Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 01:50

“Москва Бишкек менен Дүйшөмбүгө арачы болууга аргасыз”


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен орус президенти Владимир Путиндин Сочидеги жолугушуусу, 24-май 2021-жыл.

Орусия Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара маселелеринде канчалык бейтарап боло алат? Президент Садыр Жапаровдун орус бийлиги менен мамилеси кандай? Бул жана башка суроолорго Борбор Азия боюнча орусиялык эксперт, саясат таануу илиминин доктору Андрей Казанцев жооп берди.

- Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров акыркы үч ай ичинде экинчи жолу орус президенти Владимир Путин менен жолукту. Бул анын кыргыз-тажик чегиндеги жаңжалдан кийинки алгачкы чет өлкөлүк сапары. Сиз бул визиттин Кыргызстан жана Орусия үчүн маанисин жана максатын кандай чечмелеп жатасыз?

- Кыргызстан үчүн жакында кыргыз-тажик чек арасында чыккан жаңжалга байланыштуу Орусиянын позициясы маанилүү болчу. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун 9-майга карата Москвага келип, Путин менен кошо Жеңиш парадына катышканы Кыргызстанда “Орусия соңку жаңжалда Тажикстанга жакын позицияны алышы мүмкүн” деген сыяктуу кооптонууларды жаратып койгон.

Чек ара жаңжалы тууралуу Рахмон өзү этият сүйлөп келди. Бирок Тажикстандагы кайсы бир эксперттик топтор радикалдуу позицияларды карманып жатты. Алар “Кыргызстан анклавга байланыштуу кырдаалды Советтер Союзу маалында эле бир тараптуу жаратып койгон жана Тажикстандын аны оңдоого укугу бар” деген сыяктуу сөздөрдү айтышкан. Бул Борбор Азиядагы эксперттердин арасында “Тажикстан Кыргызстан менен согуш баштабайбы, мындай шартта Орусия Дүйшөмбүнү колдоп кетпейби” деген сыяктуу түкшүмөл суроолорго жем таштап койгон.

Тажикстандын Орусия менен байланыш түзүү маселесинде Кыргызстанга салыштырмалуу артыкчылыгы да болду. Бишкектеги саясий топтордун арасында бул жагдай кандайдыр бир тынчсызданууларга жол ачкан.

Эми Жапаров мындай камтамачылыкты четке какты. Андыктан бул визит ага эмне үчүн зарыл болгону түшүнүктүү. Орусиянын бул жаңжалды эки тарапка тең ылайык келгендей кылып чечүүгө жигердүү көмөктөшөрү тууралуу кепилдик алуу максаты болду.

- Ал эми президент Садыр Жапаровдун бул визитинин Орусия үчүн кандай мааниси бар? Москванын максаты эмне?

Орусия өзүн чөлкөмдө туруктуулукту жана тартипти камсыз кыла алган негизги оюнчу катары көрсөтүү кызыкдар.

- Орусиянын максаты деле ушундай. Москва Кыргызстан менен Тажикстан Орусияны жетиштүү деңгээлде бейтарап арбитр жана эки өлкөнүн диалог жолу менен орток пикир табышына кызыкдар тарап катары көрүшүн көздөйт.

Бул чөлкөмдөгү геосаясий маселелердин алкагында да маанилүү болуп турат. Себеби жакында “The New York Times” сыяктуу америкалык басылмаларда АКШ Ооганстандагы аскердик базаларын Борбор Азияга которууга даяр экендиги тууралуу макалалар чыккан. Андыктан Орусия өзүн чөлкөмдө туруктуулукту жана тартипти камсыз кыла алган негизги оюнчу катары көрсөтүү кызыкдар.

Анын үстүнө Кыргызстан да, Тажикстан да Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) мүчөлөрү. Бул уюмдун Борбор Азиядагы мүчөлөрүнүн арасында америкалык базалардын айланасында татаал бир саясий оюндарды баштоо ниети болгон эмес.

Путин менен тажик президенти Эмомали Рахмондун Москвдагы жолугушуусу, 8-май 2021-жыл.
Путин менен тажик президенти Эмомали Рахмондун Москвдагы жолугушуусу, 8-май 2021-жыл.

- Сочидеги жолугушууда Путин орус тарап кыргыз-тажик чек арасындагы маселелерди чечүүгө өзүнө көз каранды болгон бардык аракетти көрө турганын айтпадыбы. Орусия чек ара маселесинде эки өлкөнүн ортосундагы арачы болгусу келет десек болобу? Москва бул багытта кандайдыр бир жыйынтык чыгара алабы?

- Менимче, Орусия бул маселеде арачы болууга аргасыз. Азыр деле аны арачы деп айтсак болот. Рахмон да, Жапаров да Бээжинге, Вашингтонго же Брюсселге барышкан жок да. Экөө тең Москвага барышты.

Андыктан экөө тең Путинди бул чырды чечүүгө көмөктөшө турган адам катары көрүшөт. Себеби эки өлкө тең ЖККУнун мүчөлөрү, экөө тең Орусиянын курал-жарактарын алышат. Эки мамлекетте тең Орусиянын аскердик базалары жайгашкан. Албетте, Орусия бул чырды эки тарап ыраазы болгондой кылып чече албайт. Баары бир кимдир бирөө канааттанбай калышы мүмкүн.

Бирок Орусия согуш болбошун камсыз кыла алат. Менимче, бул негизги жагдай. Анын үстүнө Вашингтон, Бээжин жана Брюссел сыяктуу ири оюнчулар коңшу Ооганстандагы кырдаалды эске алганда, Борбор Азияда согуш чыгышын каалашпайт. Мындан улам алар Москвага арачылык кылууга бөгөт болушпайт.

- Өткөн аптада орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен тажик кызматташы Сироджиддин Мухриддиндин жолугушуусунда эки тарап аскердик кызматташтыкты улантууну макулдашканы кабарланган. Кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу маселелерде Орусия чынында бейтарап арачы болот алат деп айтууга болобу?

- Ал бейтарап. Себеби, эки тарап тең Орусиядан аскердик жана экономикалык жардам алып жатышат. Эки өлкө тең ЖККУнун мүчөлөрү катары Орусиядан ички баа менен курал-жарак алышат. Орусия эки тарапка тең жеңилдетилген баадагы күйүүчү май өңдүү экономикалык жардамды көрсөтөт. Эки тарап тең бирдей.

Кыргызстандын артыкчылыгы - ЖККУ менен бирге Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ)мүчө болгону. Бирок Тажикстанга деле бул биримдикке байланыштуу кандайдыр бир жеңилдиктер берилген.

Буга тажик жарандарынан Орусияга кирүү үчүн эч кандай виза талап кылынбаганын мисал келтирсе болот. Тажикстан ЕАЭБдин мүчөсү болбогонун эске алганда Москва мындай талапты деле кое алмак.

Андыктан Орусия бул чырда нейтралдуу тарап. Москва мындай жаңжалдын чыгышына кызыкдар эмес. Себеби эки өлкө тең ЖККУнун мүчөлөрү жана уюмга мүчө эки мамлекеттин жаңжалдашуусу ЖККУга абийир алып келбейт.

- Президент Садыр Жапаров алгач ирет Орусияга барып келгенден кийин Владимир Путин менен өзү “ойлогондон да жакшы мамиле түзө алганын” айткан. Орус бийлигинин Кыргызстандын президенти менен мамилесин сиз кандай мүнөздөйт элеңиз?

- Алгач Садыр Жапаров менен байланыштуу болбосо да, Кыргызстандагы ыңкылапка байланыштуу кандайдыр бир маселелер болгон. Кыргызстанда Украинадан да, Грузиядан да, Армениядан да көбүрөөк революция болбодубу. Үч ыңкылап. Орусия постсоветтик чөлкөмдөгү революцияларды туруктуулукка шек келтирген башкы коркунуч деп эсептейт.

Андыктан ыңкылаптын шары менен бийликке келген адам катары Жапаровго этият мамиле кылышкан. Бирок кийинчерээк, ал өзү айткандай, Орусиянын жетекчилиги менен орток пикир таба алды.

Чек ара чырынан улам Орусия менен байланышуу маселесинде кимдин кандай артыкчылыгы бар экенин айта турган болсок, Рахмондун Путин менен узактан бери келе жаткан карым-катышы бар. Алар бири-бирин жакшы билишет. Көп ирет жолугушкан. Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө болгонуна байланыштуу артыкчылыгы бар.

- Расмий маалыматка ылайык, эки лидер Сочиде чек арадан тышкары Кыргызстан менен Орусиянын кызматташтыгына, пандемияга жана вакцинага байланыштуу бир катар маселелерди талкуулашты. Корутундулай турган болсок, сиз Путин менен Жапаровдун жолугушуусунун жыйынтыгына кандай баа бердиңиз?

- Негизги жыйынтык маалымат каражаттарына жарыяланды. Орусия эки өлкө ортосундагы тынчтыкка кызыкдар бейтарап арачы боло турганын жарыялады. Менимче, мындай билдирүүдөн кийин региондогу ири оюнчулар деле жеңилдей түшсө керек.

Тажикстандагы жарандык согушту көптөгөн эл аралык оюнчулардын коалициясы жөнгө салган. Тынчтык сүйлөшүүлөрүнө Орусия, АКШ, Иран да катышкан. Мындай коалицияны дагы кайсы жерден кездештирсе болот?

Мындан улам Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы олуттуу бир карама-каршылыкка кимдир бирөө кызыкдар болбосо керек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG