Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2021 жума, Бишкек убактысы 08:49

Чек ара: жаңжал ырбаткан “соода согушу”


Кыргызстандын картасы жана анын ичиндеги Ворух анклавы. Анклав Тажикстанга карайт.

Тажикстандык соодагерлер чек ара жабылганына байланыштуу Бишкектен буйрутма берген товарларын ала албай жатканына даттанышты. Алар негизинен “Дордой” базарындагы сатуучулар жана цехтер менен иштешчү.

Мындан кыргызстандык ишкерлер да жабыр тартып жатат. Чек арадагы жаңжалдан улам ырбаган “соода согушу” эки коңшу мамлекетке тең кедергисин тийгизүүдө.

Жаңжалдан чыккан жагдай

Сөзүбүз алгач Кыргызстандан Тажикстанга кеткен соода агымы жөнүндө болсун. Демек, коңшу мамлекеттин борборунан кеп баштайлы.

Тажикстандык Your.tj медиа-порталы Дүйшөмбү шаарындагы ири базарлардын соодагерлери менен баарлашып, кыргыз-тажик чек арасындагы жагдайдан жабыр тарткандардын муңун укту.

"Корвон" деп аталган базардагы сатуучулардын бири Оина Негматова өз көйгөйүн кабарчыларга баяндап берди. Ага ылайык, соодагер он жылча убакыттан бери Бишкектен кийим алып жүргөнүн, бул убакытта эч кандай маселе болбогонун белгилейт. Бирок соңку чырдан кийин товары колуна тийген эмес.

Дүйшөмбү шаарындагы "Корвон" базары.
Дүйшөмбү шаарындагы "Корвон" базары.

“Мен сооданы балдар кийиминен баштагам, кийин сумка жана эркектердин кийимине өткөм. Үч жылдан бери аялдардын жана эркектердин кийимин алып келип сатчумун. Акыркы жолу мен апрелде товарга буйрутма бергем. 28-апрелде товарларымды алып келаткан фура биздин чек арага кириш керек эле, бирок андай болбой калды. Мурда деле эки-үч күн кечигип калышчу, ошого маани бербепмиз. Бирок бир апта, анан эки апта өттү, эми мына май айы аяктады, биздин товардан болсо эч кандай кабар жок. Жадагалса биздин жүктөр Бишкектен чыктыбы же, жокпу, аны да билбейбиз. Болбосо бул жолу биз 5 миң долларлык сатык кылган элек. Эми товарымды ала албай калсам, эмне болот белгисиз”,-деп билдирген соодагер Негматова.

Тажик соодагери апрелдин аягындагы жаңжалда чек арада фуралар өрттөлүп кеткенин угуп, бирок алар кимдердики экенинен кабары жоктугун айткан.

Дүйшөмбүдөгү башка бир базардын сатуучусу Махина буларды билдирген:

"Дордой" базары
"Дордой" базары

“Былтыр пандемиядан улам Кытай менен чек арабыз жабылып калган. Мына ушул жагдай бизди Бишкектен товар ташууга түрткөн эле. Эми эле Бишкекке ыңгайлашып, ал жакта “Дордойдон” товар жөнөткөн кишини таап алдым эле. Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан улам кайрадан ишим артка кетти. Азыр менин товарым кайда экенин да билбейм, чек арага жеттиби, жокпу, белгисиз. Мен сүйлөшкөн киши товар чек арада деп жатат, бирок мен ишенбей турам, товарым жоголуп кетсе, аны ким төлөп берерин да билбей турам. Бишкектин товарларына суроо-талап чоң, анткени салыштырмалуу арзан жана сапаты да жаман эмес. Алардын дизайндары да биздин кыз-келиндердин кийинүү стилдерине жакын келет. Ал эми маселен, Түркиянын товары кыйла эле кымбат болуп калат, себеби сапаты өтө жогору, аны көбү сатып ала албайт. Ошондуктан Бишкек бизге пайдалуу вариант болчу”,-деген ал.

“Автоунаалар кайда экени белгисиз”

Албетте, тажикстандык ишкерлер Кыргызстандын Бишкек шаарындагы жана Кара-Суу шаарындагы базарларынан товар ташышат. Бирок көбү борбордогу “Дордой” базарынан алып кетери белгилүү.

Бишкектик тажик тектүү тургундарынын бири Фаррух “Азаттыкка” буларды билдирди:

“Мен бир аптадай Кыргызстандын түштүк аймактарында болуп келдим. Ал жакта көп балдар товарларын Тажикстанга өткөрө албай турушат. Чек арага такалып калышты, аларды өткөрбөй жатышат. Ал товарлар контрабанда эмес, “Дордойдон” сатып алган кадимки эле кийим-кечек, же башка даяр товарлар. Ал тургай мага башка да тааныштар чалышты, Москвадан келаткан автоунаалары да Казакстандын чек арасынан Кыргызстанга кире албай турат экен. Болбосо алар транзит менен Тажикстанга кирип кетиш керек болчу, ошолорду да кармап, өткөрбөй жатышыптыр”,-деди ал.

Кыргыз чек арачылары.
Кыргыз чек арачылары.

Майдын ортолорунда “Азаттыктын” тажик кызматына интервью берген “Карго Абу-Муслим” компаниясынын ээси Обиджон Мирзобеков Тажикстанга товар ташып бараткан 60тай жүк ташуучу автоунаа Кыргызстандан чыга албай жатканын кабарлаган. Ал фуралар 30-апрелде Тажикстанга жетиши керектигин, бирок көбү Баткен облусунун аймагында калып кеткенин тактаган:

“Биздин айдоочулар кыргыздар, машинелерибизде да кыргыз номерлери катталган, бирок чек арада чогулган Баткен облусунун жашоочулары аларды Тажикстанга коё бербей жатышат. Биздин фураларды кыргыз-тажик чек арасына чейин жергиликтүү бийлик өкүлдөрү коштоп келишти, бирок жергиликтүү тургундар аларды укпай коюшту”,-деген ал.

Кыргыз-тажик чек арасындагы ондогон киши өмүрүн алган соңку жаңжалдан кийин Баткендин жүздөгөн тургундары чек оор жүк ташуучу автоунаалардын Тажикстандын кирүүсүнө бөгөт коюшкан. Алар “Элдик кошуун” түзүшүп күнү-түнү негизги жолдорду кайтара башташкан.

Коңшу өлкөгө кирип бараткан ондогон автоунаалар кармалып, артка кайтарылганы социалдык түйүндөрдө тараган видеолордо көрүнүп турган. Ал тургай күч кызматтарынын кайтаруусунда бараткан машинелер да кармалганы белгилүү.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) караштуу Чек ара кызматынын өкүлү Сажира Чоколоева “Азаттыкка” буларды билдирди:

Күйүүчү май ташууга ылайыкташтырылып жасалган автоунаа. Баткен. Март, 2021-жыл. Сүрөт УКМКга таандык.
Күйүүчү май ташууга ылайыкташтырылып жасалган автоунаа. Баткен. Март, 2021-жыл. Сүрөт УКМКга таандык.

“Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги көзөмөл өткөрүү жайларында тажик жарандарына тиешелүү жүк ташуучу автоунаалардын кезеги жок. Өткөрмө бекеттердин жетекчилери бирин-серин турган автоунаалар да жок экенин билдиришти”.

Бирок транспорттук компаниялар жана кыргызстандык тажик тектүү ишкерлер кабарлагандай, автоунаалар чек ара тарапта эмес. Алар Ош облусундагы жана Баткен облусундагы автоунаа токтотуучу жайларда жана терминалдарда турушат.

Карым-катышка кыргыз тараптын баасы

Арийне, тажик бизнесмендерине байланыштуу көйгөй Кыргызстанда быйыл март айында эле чыккан болчу.

Бишкектеги цехтин ээлеринин нааразылыгы. 2-март, 2021-жыл.
Бишкектеги цехтин ээлеринин нааразылыгы. 2-март, 2021-жыл.

Анда Бишкектеги 80дей цехтин ээлери жана кызматкерлери митингге чыгып “Дордой” жана “Мадина” базарындагы дүң соодагерлердин аракетине нааразылык билдиришкен.

Тигүүчүлөр Орусияда жана Тажикстанда иштеген тажик ишкерлерине түз товар сатууга кыргыз алып-сатарлары каршы болушканын, алар чет элдик ишкерлерди коркутуп, кысмакка алып жатканын даттанышкан. Акцияга чыккандардын айтымында, кыргыз соодагерлери тажик ишкерлерин кийим-кечекти “Дордойдогу” соода жайларынан сатып алуусун талап кылышкан.

Ушул жагдайдан улам азыр базарда иштегендер чек аранын жабылышына жана Тажикстандан буйрутмалар келбей калганынан көп деле зыян тарткан жок десек болот.

“Дордой” ассоциациясынын тигүүчүлөр секторунун төрайымы Асел Атабекова кепке кошулду:

Асел Атабекова
Асел Атабекова

“Тажик ишкерлери Бишкектеги цехтерди буйрутмалар менен толтуруп, керек болсо соңунда өздөрү да цехтерди ачып, бардык жерлерди ээлей башташкан эле. Алар базардан сатып албай, түз эле цехтерден алып алышчу. Муну менен алар кыргыз тигүү цехтерин жана сатуучуларын сүрүп чыгара башташкан. Биз талап кылып жатып алардын бир топ цехтерин жаптырганбыз, кыргыз соодагерлери аркылуу алууга өтүшкөн. Азыр болсо алардын келбей калганы бизге көп деле маселе жараткан жок. Тескерисинче, алар келбей калгандан кийин азыр “Дордойдо” соода жүрүшүп жатат”,-деди ал.

Кыргызстанда жеңил өнөр жай тармагындагы ири ишканалар кеминде 150нү түзөт. Мындан сырткары ыктыярдуу патент менен иштеген дагы сегиз миңдей жеке тигүүчү ишкер бар.

Алардын кайсы бир бөлүгү баары бир Тажикстанга товар сатчу. Так мына ошолор учурда зыянга батышты.

Бишкекте цех иштеткендердин бири Жанна азыр соодасы түшүп кеткенин белгилейт. Ал жүйөлүү себептерден улам фамилиясын атагысы келген жок.

Бишкектеги цехтердин бириндеги тикмечи кыздар.
Бишкектеги цехтердин бириндеги тикмечи кыздар.

“Мурда менде бардык эле кардарлар тажиктер болчу. Дээрлик бардык товарларымды ошолор буюртма менен алып кетишчү. Мен жакшы акча тапчумун, ошолор менен иштешип, керек болсо бир үй алып алсамбы деп, акча топтоп жаткам. Бирок азыр ошондой иш болбой калды. Эч кимисинен буюртма жок болуп жатат. Чек арадагы жаңжалга, кагылышууга байланыштуу азыр көбү аларды жек көрүп жатпайбы. Канча адам каза болду, канча апаат болду, түшүнөбүз. Бирок ушуну менен өмүр бою эле алар менен мамилени үзүп салбайбыз да, маселебизди чечип, бир күн баары бир кайра мурдагыдай ымалага келишибиз керек деп ойлойм”,-деди ишкер Жанна.

Жалпы сооданын санагы

21-майда аткезчиликке бөгөт коюу максатында Баткенде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин, Ички иштер министрлигинин, Бажы жана Салык кызматтарынан төрт ыкчам топ түзүлгөн. Алар чек арадагы мыйзамсыз соода жүгүртүүнү карамак.

Бирок ушул эле күнү Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Кыргызстандын бийлиги кыргыз-тажик чек арасын жапканын кабарлаган.

Марипов бул күнү кабыл алган токтомго ылайык, Тажикстандын жарандарынын Кыргызстандын аймагына киришине, болушуна, ары-бери жүрүшүнө жана Кыргызстандын аймагынан транзит аркылуу өтүүсүнө “убактылуу чектөө” киргизилген.

Улукбек Марипов
Улукбек Марипов

"Бүгүнкү күндө биз үчүн чек ара – эң маанилүү маселелердин бири. Бул маселени чечүү үчүн бардык күч-аракеттер жумшалууда. Биз аны сөзсүз түрдө чечебиз. Көйгөйлүү маселелер чечилгенге чейин Тажикстан Республикасы менен мамлекеттик чек ара аркылуу кыймылга убактылуу чектөөлөр киргизилген. Чек ара маселесин чечүү үчүн күч-аракеттер жумшалууда. Делимитация жана демаркация иштери аркылуу биз чек араны чыңдоо максатын койдук. Ал үчүн зарыл иштер аткарылып жатат. Бул жаатта жергиликтүү тургундардын ролу чоң. Ошондуктан элди сабырдуулукка чакырам”, - деп жазган Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов 21-майда “Фейсбуктагы” баракчасында.

Мына ушундан кийин кыргыз-тажик чек арасында ары-бери каттоо толук токтоду. Мунун айынан ушул күнү бир учак толо тажик жарандары кайра Дүйшөмбү шаарына кайтарылган. Азырынча чек ара качан ачылары белгисиз бойдон калууда.

Тажикстандан товар ташып келүү да токтогон. Чынында Кыргызстан менен Тажикстандын жалпы соода жүгүртүүсү акыркы жылдары арбып бараткан.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2019-жылы ал 67 млн. долларга чейин жетип, 2020-жылы коронавирус пандемиясынан улам артка кетип, 37 млн. долларга түшкөн. Бирок соода-сатыктын көбүн Кыргызстандын экспорту түзчү.

Кыргызстандын Тажикстан менен соңку беш жылдагы соода жүгүртүүсү. Кызыл сызык коңшуларга сатык, жашыл сызык коңшулардан сатып алуу.
Кыргызстандын Тажикстан менен соңку беш жылдагы соода жүгүртүүсү. Кызыл сызык коңшуларга сатык, жашыл сызык коңшулардан сатып алуу.

Маселен, 2021-жылдын январь-март айларында Бишкек менен Дүйшөмбүнүн алып-сатуусу 12 млн. 756 миң доллар болсо, мунун 10 млн. 755 миң долларлык товарын Кыргызстан коңшусуна саткан.

Экономист Эркин Абдыразаков кантсе да чек ара маселеси чечилгенге чейин канатташ жашаган тургундар чыдап турушу керек деп эсептейт:

Эркин Абдыразаков
Эркин Абдыразаков

“Негизи Кыргызстанга Тажикстандан көп деле нерсе келбейт. Алардын кулпунайысыз, же башка товарысыз деле оокат кылып турсак болот. Алма-гиластарды болсо алар тескерисинче бизден алышчу. Алар негизинен бизден күйүүчү май, курулуш материалдарды, айрым азык-оокаттарды мыйзамдуусун мыйзамдуу, мыйзамсызын контрабанда менен ташып кетишчү. Аны да биздин “азаматтар” жеткирип берчү. Биз ансыз деле Евразия Экономикалык Бирлигинде турабыз, Кытайга жолубуз ачык, буларга сата албай турган товарларыбызды ушул өлкөлөргө чыгарып турсак болот. Чек ара жана жол маселесин чечип алсак, буларга тең ата мамиле кылганга мүмкүнчүлүгүбүз ачылат. Ошондуктан азыркы шартты биздин калк, өзгөчө чек аралаш аймактарда жашаган калк түшүнүп, колдоп берип турушу керек”.

Улуттук статистика комитетинин изилдөөлөрүндө көрүнүп тургандай, Кыргызстан Тажикстанга негизинен мал-жандык, сүт, жумуртка жана башка азык-түлүктөрдү, кайра иштетилген, жарым фабрикат продуктуларды, картөшкө, пияз сыяктуу жашылчаларды, алма, өрүк сыяктуу мөмө-жемиштерди жана кургатылган жемиштерди сатат.

Тажикстандан болсо негизинен курулуш материалдары, пахта, кездеме, жашылча, мөмө жана жер-жемиштер, кургатылган жемиштер, алкоголдук ичимдиктер жана алкоголсуз суусундуктар, кийим-кечек жана башка нерселер алып келинет.

Мына ушул жагдайдан улам айрым адистер чек аранын жабылышынан эки тарап тең бирдей зыян тартарын эскертишкен.

Серепчи Нургазы Мусаев мурдараак мындай пикири менен бөлүшкөн:

Нургазы Мусаев
Нургазы Мусаев

“Биринчиден, Баткенде классикалык түрдөгү чек ара жок. Чек ара шахмат түрүндө жайгашкан, бир көчөнүн берки бети Кыргызстан болсо, аркы бети Тажикстан. Ал жерде кылымдардан бери келаткан соода алакалары бар. Анан экономиканын кайсы бир закондору бар, кайсы бир аймак каржылык жактан кызыгуу жаратышы керек. Анүчүн ал жерден товар өтүп турушу керек. Товар өткөн жерде кыймыл болуп, ошол жерде экономика көтөрүлөт да. Азыр эми кызуу кандуулукка алдырып, Тажикстан менен соода алакаларыбызды такыр эле токтотуп салсак, мындан эки тарап тең жабыркайт. Аларды блокадага алгандан кайра эле ошо чек арадагы өзүбүздүн эл кыйналат. Баткен толугу менен туңгуюкка кептелип калат, жашоо-шарт кыйындайт, жумушсуздук күчөйт. Биз Баткенден көмүр, тирүү мал жана башка нерселерди ал жакка сатпасак, анан каякка сатабыз. Азыр эмоция менен чечим кабыл алган туура эмес. Албетте, чек араны да такташ керек, аны тактап, чек араларды аныктап алгандан кийин керек болсо алакаларды дагы да күчөтсөк болот”.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда “Кулунду” (“Овчи-Калъача”), “Кызыл-Бел” (“Гулистон”), “Кайрагач” (“Маданият”), “Карамык” жана “Бор-Дөбө” (“Кызыл-Арт”) аттуу беш өткөрмө бекети бар. Ушул тушта чек арадан негизинен Кыргызстанда калып кеткен тажик жарандары жана Тажикстанда калып кеткен кыргыз жарандары гана өтүп жатат.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG