоголгон Орхан Инанды.
Жоголгон Орхан Инанды.

Орхан Инандынын эшиги ачык калган машинеси 1-июнга караган түнү таңга жуук Бишкекте табылган. Милицияга арызды анын уулу жазып, акыркы жолу атасы байланышка 31-майда кечинде чыкканын, ошо бойдон дайынсыз экенин билдирген.

Интернет колдонуучулары 1-июнда бул окуяга байланыштуу “Манас” эл аралык аэропортуна Түркиянын атайын борту келип конгонун жазып, учактын сүрөтүн жүктөштү. Аба майдандын басма сөз кызматы ал түркиялык учак жеке менчик экенин айтып, "Тамчы аэропортуна машыгуу үчүн учуп барып, кайра артка кайтты" деп түшүндүрмө берди.

Роза Айтматова, Ишенгүл Болжурова, Тынчтыкбек Чоротегин баштаган коомдук ишмерлер, окумуштуу-илимпоздор жана укук коргоочулар бийликке кайрылып, Орхан Инандыны чукул арада табууга чакырышты.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети болсо Орхан Инандынын жоголушуна чет өлкөлөрдүн кийлигишүүсү тууралуу кептер айтылып жатканын эскертти. Комитеттин кайрылуусунда бул божомол тастыктала турган болсо, Кыргызстандын жарандарынын укугун коргоо боюнча Министрлер кабинети чечкиндүү кадамдарга барууга тийиш экени жазылды.

“Сапат” билим берүү мекемеси Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштейт. Бүгүнкү күндө мекеменин курамында 16 лицей, бир жогорку окуу жайы (Эл аралык “Ала Тоо” университети), бир эл аралык жана үч толук эмес жалпы билим берүү мектеби бар.

АКШда бозгунда жүргөн Фетхуллах Гүлендин ФЕТӨ/FETO (ред: Түркиянын бийлиги Фетхуллах Гүлендин кыймылын ушинтип атайт) кыймылы Түркияда террористтик уюм деп табылган. Түрк бийлиги ага тиешеси бар адамдарды Түркияда кармап, чет өлкөдө жүргөндөрүн экстрадиция кылганга тынымсыз аракеттенип келүүдө.

Гүлен өзүнө коюлган доолорду негизсиз деп четке кагып, бийликтин каралоосу жана куугунтугу катары баалаган. 2016-жылдагы Түркияда ишке ашпай калган жана "гүленчилерди" куугунтуктоого түрткү болгон төңкөрүш аракетин түрк бийлиги атайлап уюштурган деген оюн айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG