Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 06:45

Рахмон-Путин кездешүүсү, талкууга түшкөн тасма


Эмомали Рахмон жана Владимир Путин. 8-май, 2021-жыл. Москва.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Орусия президенти Владимир Путин менен жолугушууда кыргыз-тажик чек арасындагы маселени тынчтык жолу менен чечүүгө кызыкдар экенин маалымдады.

Ал ортодо апрелдин аягында "Баткенде болгон чатакта тажикстандык куралдуу кызматкерлер Кыргызстандын аймагында жүрөт" делген видео тарады.

Москвадагы сүйлөшүү

Эмомали Рахмон Владимир Путин менен 9-май - Жеңиш күнүнө карата Москвага сапарынын алкагында кездешти. Тараптардын жолугушуусу 8-майда өттү.

Тажикстандын президентинин расмий сайты жазгандай, сүйлөшүүлөрдө соода-экономикалык, инвестициялык жана башка аймактык маселелер тууралуу кеп болду. Мындан тышкары Тажикстан менен Ооганстандын жана Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара маселелери да козголду.

Эмомали Рахмон "бардык маселени тынчтык жолу менен чечүүгө кызыкдар экенин" белгилеген. Бирок расмий таратылган видеодо Эмомали Рахмондун жалпы гана сөздөрү келтирилди:

"Урматтуу Владимир Владимирович, бүгүн сиз менен эки тараптуу кызматташууну жана анын келечегин, ошондой эле сиз айткандай эл аралык жана аймактык маселелерди, биринчи кезекте коопсуздук маселесин талкуулаганга даярмын. Анткени, бул азыр биринчи кезектеги маселе. АКШ аскерлерин чыгарып кетүү тууралуу билдирип, жарымын алып чыгып кеткенден кийин азыр Ооганстандын өзүнүн ичинде абал кыйла оорлоп кетти”,- деди ал.

Ошол эле маалда орус президентинин расмий сайтында эки мамлекет башчынын сүйлөшүүсүндө кыргыз-тажик чек арасындагы абал талкууланганы жазылган жок. Путиндин сөздөрүндө да бул жөнүндө маалымат айтылбайт.

Мурдараак Орусия президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков жолугушууда тараптар кыргыз-тажик чек арасында он күнчө мурдараак орун алган чатакты талкуулай турганын айткан эле.

Орусиялык саясат талдоочу Аркадий Дубнов “Фейсбуктагы” баракчасында жазган постунда Путин менен Рахмон кыргыз-тажик чек арасындагы маселени эл алдында атайын ачык талкуулаган жок билдирди.

Аркадий Дубнов
Аркадий Дубнов

"Мындай караганда, бири-бири менен жаңжалдашып кеткен мамлекеттердин биринин президентинин Москвага келиши экинчи мамлекетте кабатырлануу жана кызганыч менен кабыл алынат. Кыргызстанда Орусия бул шартта "көбүрөөк Тажикстанга лоялдуу карап жатат, анткени Ооганстан боюнча жаңы саясатта, ал жактан америкалык аскерлердин чыгарылышынын алдында аны негизги өнөктөш катары көрөт" деп эсептешет. Башкысы, мында Ооганстан боюнча иш алып баруу үчүн, АКШнын аскердик түзүмдөрүнө аянтча болуп бербеш үчүн Дүйшөмбү менен биринчи сүйлөшүп алууга умтулуу да турат. Буга байланыштуу мурдараак Орусиянын коргоо министри Шойгунун Тажикстанга келип, абадан коргонуу боюнча жаңы бирдиктүү система түзүү жөнүндө келишим түзүп кеткенин да эстеп коюш керек. Мында кызыкчылыктар чоң жана катачылыктарга жол бербеш керек. Ошондуктан эки өлкөдөгү душмандашып калган атмосфераны дагы да курчутуп жибербөө жана козгобоо чечими кабыл алынды окшойт. Ошол себептүү Москва конфликттин бир тарабын колдоп жатат деген таасир калтырбаш үчүн, Путиндин тажик коногу менен сүйлөшүүсүнүн протоколдук бөлүгүндө бул жөнүндө таптакыр сөз кылбай коюу чечими кабыл алынган”,- деп жазган ал.

Рахмон менен жолугушууда Орусиянын президенти Владимир Путин Тажикстанга колдоосун билдирди:

"Биз сизди колдоо үчүн баарын жасайбыз. Республикада орусиялык Куралдуу күчтөрдүн 201-базасы бар. Биз аны күчтөндүрүү, тажик армиясын күчтөндүрүү боюнча иштеп жатабыз".

Чуулуу тасманын баяны

Бул арада Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда болгон кагылышууга байланыштуу делген жаңы видео тарады. Анда Тажикстандын Куралдуу күчтөрү, аскердик техникалар жана бир катар транспорттор кыргыз айылынын жанында турат. Тасма кайсы күнү тартылганы белгисиз.

Кыргызстандын “Политклиника” сайты фактчекинг жүргүзүп, видео жаңжал маалында тартылганын, тажик аскерлери Баткен облусунун Лейлек районунун Максат айылында жүргөнүн аныктап чыкты. Буга аскерлер турган жердеги “Максат айылы” жана “Анарбай ата” деген жазуулар негиз берет.

Маалыматтарда тасмадагы аскерлердин арасында Тажикстандын Ички иштер министрлигинин генерал-майору Мухаммадзода Хуршед Изатулло да бар.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты, ички иштер министринин мурдагы орун басары Кубанычбек Кадыровдун оюн угалы:

Кубанычбек Кадыров
Кубанычбек Кадыров

“Бул эски эмес, жаңы видео экени көрүнүп турат. Артында айылдын аталышы турбайбы. Менин байкашымча, булар өтө катуу куралданыптыр, экипировкасы башкача бирдемеге эсептелгендей. Бул ишке жок эле дегенде бир-эки ай даярданышкандай. Министрдин орун басарынын жанында снайперлери да жүрөт. Куралдарынын көбү Орусияныкы экени байкалат. Эми Орусия дүйнөдөгү 70-80дей мамлекетке курал-жарагын сатат да, ал таң калычтуу эмес. Бирок снайперлери башка өлкөнүкү экени байкалып турат. Машинелери болсо жапониялык үлгүдө экен. Ооганстанда, Иракта, Сирияда жүргөн, атайын ыңгайлаштырылган машинелер”.

Бул тасмага байланыштуу Тажикстандын расмий органдары билдирүү тарата элек. Мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин да маалыматы чыккан жок.

Мурдараак бир катар кыргызстандык эксперттер бийликти эл аралык уюмдарга кайрылууга чакырып чыгышкан. Буга жабыр тарткан объектилердин фото-видеолорун далил болуп берери маалымдалган. Алар тажик күч түзүмдөрүнүн аракети тартылган видеону да эл аралык иликтөөгө жиберүүнү сунуштап жатышат.

“Чек ара” коомдук бирикмесинин өкүлү, активист Асхат Осмонов буларга токтолду:

Асхат Осмонов
Асхат Осмонов

“Муну азыр көбү чек ара жаңжалы деп мүнөздөп жатпайбы, жок, бул жөн гана локалдык чатак эмес. Бул ачык эле тажик тараптан үстөмдүк кылып, чек араны бери көздөй жылдыруу аракети. Орто кылымдын ыкмасын колдонуу. Ошондуктан, биз муну эл аралык коомчулукка айтып, көтөрүшүбүз керек. Тажикстанга салыштырмалуу биз демократиялуу мамлекетпиз да, дүйнөлүк коомчулуука коңгуроо кагышыбыз керек. Антпесек, биз утулуп калабыз. Түз конфликтке барсак, чоң жаңжал чыгып кетчүдөй болуп турат. Окуя башталгандан берки бардык фото-видеолорду таратышыбыз керек. Кол салууга алардын аскерлери да аралашып жатканын, жаңы чыгып жаткан видео жана башка нерселерди колдонуп, күрөшүүбүз кажет”.

Кыргызстандын Чек ара кызматы тажик тарап ок атууну "биринчи баштаган" жана “чек арага кирип келген” деп билдирген. Тажик бийлиги болсо кыргызстандыктарды "башка мамлекетке каршы куралдуу күч колдонгон" деп айыптаган жана кыргыз-тажик чек арасындагы окуяны "агрессия" деп сыпаттаган.

Эки өлкөнүн Башкы прокуратуралары кылмыш ишин ачып, иликтөө жүргүзүүдө.

Аскердик эксперт Мурат Бейшенов төмөнкүдөй ой бөлүштү:

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда өрттөнгөн үй. Баткен, Кыргызстан.
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда өрттөнгөн үй. Баткен, Кыргызстан.

“Соңку видеону мен комментарийлей албайм. Анткени азыр адамдардын баарында телефон бар, балким фейк видео да болуп калышы ыктымал. Бирок жалпы жаңжал боюнча айтсам, азыр бизди мурунга урду, эми дагы унчукпай койсок, анда андан да кыйын болот. Сөз жок, биз азыр БУУга жана башка уюмдарга кайрылып жатабыз, бирок башка нерселерге даяр болшуубуз кажет. Азыр өкмөт Лейлекте аскердик позицияны чыңдап, аскердик шаарча куруу жана башка аракеттерди көрүп баштады. Мына ушуну 30 жыл мурда, 20 жыл мурда жасаш керек эле. Азыр бардык аскердик түзүмдөрүбүздү Баткенге, чек арага жакын жерге которушубуз керек".

28-29-30-апрелдеги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду, анын экөө балдар. 180ден ашуун адам жаракат алды. Баткен облусунда 70тен ашык жеке турак жай кыйрап, өрттөлүп, мектеп жана чек ара бекети сыяктуу мекемелердин имараттары зыянга учураганы жана аймактагы 58 миңге чукул адам жашаган жерин таштап кетүүгө аргасыз болгону кабарланды.

Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жаракат алганы расмий түрдө жарыяланды. 15 миңге чукул жергиликтүү тургун коопсуз жайларга эвакуация болгону айтылды.

Согд облусунун бир нече айылында 14 турак-жай толук бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы маалымдалды.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG