Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 16:20

Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын жапты


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан коңшулаш Тажикстан менен чек арасын убактылуу "толук" жапты. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кыргыз-тажик чек арасындагы олуттуу маселелер чечилмейинче, кыймылды токтотуу чечимин кабыл алганын билдирди.

Кыргызстандын бул кадамы чек араны чечүүдө канчалык таасир этет?

Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 21-майдагы токтомуна ылайык, Тажикстандын жарандарынын Кыргызстандын аймагына киришине, болушуна, ары-бери жүрүшүнө жана Кыргызстандын аймагынан транзит аркылуу өтүүсүнө "убактылуу чектөө" киргизилген.

"Бүгүнкү күндө биз үчүн чек ара – эң маанилүү маселелердин бири. Бул маселени чечүү үчүн бардык күч-аракеттер жумшалууда. Биз аны сөзсүз түрдө чечебиз. Көйгөйлүү маселелер чечилгенге чейин Тажикстан Республикасы менен мамлекеттик чек ара аркылуу кыймылга убактылуу чектөөлөр киргизилген. Чек ара маселесин чечүү үчүн күч-аракеттер жумшалууда. Делимитация жана демаркация иштери аркылуу биз чек араны чыңдоо максатын койдук. Ал үчүн зарыл иштер аткарылып жатат. Бул жаатта жергиликтүү тургундардын ролу чоң. Ошондуктан элди сабырдуулукка чакырам”, - деди Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов "Фейсбуктагы" баракчасында.

Жабылган чек арадан дипломаттар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү, эки өлкөнүн расмий органдарынан уруксат алган адамдар, эки өлкөнүн мекенине кайтып бараткан жарандары гана тоскоолдуксуз өтө алат.

Баткен облусундагы төрт чек ара бекети, Чоң-Алай районундагы бир чек ара бекети жабылган.

“Учурда кыргыз-тажик чек арасындагы “Кулунду-автожол”, “Кайрагач-автожол”, “Кызыл-Бел-автожол”, “Бордөбө-автожол” жана “Карамык-автожол” бекеттерине убактылуу чектөө киргизилген. Ага ылайык, аталган чек ара бекеттеринен адамдар, транспорт каражаттары, жүк өткөрүлбөйт”, - деди Чек ара кызматынын басма сөз катчысы Сажира Чоколоева.

Тажикстандын расмий органдары кыргыз бийлигинин чек арадагы кыймылды чектөө тууралуу акыркы чечими тууралуу пикирлерин билдире элек.

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 2-майда Баткен облусунун Максат айылында сүйлөп жатып, 112 чакырым талаштуу жер 9-майга чейин чийилип бүтөрүн айткан. Ал жерди келишимге киргизип, президенттер кол коюп, ратификациялагандан кийин демаркация иши башталарын билдирген.

Президент Садыр Жапаров 6-майда Баткенде эл менен жолугушууда чек ара чечилмейинче, Тажикстанга барбай турганын айткан.

Эки өлкөнүн топографиялык жумушчу топтору 5-9-май күндөрү Кыргызстандын Ош шаарында, 13-17-майда Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында жолугушуп, протоколдорго кол коюлган. Эки жолугушууда канча чакырым жер такталганы тууралуу маалымат айтыла элек.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында кол коюлган протоколдо Лейлек району чектешкен аймактарды тактоо камтылганын маалымдаган.

Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаевдин пикиринде, чек араны чийүү тажик тараптан создуктурулуп жатат.

Таабалды Тиллаев
Таабалды Тиллаев

“Биздин мамлекет, бийлик чек ара маселесин чечүүгө дайыма кызыкдарбыз. Тилекке каршы кошуналар тарабынан кызыгуу болбой жатат. 20-майга чейин кээ бир тилкелерди чийип бүтүрөбүз деди эле, бүгүнкү күнгө чейин бүтө элек. Ошол үчүн мындай кадамга барганыбыз туура эле”.

Чек ара жаңжалынан кийин Баткенде элдик кошуундар уюшуп, жергиликтүү эл чек араны жабуу, аткезчиликти токтотуу талабын койгон. Айрым чек ара аймактарында жүк ташыган унааларды жергиликтүүлөр өз алдынча текшерген учурлар катталган.

21-майда Баткен облусундагы күч түзүмдөрүнүн, бажы, салык кызматкерлеринен куралган ыкчам топтор түзүлүп, аткезчилик тобокелдиги жогору аймактарга жөнөп кеткен.

Эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы - 970 чакырым. Мунун 519 чакырымы такталган, калганы талаштуу бойдон турат. Баткен жана Лейлек районундагы Тажикстан менен чектеш талаштуу аймактарда айылдар, айрым жерлерде үйлөр да жакын же аралаш жайгашкан. Ошондуктан бул аймактарда чек араны, анын ичинде соода аткезчилигин көзөмөлгө алуу татаал иштердин бири.

Кыргызстан менен Тажикстан коңшу болгону менен экономикалык карым-катышы башка мамлекеттерге салыштырмалуу көлөмдүү эмес. Соода-жүгүртүүнүн басымдуу бөлүгүн кыргызстандык ишкерлердин товары ээлейт.

2021-жылдын январь-февралында Кыргызстандын Тажикстан менен болгон өз ара соода жүгүртүүсү 8,2 млн. долларды түздү. Мунун ичинде экспорт 7,1 млн. доллар, импорт 1 млн. доллардан ашык.

Эки мамлекеттин жалпы соода жүгүртүүсү 2019-жылы 67 млн. долларга чейин жетсе, 2020-жылы коронавирус пандемиясынан улам артка кетип, 37 млн. долларды гана түзгөн. Ошол эле кезде кыргыз-тажик чек арасында аткезчилик, көмүскө сооданын көлөмү жогору экени жогоруда айтылды.

Салыштыруу үчүн айтак, Кыргызстандын Өзбекстан менен соода жүгүртүүсү 2019-жылы $340 млн. долларды түзгөн жана пандемияда анын көлөмү азайган эмес.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстан Тажикстанга негизинен мал-жандык, сүт, жумуртка өңдүү азык-түлүктөрдү, кайра иштетилген, жарым фабрикат продуктуларды, картөшкө, пияз сыяктуу жашылчаларды, алма, өрүк сыяктуу мөмө-чөмөлөрдү, кургатылган жемиштерди сатат.

Тажикстандан болсо негизинен курулуш материалдары, пахта, кездеме, жашылча, мөмө жана жер-жемиш, спирт ичимдиктери жана алкоголсуз суусундуктар, кийим-кече жана башка нерселер ташылат.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда расмий статистикага киргизилген соода байланыштарынан тышкары алып-сатуу арбын экени белгилүү. Айрыкча күйүүчү жана майлоочу майдын аткезчиликтиги көп экени айтылып келет.

Баткен облусунун тургуну, чек ара маселелери боюнча эксперт Хаитали Акынов чек аранын жабылышына эл түшүнүү менен мамиле кыларын айтат.

“Бул убактылуу нерсе. Маселелер чечилгенде эки коңшу мамлекет ар тараптуу мамиледе болот. Экономикалык байланыш болуш керек, аны токтотуп коюу туура эмес болот”.

Жабылган жана чечилбеген чек ара

Саясий серепчи Айданбек Акматов кыргыз-тажик чек арасынын жабылышы Тажикстанга көбүрөөк зыян тийгизерин белгиледи. Бирок чек ара маселесин чечүүдө канчалык жардам берер экен деп турат.

"Бул чечимдин эки жагы бар. Биринчиси - кыргыз-тажик мамилеси начарлаганын көрсөтөт. Экинчиси - Кыргызстан эң башкы маселе катары чек араны чечип алалы деп, ушул жакка басым жасап жаткандай. Бирок мамлекет басымга жол бергиси келбейт. Тажикстандын тажрыйбасында мындай учур болгон. Өзбекстан блокадага алганына карабай, чегингенин көрсөткөн эмес. Кыргызстан аркылуу Тажикстан Кытай менен байланышат, ЕАЭБге товарларын чыгарат. Кыргызстан аркылуу жарандары каттайт. Тажикстанга кайсы бир деңгээлде бир топ басым. Тажикстан буга кандай реакция кыларын айтуу кыйын”.

Кыргызстандын Британиядагы мурдагы элчиси, дипломат Бактыгүл Каламбетова чек аранын жабылышынан эки өлкөнүн тең чек арада жашаган жарандары экономикалык жактан жабыр тартаарын, мындан улам бийлик бардык тарабын өлчөп чечим чыгарыш керек экенине токтолду.

“Орто Азия мамлекеттеринин деңизге жолу жок. Бири-бирибиздин аймагыбыздан өтүп, алака кылганга туура келет. Ошондуктан экономикалык өнүгүү үчүн эркин кыймылдап туруу шарт. Бизге окшогон мамлекеттерде коңшулар менен чек аранын иштеп турушу өтө зарыл нерсе. Чек араны жабуу чечимин кабыл алуу өтө оңой эмес чара. Бардыгын өлчөп, карап көрүп анан кабыл алышса керек. Бирок узап кетет деп ойлобойм”.

28-29-30-апрелде жана 1-майда болгон кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду, анын ичинде экөө бала. 180ден ашуун адам жаракат алды. Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жаракат алганы расмий түрдө жарыяланды.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG